Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилди

Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтерин тапшыруу иш-чарасы.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун жыйынтыгында Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына турак жайларынын документтери тапшырылды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы жалпы 295 үйгө токтом чыгып, мамлекеттик актылары даярдалганын билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен айыл тургунундарына кыргыз жарандыгын тастыктаган паспорттор брилген. Айылда 1200 адам жашайт.

“Кара-Жантак айылын Кыргызстанга өткөрүп алуу иши 2017-жылдан тарта башталып, тиешелүү комиссиялар иш жүргүзүп келген.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөн.

Кара-Жантак айылы Кыргызстанга өткөнгө чейин Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болчу. (JsA)

Дагы караңыз

Таласта жол кырсыгынан кеминде беш адам мүрт кеткени айтылуудаИсхак Масалиев президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бердиСот Тилекмат Кудайберген уулун кайрадан камакта калтырдыТрамп Украина жана жалпы Европа үчүн коопсуздук кепилдиктери сунушталарын айттыБектур Асанов президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди Франция: Айлыкты көбөйтүү талабы айтылган акцияда жүздөгөн адам кармалды