Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Кыргыз-казак алакасын баяндаган "Куюн доор" романынын таанытымы өтөт

Олжобай Шакирдин "Куюн доор" романынын таанытымынын программасы.
Олжобай Шакирдин "Куюн доор" романынын таанытымынын программасы.

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин "Куюн доор" тарыхый романынын таанытымы өтөт.

Автордун "Азаттыкка" билдиришинче, 2016-жылы жарык көргөн чыгарма кайра оңдолуп, толукталган.

Анда кыргыз-казактын абалтан келе жаткан мамилеси, эки элден чыккан таасирдүү адамдардын кызматташтыгы жана касташуусу, орус падышалыгынын түрк тилдүү элдердин ортосуна кантип жик салганы, совет өкмөтүнүн Борбор Азиянын жашоочуларынын эс тутумуна кантип так салганы баяндалат.

"Мен 2016-жылы эле китептин бет ачарында бул чыгарманы өмүр бою жазам деп айткам. Дээрлик он жылдан бери оңдоп келем. Автордук баяндоолордун баарын диалог форматына салып чыктым. Драмалаштырып, көркөмдөп, ичим чыкпаган жерлерин оңдодум. Бул китепти казак боордоштор да которобуз деп жатышат. Китеп тууралуу монографиялар да жазылган. Романда баш каарман жок. Бул адам тагдыры тууралуу геосаясий өңүттөгү чыгарма", - деди Олжобай Шакир.

Китептин таанытымы 7-ноябрда, Ата-бабаларды эскерүү күнүндө "Дасмия" ресторанында өтөт. Иш-чара адабий талкуу, аукцион менен коштолуп, кыргыз адабиятынын бүгүнкү абалын билүү, окурмандар менен таанышуу максатын көздөйт.

56 жаштагы Олжобай Шакир коомдук-саясий маселелер боюнча дагы пикирин билдирип келет. 2023-жылы элди онлайн митингге чакырганы үчүн камакка алынып, 2024-жылы октябрь айынын башында үч жылдык пробация менен эркиндикке чыккан.

Абакта жатканда “Акын жана өкүм” поэмалар жыйнагы баштаган бир катар чыгармаларды жазган.

Олжобай Шакир ага чейин "Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын, повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган.

2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтын негиздеген. (ST)




Шерине

​
XS
SM
MD
LG