Болгарияда 1-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчысынын милдетин аткарып келген жана азыркы премьер-министр Румен Радевдин жакын өнөктөшү Илияна Йотова жеңишке жетти.
Бул тууралуу Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетендердин 99,66% саналып бүткөндөн кийинки маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазышты.
Йотова добуштардын 57,66% алып, өзүнүн негизги атаандашы, Батышты жактап, Украинага колдоо көрсөтүүнү колдогон саясатчы, мурдагы премьер-министр Андрей Гюровду утуп чыкты. Гюровду шайлоочулардын 39,38% колдогон.
Илияна Йотова Болгариянын тарыхында президент болуп шайланган алгачкы аял киши.
Ал шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Андрей Гюров телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын билдирди.
Илияна Йотова, өлкөнүн азыркы премьер-министри Румен Радев сыяктуу эле, Москва менен диалог жүргүзүүнү жактайт жана Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы. Ал эми Андрей Гюров Украинага колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле Болгариянын Евробиримдик жана НАТО менен байланышын бекемдөөгө ыктаган саясатчы.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жүргүзүлгөн экзит-поллдо сурамжылоого катышкандардын 52,5% добушун Йотовага берерин, Андрей Гюровду 43,4% колдой турганын билдирген. 4% талапкерлердин баарына каршы экенин айтышкан.
Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы быйыл 25-октябрда өткөн. Ага катышкан 27 талапкердин бири да жетиштүү добуш ала алган эмес. Натыйжада экинчи айлампага Йотова менен Гюров чыккан. Биринчи айлампада шайлоочулардын активдүүлүгү өтө төмөн болуп, ага добуш берүү укугу бар жарандардын 23% гана барган.
Орусиянын Украинага каршы согушу бардык талапкерлердин шайлоо өнөктүгүндөгү негизги темалардын бири болду. Болгариянын жашоочуларын Кара деңиздеги соода кемелерине дрон чабуулдары тынчсыздандырып келет. Октябрь айында Болгариянын жээгине жакын, эл аралык сууларда, бирок өлкөнүн өзгөчө экономикалык аймагында төрт кеме дрондордун чабуулуна кабылып, экөө чөгүп кеткен. Экипаж мүчөлөрүнүн айрымдары каза болуп же дайынсыз жоголгон. Ушундан улам Болгария деңиздеги коопсуздукту чыңдоо үчүн НАТОдогу өнөктөштөрүнөн жардам сураган.
Starlink спутниктик байланыш станцияларына жана 2026-жылдын сентябрь айында EMCO курал-жарак заводунун кампаларына коюлган өрттөр Украинадагы согуш менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Болгарияда саясий чечимдерди премьер-министр жетектеген өкмөт жана парламент кабыл алат. Президент парламент кабыл алган мыйзамдарга вето коюу, эл аралык келишимдерге кол коюу жана дипломатиялык өкүлдөрдү дайындоо укугуна ээ. Мындан тышкары, президент өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп саналат.
Шерине