Бишкекте курулушу бүтпөгөн компанияларга тышкы башкаруу киргизилет

Кыргызстандагы курулуштардын бири.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарында көп жылдан бери турак жайлардын курулушун токтотуп койгон компанияларга тышкы башкаруу киргизет.

Министрликтин маалыматы боюнча, мындан тышкары, ал ишканалардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине чара көрүү үчүн мекеме укук коргоо органдарына кайрылууларды жөнөтөт.

“Курулуштун токтоп калышына негизинен компаниялардын каржылык кыйынчылыктары, үлүш ээлеринин алдындагы келишимдик милдеттенмелердин аткарылбашы жана айрым объектилердеги мыйзам бузуулар себеп болгон. Натыйжада жүздөгөн жарандар көп жылдан бери турак жайын ала албай келишет”, - деп айтылат маалыматта.

Айрым объектилердин курулушу 2013-жылдан бери токтоп турганы белгилүү болгон. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, төмөнкү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизилиши мүмкүн.

  • Жибек-Жолу көчөсү 295, 297 - 80 батирлүү турак жай. Курулушу 2018-жылы “Эксперт Строй” ЖЧКсы тарабынан башталган;
  • Мичурин көчөсү 121 Б (А, Б блоктору) - 9 кабаттуу, 169 батирлүү турак жай. Курулушу 2021-жылы “Эксперт Строй” жана “Гидротехстрой” ЖЧКлары тарабынан башталган;
  • Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 197/2 - 15 кабаттуу, 200 батирлүү турак жай. Курулушу 2022-жылы “Эмаком” жана “Ханстрой” ЖЧКлары тарабынан башталган;
  • Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсү - 360 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2013-жылы “Кыргыз-Арабиан Альхнейзи” жана “ОППС Строй” ЖЧКлары тарабынан башталган;
  • Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү 15/9а, 15/9б, 15/10 - 10 кабаттуу турак жайлар. Курулушу 2020-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” ЖЧКлары тарабынан башталган;
  • Кипкалов көчөсү - 5 кабаттуу мансард кабаты бар, 181 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2021-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” ЖЧКлары тарабынан башталган. (BTo)

Дагы караңыз

Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке айткан сынына жооп бердиБолгариядагы президенттик шайлоодо Орусияны жактаган Илияна Йотова алдыга чыкты Көмүрдү сыртка ташууга дагы алты ай тыюу салуу сунушталды Баңги аткезчилигине шек саналган кыргыз жараны АКШдан алынып келдиКызыл-Кыяда 24 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып жолдошу кармалдыКасымалиев саясий күчтөрдүн ортосунда консенсус бар экенин айттыОрусия түндө Украинаны карай 400дөн ашуун дрон учурдуМинистрлик пенсия курагындагы мугалимдер иштен жапырт алынбай турганын билдирди