Климат өзгөрүп жаткан шартта шаарларга кандай бак-дарактар керек?
Бул суроолорго Улуттук илимдер академиясынын геоботаника жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары лабораториясынын илимий кызматкери Ормон Султангазы жооп берет.
- Ормон мырза, сиз токой боюнча адис экенсиз. Мына биз борбордун машинелер эң көп жүргөн көчөсүндө, жол жээктеги бактардын арасында турабыз. Бишкекке кандай өсүмдүктөр керек?
- Бизге азыр зыяндуу газдарга жана башка факторлорго туруштук бере алган бак-дарактар керек. Ошону алдын ала пландасак жакшы болмок. Өзүңүз көрүп турасыз, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да климат өзгөрүп жатат. Анын таасири бак-дарактарга да тийүүдө. Алдыдагы 10-20 жылды эске алып, ушул баштан ысыкка чыдамдуу өсүмдүктөргө басым кылганыбыз оң.
Мурда борборго кара жыгач, гледичия, эмен, ясень, акация дарактары отургузулган. Бирок өзүңөр көрүп жатасыңар көбү климаттын өзгөрүшүнө туруштук бере албай, бир жагынан зыянкечтер каптап, куурап жатышат.
Борборду көрктөндүргөн "Бишкек жашыл курулуш" мамлекеттик ишканасы Гареев атындагы ботаникалык бак менен кызматташат. Ошол жерде иштеген илимпоздордун сунушу менен шаар ичине көчөттөр отургузулат.
Бирок жеке пикиримде карталарды даярдоодо, пландарды иштеп чыгууда жергиликтүү эл, жарандык коом менен дагы кызматташуу керек. Анткени эл өзү жашаган аймактын сырын билет, экинчиден, тигилген дарактарды сугарып, карап турат.
- Абалды оңдош үчүн эмне кылыш керек?
- Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын алыш керек. Англияда же Европада 20 жылдан кийин биздикиндей аба ырайы болот деген божомолдор бар. Алар ошого даярданып, кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү изилдеп, эксперимент кылып өстүрүп жатышат. Британ илимпоздорду бизге келип да кетишкен.
Бизде түштүктө шум дарак деген бар. Ысыкка чыдамдуу, көлөкө дагы берет. Чычкан капчыгайында өскөн афлатуния жазында сакурадай эле гүлдөйт. Жапайы бадам, ак чечек бар. Андан тышкары бизде арчанын алты түрү өсөт.
Менин пикиримде, шаарды жашылдандырууда жергиликтүү түрлөргө басым жасашыбыз керек. Алар биринчиден климаттык шартка ыңгайлашкан, экинчиден биотүрдүүлүктү сактоого жардам берет.
- Арча демекчи, бизде туя көп го. Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр да бар. Алардын шаарга пайдасы барбы?
- Шаарда ошол туялар популярдуу болуп жатат. Анын эстетикалык көрүнүшү жакшы болгону менен арчадай же карагайдай функцияларды аткара албайт. Мисалы, көлөкө бербейт, абаны жакшы тазалабайт же чымчык уя салбайт дегендей.
Тянь-Шань карагайы - бул тоонун өсүмдүгү. Деңиз деңгээлинен 1600-1700 бийиктикте өсөт. Бишкекте ал абдан кыйналып өсөт. 30-40 жылда араң үч же төрт метрге жетиши мүмкүн.
Изилдөөлөргө карасак, ийне жалбырактуулар чаңдын майда бөлүкчөлөрүн, айрыкча PM 2.5 бөлүкчөлөрүн өзүндө кармап калат экен. Кийин чаң жаан менен кошо жерге түшүп, жерге сиңип кетет. Кышында жазы жалбырактуу дарактар уктайт да, ошол кезде ийне жалбырактуулар кара түтүндү сиңирип, чоң роль ойнойт.
Айрыкча, кызыл карагай менен арчаны жол жээгине, парктарга башка бак-дарактар менен аралаш отургузуу жакшы натыйжа берет. Жана айткандай бизде арчанын алты түрү өсөт, алар ысыкка эле чыдамдуу болбостон, жыт чыгарып, вирустарды өлтүргөн касиетке да ээ. Айрым илимий изилдөөлөрдө арчанын айланасына кене дагы жолобосу айтылган.
"Айлант Арстанбапка жетти"
- Өткөндө жергиликтүү медиалардын бирине шаар тургундары арызданды. Бишкекте айлант же уксус дарагы көбөйүп жаткан экен. Ал пайдалуу өсүмдүкпү?
- Бул өсүмдүк көбөйүп кеткени ырас. Алар өсүп турса, Бишкек жашыл шаардай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул жаңылыш түшүнүк. Айлант же уксус дарагы абдан агрессивдүү түр. Ал өскөн жерде башка көчөттөр өнбөйт. Анткени көлөкөсү менен басып, тамыры топурактагы пайдалуу заттарды, нымды тартып алат. Эгер ушул темп менен кете берсе, шаардагы көп бак-дарактарды жоготуп алабыз. Кийин болгон айлантты тазаласак деле борбор какырайып калышы мүмкүн.
Айлант өзү жер тандабаган өсүмдүк, сууну көп талап кылбайт. Саал эле шарт болсо чыга берет. Жыты жагымсыз, мал дагы жебейт. Азыр бир эле Бишкек эмес, Кыргызстандын бүтүндөй аймагына тарап жатат. Арстанбап токоюнун ичине чейин кирип баратат. Азыр жок кылбасак, уникалдуу токойдон кол жууйбуз.
- Азыр шаарда павлония же кыргызча айтсак, кут дарагы мекемелердин жана үйлөрдүн астында өсүп турганын көрүп калабыз. Ал деле жергиликтүү өсүмдүк эмес да.
- Павлонияны жаңы отургузуп жатышканда курулушка пайдасы тиет дешкен. Бирок андан бери 10 жылдай өттү. Ысык-Көлдө чоң бак пайда болду. Бирок ал жердеги павлониялар курулушка же эмерекке керектүү жыгач бердиби? Суроо-талап жок да. Павлония сууну, кара топуракты талап кылган өсүмдүк. Мелүүн жерге жакшы өспөйт. Экинчиден, аны отургузуу этияттыкты талап кылат. Бара-бара ал дагы айлантка окшоп, жергиликтүү түрлөрдү сүрүп чыгарышы мүмкүн.
Негизи сырттан көчөт алып келип жатканда илимий корутунду, көзөмөл болуш керек. Анын кандай өсүп жатканы, пайдасы барбы же жокпу деген суроого жооп болушу зарыл.
Андай болбосо кесепети оор болот. Ошол эле уксус дарагын дагы кимдир бирөө алып келген да. Азыр шаардагы кара жыгач, теректерди "өзбек усачы" деген коңуз жеп жатат. Ал климаттын өзгөрүшү менен экинчиден көчөт аркылуу коңшу өлкөдөн ооп келген. Ал дарактарды кыйгандан башка айла жок. Ошол эле Европадан алма көчөтү менен күйүк деген бактериалдык оору кошо келген. Азыр ал жергиликтүү алма, алмурут бактарына тарап жатат. Алмуруттун түшүмдүүлүгү азайып кетти. Ошону менен катар алманын дагы жапайы түрлөрүн жоготуп алышыбыз мүмкүн.
"Бадалдар уулуу газдарды соруп алат"
- Шаар ичинде мурда бадалдар дагы көп эле. Соңку кезде алар азайып кеткендей туюлат. Деги эле бадалдар шаарда кандай милдетти аткарат?
- Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бадалдар шаарда калкандын милдетин аткарат. Азыр көрүп турасыз, машинеден чыккан түтүн түз эле келип жатат. Эгер бадал болсо аларды тосуп, адамга зыяны көп тиймек эмес.
Бак-дарактар ичинен катар-катар болуп бөлүнөт да. Бадалдар ошол биринчи катарда туруп, көмүр кычкыл газын сиңирип алат. Бадал жок жерде газ абага жайылып, жогору карай кетет. Ошол жерден аны бийик дарактар тосуп калат. Бирок аларды жолдун жээгинен саал алысыраак, бадалдардан кийин тиккен оң.
Андан тышкары ошол жердеги микроклиматты түзүп, нымдуулукту сактайт. Айрым бадалдардын мөмөлөрү чымчыктарга жем болот. Булар өзү жапыз болгону менен шаардын климаты үчүн чоң милдетти аркалайт.
- Негизи бакты ар бир беш жылда отургузуп туруш керек дешет го. Эгер дарак картайып куласа, ордуна кийин тигилгени өсүп турат дешет. Бул боюнча оюңуз кандай?
- Ошондой тажрыйба бар. Бак-дарактар жыш болсо, бири-бирине өскөнгө жардам берет, ысыкта карт дарактар жаш көчөттөрдү сактап калат. Бишкекте тилекке каршы көп жерлерде көчөттөр ачык жерде тигилип турат. Аларга жетилүү кыйыныраак болот, анткени нымдуулук аз, күн көбүрөөк тиет дегендей.
Бизге негизи бутактары жоон, бийик дарактар көбүрөөк керек. Алар узагыраак жашагандыктан, ар бир беш жыл сайын тигүүнүн кажети жок. Ал дарактар көлөкө берет, ошол жердеги нымдуулукту сактайт, жаандын суусун өзүнө сиңирип алат.
Мына биздин жаныбызда турган катальпаны алалы. Муну ачык талаага эксек, балким өнбөй калмак, бирок жанында карт дарактар көлөкө берип, суу келгендиктен жакшы өсүүдө. Жалбырактары жазы болгондуктан көмүр кычкыл газын сиңирип, чаңды кармап турат.
Бирок катальпа жергиликтүү өсүмдүк эмес. Соңку жылдары бизге Европанын мелүүн, нымдуу климатына ыңгайлашкан бак-дарактарды отургузуп жатышат. Менимче, алардын кургак аба ырайына көнүшү кыйын.
Жогоруда айткандай, Европанын окумуштуулары азыр биздеги кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү изилдеп жатышат. Ошон үчүн өзүбүздүн жергиликтүү түрлөргө басым кылсак жакшы болмок. Үчүнчүдөн, бакты тиккенден кийин сугарып, куураган бутактарын кесип, дарылап караш керек. Ошол эле учурда топуракты байытып туруш керек. Көчөт эгүүдө жарандык коом менен макулдашуу жакшы таасир бермек. Эл өзү тиккен көчөттү сугарып, коргоп турмак.
"Газон жакшы, бирок..."
- Шаарга мөмө берген бадалдар да керек деп калдыңыз. Андан тышкары жергиликтүү чөп-чарлар да керек болсо керек. Соңку кезде баарын эле газон басып кеткендей туюлат...
- Акыркы жылдары шаарда чымчыктар, жаныбарлар азайып кетти. Анткени алардын тамагы азайып кетти да. Мурда эсиңизде болсо керек, Ахунбаев көчөсүндө жапайы алмалар, алмуруттар өсчү. Алар сонун болуп гүлдөчү. Анын баары чымчыктарга тамак-аш болчу да. Ошон үчүн жашылдандырууда жергиликтүү түрлөрдү көбүрөөк тигиш керек.
Жергиликтүү гүлдөр, чөптөр жергиликтүү курт-кумурска, көпөлөктөргө керек. Алар топуракты жакшыртат, өсүмдүктөрдү чаңдаштырат дегендей. Бул газонду алар кантип жейт? Жергиликтүү гүлдөрдү, бадалдарды же чөптөрдү эксек, жана айткандай, биотүрдүүлүккө салым кошобуз да. Азыр Европада пестициддерди колдонбой калды. Анткени алар пайдалуу курт-кумурскаларды өлтүрөт экен. Ал эми курт-кумурскалар кайра эле чымчыктарга жем болот.
Газондор керек албетте, булар дагы чаңды абага көтөрбөй кармап турат. Бирок жергиликтүү чөптөр да болушу керек.
- Шаардагы скверлердин топурагы былтыртан тарта жаңырып жатат. Бишкектин топурагы чындап эле жакшыртууга муктажбы?
- Бишкектин көп жери сары топурактуу, таштак келет. Бак өскөн жердеги топуракты колдон келсе байытыш керек. Кантип? Биринчиден, күзүндө түшкөн жалбырактарды ордунда калтырыш керек, Алар чирийт, курт-кумурскага жем болот, сөөлжандар көбөйсө, топурактын курамы дагы жакшырат. Эгер жалбырактарды тазалап кетсек, ал жердеги топурак кычкылданат, өсүмдүк кыйналат. Андай учурда керектүү микроэлементтер калышы үчүн кошумча жер семирткичтерди берүүгө туура келет.
- Мына азыр октябрь айы соңуна чыгып калды. Бирок шаар ичиндеги көп дарактардын жалбырагы жашыл бойдон турат. Бул быйыл сууну көп ичкенге байланыштуу эмеспи?
- Негизи бак-дарактарды жаз-жай айларында сугарган оң. Күзүндө азыраак сугаруу керек. Анткени булар жалбырагын таштап, уктап, кышка даярданат. Көп сугара берсе, ошол жерде козу карындар пайда болуп, бак-дарактарды оорутушу мүмкүн. Экинчиден, өсүмдүктүн тамыры дагы дем алат. Көп суу ичкен жерде тамырга кычкылтек барбай, өлүп калышы мүмкүн.
Азыр байкашымча, көп көчөт отургузулуп жатат. Бул бир чети туура, убакытты үнөмдөйт. Анткени жазында күн тез ысып кетсе, көчөт көктөөгө жетишпей калат. Ошон үчүн дарактар уктап жаткан кезде отургузуу жакшы.
Бирок даракты тигип коюу менен эле маселе чечилбейт. Ал көчөттөр көктөп, өзүнүн экосистемалык функциясын аткарууга тийиш. Көчөттү отургузган адамдар, компаниялар милдетти алгандан кийин андан ары өнүп кетишине көз салышы керек. Көчөт отургузуу баарынын эле колунан келет, бирок анын түпкү максатына жетиш жоопкерчиликти талап кылат.
"Бишкек жашылдандыруу ишканасынын" маалыматында, борбордо былтыр 4 миңге жакын бак кыйылган. Быйыл 1800гө жакын куураган бак-дарак кыйылып, ордуна 25 миңге жакын бак-дарак отургузуу пландалууда.
2026-жылдын тогуз айында 11 миң 500 даана бак-дарак отургузулган.
Мекеменин жетекчиси Адилет Абылбековдун айтымында, Бишкекке Илимдер академиясына караштуу ботаникалык бактын илимпоздорду сунушу менен он чакты бактын түрлөрү отургузулууда. Алардын арасында айлант жана павлония дарактары жок.
Шерине