Кыргызстандын Министрлер кабинети 2026–2027-жылга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, бул план 18-сентябрда атайын тескеме менен кабыл алынган.
Бул чара баалардын өсүшүн кыска мөөнөткө турукташтыруу менен гана чектелбейт, айыл чарбасын жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү чараларды камтыйт. Бардыгы болуп 57 иш-чарадан турган планды ишке ашыруу үчүн жалпы 36,6 млрд сом керек болсо, анын ичинен 32 иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине тиешелүү.
Булар мал чарбачылыгын, дыйканчылык-багбанчылыкты жайылтуу, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен ички рынокту камсыздоо жана бааларды жөнгө салуу. Мындан тышкары укуктук жана уюштуруучулук программалар каралган.
"Бул иш-чаралар өндүрүштү көбөйтүүгө, айыл чарба азыктарын сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, мамлекеттик резервдерди чыңдоого жана рыноктогу баалардын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган", - деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка караганда, 2026-жылы керектөө баалары жети айда (январь-июль) 6,7%, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7% өскөн. Баалардын өсүшүнө тышкы рыноктогу өзгөрүүлөр, логистикалык чыгымдардын жогорулашы, айрым товарлар боюнча импортко көз карандылык таасир этип жатканы айтылган.
Улуттук банк быйылкы экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген.(ZKo)
Шерине