Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кыргызстан Кытайдан электромобилдерди алып келүүдө коңшуларынан озду

Кытайдан чыккан Changan электромобили.
Кытайдан чыккан Changan электромобили.

Кытай январь-сентябрь айында Кыргызстанга 245.9 млн долларга электр менен жүрүүчү 21523 жеңил автоунаа экспорттоду.

Бул маалыматты Кытайдын бажы статистикасына таянып Aurelian Data Services платформасы тапканын Economist.kg сайты жазды.

Aurelian платформасынын маалыматында, 2025-жылдын январь-февралына салыштырмалуу Кытайдан Кыргызстанга экспорттолгон электромобилдердин саны 186.4% көбөйүп, 2.9 эсе жогорулаган.

2026-жылдын сентябрь айында Кытай Кыргызстандын рыногуна жалпы наркы 76 миллион долларды түзгөн 6436 электромобил экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 282,6 пайызга арбын.

Сентябрь айындагы статистика боюнча, Кыргызстан Кытайдан экспорттолгон электромобилдердин саны боюнча Азияда төртүнчү, Борбор Азияда биринчи орунду ээледи. Анын алдында Таиланд, Түштүк Корея жана Индонезия турат.

Акчалай көрсөткүч жагынан Борбор Азияда Өзбекстан алдыда, бул өлкөдө Кытайдан экспорттолгон электромобилдердин жалпы наркы 281 миллион долларга жеткен.

Көлөмдүн көбөйүшү берилген жеңилдиктерге байланыштуу экени айтылууда.

Быйыл август айында Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымсыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлүп, сентябрда өз чегине жеткен.

Белгиленген лимит бүткөндөн кийин электромобилди киргизүүдө 15% өлчөмүндө бажы төлөмүн төгүүгө туура келет.

Буга чейин Кыргызстандын Бажы кызматы жеңилдик менен алып келинген беш автоунааны Орусиянын жарандарына өткөрүп берүү фактысы аныкталганын билдирген. (ST)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG