Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Таласта жол кырсыгынан кеминде беш адам мүрт кеткени айтылууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунда 5-ноябрда Kia Soul, Toyota Camry, Honda Civic жана Honda Accord үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда болгон жол кырсыгынан кеминде беш адам мүрт кеткени айтылууда. Кырсык Жон-Арык айылынын жанында болгон.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо адамдар кырсыкка кабылган машинелердин бирин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери кууп келатканын айтып жатканын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилерин кабарлады. Каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу расмий маалымат бериле элек.

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда жол кырсыгынан 572 адам каза болгон, анын ичинде 88и балдар. 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)



Шерине

​
XS
SM
MD
LG