Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

КУЭТ электр жарыгын керектөө кайра көбөйгөнүн билдирди

"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ишканасы өлкөдө күн суук болгон сайын электр энергиясын керектөө кыйла көбөйүп, 5ноябрда суткалык керектөө 64 млн 391 миң кВт/саатка жеткенин билдирди.

Мекеме эртең менен жана кечинде электр шаймандары көп колдонулгандыктан жүктөм жогору болуп жатканын кошумчалады. КУЭТ буга чейин электр жарыгын суткасына 66 млн кВт/саат жана андан көп керектөө адатта кыштын эң суук айларынын бири болгон декабрда байкаларын кабарлаган.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG