Франция
Францияда 31-октябрдагы жапырт нааразылык акциялары учурунда полиция 565 адамды кармады. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып Le Journal du Dimanche басылмасы жазды.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча өткөн демонстрацияларга жалпысынан 320 миңдей адам катышкан. Анын 70 миңи Парижде чыккан. Ал эми уюштуруучулар катышуучулардын санын 800 миңге жакын деп баалашууда. Борбор калаада полиция 5700дөн ашуун текшерүү жүргүзүп, 79 адамды кармаган.
Париждеги Шарантон дарбазасынын аймагында демонстранттар полиция кызматкерлерине күйүүчү заттардын аралашмасы куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты.
Бийликтин маалыматына караганда, беш полиция кызматкери жаракат алган, алардын үчөө Молотов коктейлинен жабыркаган.
Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес полиция кызматкерлеринин бирине жасалган кол салууну "адам өлтүрүүгө аракет" деп атап, башаламандыкка катышкандарды зомбулукка барды деп айыптады.
Франциядагы жапырт нааразылыктар 21-сентябрда мугалимдердин, социалдык кызматкерлердин жана мектеп психологдорунун жетишсиздигине нааразы болгон жогорку класстын окуучуларынын акцияларынан кийин башталган. Аларга кесиптик кошуундар, "сары күрмөчөндөр" кыймылы жана башка шаарлардын тургундары кошулган. Демонстранттар айлык акыны жана пенсияны жогорулатууну, мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууну жана кымбатчылыкка каршы чараларды көрүүнү талап кылышууда.
Германия
Германияда да миңдеген киши 31-октябрда Gen Z regelt ("Z мууну жоопкерчиликти өзүнө алат") аттуу жаштар кыймылы уюштурган демонстрацияларга чыгышты. Алар мамлекеттик чыгымдардын кыскарышына, билим берүү тармагына каражаттын жетишсиз бөлүнүшүнө, жашоо наркынын кымбаттыгына жана милдеттүү аскердик кызматка каршы чыгышкан.
Демонстрациялар 30дан ашуун шаарда, анын ичинде Берлин, Франкфурт, Гамбург, Көлн жана Мүнхенде өтүп, ага 100 000 миңден ашуун адам чыкты. Эл негизинен билим берүү тармагын жакшыртуу, жеткиликтүү турак жай, кымбаттоону токтотуу, климатты коргоону күчөтүү, социалдык тейлөөлөргө кеткен чыгымдарды кыскартпоону, курал-жарак өндүрүшү үчүн жарыштан баш тартууну талап кылышты. Күндүз акция тынч өтүп, караңгы киргенде бир катар шаарларда - Франкфурт, Берлин, Көлн жана Гамбургда полиция менен кагылышууга, талап-тоноо, өрттөө, башаламандык менен коштолду.
Франкфуртта айрым топтор дүкөндөрдүн, анын ичинде курал саткан дүкөндүн айнектерин талкалашкан. Полициянын маалыматы боюнча, ал жерден эки даана ок атуучу курал уурдалган. Шектүү кармалып, куралдар кайра алынган. Башаламандыкка катышкандарды таратуу үчүн полиция суу бүркүүчү техниканы колдонгон.
Гессен федералдык аймагынын ички иштер министри Роман Посек Франкфурттагы акцияларга жүзгө жакын солчул экстремист кошулганын билдирген. Ал полиция кызматкерлерине кол салууларды жана дүкөндөрдүн талап-тонолушун айыптап, Германия Франциядагы окуяларды кайталабашы керектигин айткан.
Полициянын маалыматы боюнча, Берлинде 27 кызматкер жаракат алып, 56 киши кармалган. Гамбургда демонстранттар фейерверк атып, тосмолорду өрттөшкөн. Ал жакта 120 адам кармалган. Көлндө башаламандыкка катышкандар башкы темир жол бекетинин жанында полиция кызматкерлерине бөтөлкө жана башка буюмдарды ыргытышкан.
Швейцария
Швейцариянын Цюрих шаарында 31-октябрь, ишембинин кечинде жүздөгөн адамдар катышкан нааразылык акциясы болду. On en a marre — en Suisse aussi же кыргызча "Биздин да чыдамыбыз түгөндү — Швейцарияда дагы" деген ураан алдында өткөн акция Франция жана Германиядагы жаштардын нааразылык кыймылдарына тилектештик максатында уюштурулган.
Бул өлкөдө да көчөгө чыккандар кымбатчылыкка, билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө, жеткиликтүү турак жайдын тартыштыгына жана социалдык чыгымдардын кыскарышына каршы чыгышкан. Лангштрассе районунда айрым катышуучулар таштанды челектерин өрттөп, автоунааларды жана дүкөндөрдүн терезедлерин талкалашкан. Полиция суу бүркүүчү техниканы, көздөн жаш агызуучу газды жана желим ок колдонгон.
Базел шаарында өткөн акцияга болжол менен 150 адам катышкан. Ал жакта да өрт коюу фактылары жана полиция менен кагылышуулар орун алды.
Италия жана Португалия
Кымбатчылыкка жана социалдык чыгымдардын кыскарышына каршы нааразылык акциялары Италияда, Португалияда да өттү.
Рим менен Туринде полиция менен кагылышуулар болуп, Португалияда укук коргоо органдары турак жайды ижарага берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккандар тигип алган чатыр лагерлерин таркатууга киришкени белгилүү болду.
Польшадагы саясий кризис
Польшада Конституциялык трибуналдын жетекчилигин алмаштыруу аракети себеп болгон саясий кризис өлкөдөгү бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешти күчөттү.
30-октябрда судья Анна Корвин-Петровска аттуу Конституциялык трибуналдын судьясы трибуналдын төрагасы Богдан Свенчковскийди жана анын орун басары Бартломей Соханьскийди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетип, төраганын милдетин өзүнө алганын жарыялаган. Ал бул кадамды өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү зарылдыгы менен түшүндүргөн. Анна Корвин-Петровска соттогу эң улук судья катары трибуналды убактылуу жетектей турганын жар салган. Ал полиция чакырып, Конституциялык трибуналдын имараты курчоого алынган. Имараттын алдына жүздөгөн демонстранттар чогулган. Ал эми Свенчковский жана анын тарапкерлери судьянын мындай ыйгарым укугу жок экенин айтып, чечимди мыйзамсыз деп аташкан.
Полиция имаратка кирүүгө аракет кылгандарды токтотуп, тартип сакчыларына бөтөлкө жана башка буюмдар ыргытылган. Акцияга оппозиция өкүлдөрү, анын ичинде Ярослав Качиньский жетектеген "Мыйзам жана адилеттүүлүк" (PiS) партиясынын тарапкерлери катышты.
Ярослав Качиньский окуяларды "мамлекеттик төңкөрүш" деп мүнөздөсө, өкмөт башчы Дональд Туск жана анын өнөктөштөрү бул кадамды сот системасындагы мыйзамдуулукту калыбына келтирүү аракети катары сыпаттаган билдирүүлөрдү жарыялашты.
Дональд Туск 31-октябрда элге кайрылып, өлкөнүн эң жогорку соту - Конституциялык трибуналдын айланасындагы талаш-тартыштын күчөшүнөн улам келип чыккан саясий кризис, башаламандыкка "Мыйзам жана адилеттүүлүк" партиясын (PiS), президент Карол Навроцкийди жана мурдагы президент Анжей Дуданы күнөөлөдү. Окуяларды "Польшадагы мыйзам үстөмдүгүнүн бузулушунун дагы бир этабы" деп атады.
Туск кырдаалды кызыкдар болгон чет элдик держава - Орусия туруксуздаштырып жатат деп айтты.
"Бүгүн бул жаңжалда алар интернетте орусиялык армиянын ботторунун колдоосун алып жатат. Мындан тышкары алар Кремлдин башкы идеологунун ачык мактоолоруна арзыды", – деди Туск өз оппоненттери тууралуу.
Туск президент Навроцкийди Конституциялык трибуналга шайланган жаңы судьялардан ант албай койгону үчүн да сынга алды. Премьер-министрдин айтымында, судьялар анын чечимин көпкө күтүп, акырында өз милдеттерин аткарууга киришкенде, аларга каршы чабуул башталган.
Туск парламенттеги көпчүлүктү түзгөн өзүнүн "Жарандык коалиция" партиясынын депутаттары менен бирге Конституциялык трибуналга байланыштуу маселелерди бир нече жолу чечүүгө аракет кылышканын, бирок бардык аракеттерге PiS партиясынын депутаттары жана президент Навроцкий тоскоол болгонун айтты. Ошондой эле ал Конституциялык трибуналдын имаратынын алдына чогулгандарды "PiS партиясынын саясатчылары менен активисттеринин сүрмө тобу" деп атады.
31-октябрда Польшанын парламентинин депутаты, мурдагы премьер-министр, буга чейин "Мыйзам жана адилеттүүлүк" (PiS) партиясынын өкүлү болуп, бирок быйыл андан чыгып кеткен Матеуш Моравецкий парламентке Дональд Тусктун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш киргизди.
- Поляк саясатында Конституциялык трибуналдын айланасындагы көп жылдан берки талаш-тартыш октябрдын ортосунда кайра күчөгөн. Алар мурда парламентте үстөмдүк кылган "Мыйзам жана адилеттүүлүк" партиясы менен азыркы премьер-министр Дональд Тусктун өкмөтүнүн ортосундагы карама-каршылыктар менен байланыштуу.
- Тусктун өкмөтү PiS бийликте турган кезде дайындалган судьялардын Конституциялык трибуналда калышын мыйзамга каршы деп эсептеп, трибуналдын чечимдерин тааныбайт. Ал эми трибуналдын азыркы курамындагы судьялар Туск бийликке келгенден кийин дайындалган судьяларды мыйзамдуу деп эсептешпейт. Быйыл президент Карол Навроцкий парламент көрсөткөн алты судьянын ичинен үчөөнүн антын кабыл алуудан баш тарткан.
1-ноябрда бийлик өкүлдөрү менен саясий күчтөр кеңешүүлөрдү баштаганы кабарланды. Польшада бул окуя Конституциялык трибуналдын көз карандысыздыгы, сот системасынын реформасы жана бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары тууралуу талаштарды кайрадан күчөттү. Өлкө президенти Карол Навроцкий да кырдаалга байланыштуу Сенегалдагы сапарын токтотуп, Польшага кайтып келди.
Ошентип, Польшадагы азыркы кризис сот бийлиги жана Конституциялык трибуналдын мыйзамдуулугу боюнча көп жылдан берки саясий тирештен келип чыкты. Премьер Дональд Туск жетектеген өкмөт мурдагы бийлик учурунда түзүлгөн Конституциялык трибуналдын курамы толук мыйзамдуу эмес деп эсептейт жана сот системасын реформалоого аракет кылып келген. Оппозициялык Ярослав Качиньский баштаган "Мыйзам жана адилеттүүлүк" (PiS) партиясы өкмөт сот бийлигин өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат деп айыптап жатат.
Саясий кризиске байланыштуу тараптар кеңеше баштаганы менен азырынча орток пикирге келе элек.
Шерине