Көмүрдү сыртка ташууга дагы алты ай тыюу салуу сунушталды

Бишкек. Архив.

Энергетика министрлиги Кыргызстандан көмүрдү автоунаа жолдору менен чет өлкөгө ташып чыгууга салынган тыюуну дагы алты айга узартуу сунушун берди. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарды.

Документ өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокто, айрыкча күз-кыш мезгилинде катуу отундун тартыштыгын алдын алуу максатында иштелип чыкканы жазылган. Долбоорго ылайык, көмүр экспортуна алдыңкы алты айда тыюу салынат, бирок кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” жана “Торугарт” чек ара бекеттери аркылуу алып чыгууга уруксат берилет.

Расмий маалыматка караганда, 2026-жылдын январь айынан тартып 20-октябрга чейин “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коому аркылуу автунаалар менен 3 млрд сомдон ашык болгон болжол менен 539 миң тонна көмүр экспорттолгон. Мындан “Кыргызкөмүр” болжол менен 126,5 млн сом таза пайда алган. Бирок ички рынокту көмүр менен туруктуу камсыз кылуу үчүн экспортко убактылуу тыюу салуу керектиги айтылды.

Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы убактылуу алты айлык чектөө киргизген. Тыюу улам алты айлык мөөнөткө узартылып келе жатат. Акыркы жолу быйыл апрель айында ушундай эле чектөө киргизилген. (BTo)

Дагы караңыз

Баңги аткезчилигине шек саналган кыргыз жараны АКШдан алынып келдиКызыл-Кыяда 24 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып жолдошу кармалдыКасымалиев саясий күчтөрдүн ортосунда консенсус бар экенин айттыОрусия түндө Украинаны карай 400дөн ашуун дрон учурдуМинистрлик пенсия курагындагы мугалимдер иштен жапырт алынбай турганын билдирдиКыргызстан Кытайдан электромобилдерди алып келүүдө коңшуларынан озду