Казак чек арасынан өтүүгө электрондук уруксат берген QazETA системасы 1-ноябрда ишке кирди

Кыргыз-казак чек арасы.

1-ноябрдан тарта Казакстанга кирүүгө электрондук уруксат берүүчү QazETA системасын ишке киргизүүнүн кезектеги этабы башталды.

Алгачкы этапта система Актау эл аралык аэропортунда жана "Үрлүтөбе", "Аухатты", "Атамекен", "Нурлы Жол" өткөрмө бекеттеринде иштей баштайт.

Жаңы тартип өлкөгө визасыз кирген чет өлкөлүктөргө, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.

Электрондук өтүнмө өлкөгө кирерден кеминде 72 саат мурда QazETA санариптик платформасы аркылуу берилиши керек. Электрондук уруксатты алуу акысыз жана ал 180 күнгө чейин жарактуу.

2027-жылдын 1-январынан тартып система Астана жана Алматы шаарларынын эл аралык аэропортторунда, ал эми 1-марттан тартып калган өткөрмө бекеттерде колдонула баштайт. 1-июлдан тартып тиешелүү талаптарга жооп берген адамдар уруксат алууга милдеттүү.

Расмий график жана шарттар Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган.

Ага ылайык, уруксат алуу талабынан 16 жашка чейинки балдар жана 65 жаштан жогоркулар, визасы, убактылуу жашоого уруксаты (РВП) же туруктуу жашоого уруксаты (ВНЖ) бар адамдар, аэропорттун транзиттик аймагынан чыкпаган жүргүнчүлөр, дипломаттар жана расмий делегациялар, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар менен экипаж мүчөлөрү бошотулат.

Маркумдун сөөгүн алып бараткан жарандарга да мындай уруксаттын кереги жок.

Буга чейин ЕАЭБге мүчө Орусия дагы 30-июндан тартып мигранттарды көзөмөлдөгөн дагы бир тиркемени – RuID’ни ишке салган. Ага ылайык, Орусияга кирүүнү каалагандар эң кеминде 72 саат мурда тиркемеден арыз толтурушу керек. Аны колдонууга чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер милдеттүү. (ST)

Дагы караңыз

Кыргыз-казак алакасын баяндаган "Куюн доор" романынын таанытымы өтөтОрусия түндө Украинаны карай 400дөн ашуун дрон учурдуЭмчек рагына чалдыккан аялдарга колдоо көрсөткөн "Жашоо үчүн бирге" уюмунун мүчөлөрү көчөт отургузуштуӨзбек блогери эркектин моюнуна каргы такканы үчүн сынга кабылды