4-ноябрга караган түнү Кыргызстанда үч жолу жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институту 4-ноябрга караган түнү очогунда күчү 5,5 баллга (магнитудасы Mpv=5,9) жеткен жер титирөө болгонун билдирди. Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү Бор–Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол айылында 4 балл, Дароот-Коргон жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ушул эле күнү экинчи жолу очогунда күчү 3,5 баллды түзгөн жер титирөө катталган.

Көп өтпөй күчү очогунда 4,5 баллга (магнитудасы Mpv=4,7) жеткен жер титирөө болгон. Расмий маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасындагы Бор-Дөбө айылынан 8 км түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 35 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 чакырым түштүк-чыгышта болгон.

Жер титирөөнүн күчү Бор–Дөбөдө 4,5 баллга жакын, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол, Нура айылдарында 3,5 баллга жеткен. Жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар бар-жогу тууралуу маалымат жок. (BTo)

Дагы караңыз

Медербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айттыЖапаров “Газпром” милдеттерин аткарбаса Кумтөрдөй кылып "алып коёрун" эскерткенин айттыОрус армиясынын Харьков ооруканасына соккусунда 73 адам жабыркадыКазакстандык Калымбетова көп жылдан бери издеп жүргөн кызы менен АКШда жолуктуУлуттук банк валюта базарына дагы 214 миллион 550 миң доллар саттыАбактагы Имамидин Ташов президент Жапаровго кайра кат жаздыЖапаров 2031-2032-жылдары Кумтөрдөгү карьерди иштетүү аяктай турганын айтты