Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Милициянын айлыгы жана пенсиясы 1-декабрдан тарта көтөрүлөт

Милиция кызматкерлери жана ардагерлер 1-декабрдан тарта жогорулатылган айлык жана пенсия ала баштайт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктап жатып айтты.

"Соңку алты жылдан бери мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарын жаңылоого, өздүк курамдын социалдык шарттарын жакшыртууга жана заманбап санариптик технологияларды ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп келе жатат", - деди Садыр Жапаров.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, президент 1-ноябрда Бишкекте Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы имаратынын жана өлкө боюнча ИИМдин 42 объектисинин ачылышына катышты.

Анда мамлекет башчы ички иштер органдарынын бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды куруу жана автоунаа паркын жаңылоо “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Ички иштер министрлигин 2020-жылдан бери Улан Ниязбеков жетектейт. Быйыл февралда ага президенттин жарлыгы менен генерал-полковник наамы ыйгарылган.

Соңку жылдары журналисттердин, жарандык активисттердин камалышы, тынч жыйындардын жана митингдердин чектелишине байланыштуу милициянын дарегине нааразылыктар айтылып келет.

Кыргыз милициясы Кара кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. (ST)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG