4-ноябрда Бишкекте “Азаттыктын” кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу барактардын бирине арналган “Үркүн: Эс тутум жайлар каткан сыр” аттуу даректүү тасмасынын таанытымы өттү. Тасма Үркүндүн 110 жылдыгына байланыштуу тартылган. Иш-чарага тарыхчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер жана студенттер катышты.
Тасмада 110 жыл мурун Орус падышалыгынын куугунтугунан качып, адам буту баспаган ашууларды ашып, Кытайдан башпаанек издөөгө аргасыз болгон миңдеген кыргыздардын изи көрсөтүлөт. Казакстандын Жаркент, Кыргызстандын Ысык-Көл аймагындагы эс тутум жайлары тууралуу баяндалат. Үркүн - кыргыз элинин улуттук аң-сезимине жана жамааттык иденттүүлүгүнө кандай таасир эткенин чагылдырат.
Даректүү тасманы “Азаттыктын” сайтынан жана Ютуб каналынан көрө аласыз.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Ошол каргашалуу окуядан улам кеминде 120 миң кыргыз кырылганын, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр набыт болгонун белгилешет.
Совет учурунда, өзгөчө 1950–1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.
2017-жылы “Азаттык” радиосу “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (BTo)