Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Бишкектин кышка даярдыгы тууралуу маалымат берилди

Бишкек Жылуулук электр борбору - ЖЭБ.
Бишкек Жылуулук электр борбору - ЖЭБ.

Бишкек мэриясы кышка даярдык жана шаарды көмүр менен камсыздоо боюнча маалымат таратты. Анда айтылгандай, Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) учурда кадимки режимде иштеп жатат.

4-ноябрга карата станциянын орточо электр кубаттуулугу 290 мегаваттты түзсө, отун кампасында 256 миң тоннадан ашык көмүр топтолгон.

Мэриянын маалыматына караганда, ЖЭБдеги 15 казан агрегатынын сегизи жана жети турбоагрегаттын төртөө иштеп жатат. Ошондой эле эки энергоблок пайдаланылууда. Учурда өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 7022 млн кВт/саатка жетсе, берилген жылуулук энергиясы 8,7 миң гигакалорияны түзүүдө.

Борбор калаанын төрт районунда көмүр базалары иштеп жатат. Муниципалдык кызматтар көмүрдүн баасын, жеткиликтүүлүгүн жана кампалардагы запасты көзөмөлдөөдө.

Учурда Ленин районундагы 13 көмүр базасында 4852 тонна көмүр бар. Биринчи Май районундагы кампаларда 472 тонна, Свердлов районундагы тогуз базада 5450 тонна, ал эми Октябрь районунда 650 тонна көмүр сакталууда.

Көмүрдүн бир тоннасы түрүнө жараша 7000 сомдон 8000 сомго чейин сатылууда. Тактап айтканда, «Кара-Кече» көмүрү 7000 сомдон, «Шабыркүл» 7800 сомдон, «Миң-Куш» 7000-8000 сомдон, ал эми «Шаргунь» көмүрү 7600 сомдон сатылып жатат.

Бишкекте быйылкы жылытуу сезону 28-октябрда башталган. 2024-жылы Министрлер кабинети Бишкек жылуулук электр борборун шаардык муниципалдык менчикке өткөрүп берген.(ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG