1-ноябрга караган түнү Орусиянын Нижегород облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды. Облустун губернатору Глеб Никитиндин айтымында, түн ортосунда жана эртең менен аймактын үстүнөн 100дөн ашуун дрон атып түшүрүлгөн. Кстово районундагы өнөр жай ишканаларынын бири бүлгүнгө учураган.
Никитин дрондун сыныктары кулаган учурда автоунаада бараткан аял жараат алганын тактады. Ал ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер текшергенден кийин аны үйүнө чыгарган.
Никитин кайсы ишканага сокку урулганын тактаган жок. ASTRA басылмасынын жана украиналык мониторинг каналдарынын маалыматында, чабуулдун бутасы Кстоводогу "ЛУКОЙЛ-Нижегороднефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводу болгон.
Жарыяланган видеолордон ири өрт чыкканын көрүүгө болот. Exilenova+ Телеграм каналы өрт мунайды же мазутту кайра иштетүүчү жабдуулар жайгашкан аймакта чыккан болушу мүмкүн деп болжолдогон. Азырынча бул маалыматтар көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.
Нижний Новгород шаарынын башчысы Юрий Шалабаев Кстово районунда коммуналдык инфраструктура объектиси жабыркаганын билдирди. Айрым кичи райондордо электр энергиясы, ысык суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Турак жайларга келтирилген зыян тууралуу маалымат такталып жатат.
Чабуулдан кийин Орусиянын Тергөө комитети террордук акт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Мекеме чабуул үчүн жоопкерчиликти Украинанын Куралдуу күчтөрүнө жүктөп, окуяны "атайын урулган сокку" деп атады.
Нижегород облусу буга чейин да дрон чабуулдарына кабылган. Октябрдын аягындагы чабуулдардын бирин кайтаруу учурунда үч адам жараат алып, турак жайлар жана инфраструктура объектилери жабыркаган. 9-октябрдагы чабуул учурунда БАРС-НН бөлүгүнүн бир аскери каза болгон.
Чабуул АКШнын Киевге Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотуу талабын коюп жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланган тушта урулду.
29-октябрда The Wall Street Journal гезити Украинанын президенти Дональд Трамптын администрациясынын талабынан кийин Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна чабуул коюуну убактылуу токтотконун жазган. Ошол эле учурда 30-октябрга караган түнү Самара облусундагы "Новокуйбышевск" мунайды кайра иштетүүчү заводу дрон чабуулуна кабылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин орус армиясы Украинанын инфраструктурасын аткылоону токтотсо, украин аскерлери да Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү ишканаларына сокку урбай коюуга даяр экенин билдирген.
Шерине