Киев баллистика менен аткыланды, Түндүк көпүрөдө кыймыл убактылуу токтоду

Киев. 2026-жылдын 7-ноябры.

7-ноябрга караган түнү Орусия Украинанын борбору Киевге кайрадан жапырт чабуул койду. Акыркы маалымат боюнча кеминде бир өмүр кыйылды, беш адам жараат алды, арасында 14 жаштагы өспүрүм бар.

Түн ичинде Киев облусу баллистикалык ракеталар жана сокку уруучу дрондор менен чабуулга кабылганын облустук аскердик администрациянын жетекчиси Тимур Ткаченко билдирди. Анын айтымында, Бровары районунда оор жаракат алган эркек киши каза болду.

Шаардын түштүк-батышындагы Соломенка районунда өрт чыгып, турак үйлөргө, бала бакчага жана башка да имараттарга зыян келтирилди. Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматтары өрттү өчүргөнүн билдирди.

Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, чабуулдан кийин Днепр дарыясынын үстүндөгү Түндүк көпүрө жабыркап, анын абалын адистер текшерүүгө киришти. Коопсуздук максатында көпүрө аркылуу кыймыл токтотулду. Ошондой эле жарылуунун толкунунан көпүрөгө жакын токтотулган жүк ташуучу беш унаа зыян тартканы маалым болду.

Беш кабат үйдүн биринчи кабатынын тышы жарым-жартылай талкаланган. Бир нече жерде жарылуудан улам көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен. Бала бакчанын аймагындагы эки кабаттуу имарат да зыянга учурап, токтотулуп турган жүк ташуучу унаа жана дагы бир имарат күйгөн.

Киев шаары жана Киев облусу бутага алынганын Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктады. Мекеме 7-ноябрга караган түнү жогорку тактыктагы курал менен аскердик өнөр жай, энергетика жана транспорт инфраструктурасына тиешелүү объектилерге жапырт сокку урулганын билдирди. Москва 2022-жылдын февралынан бери коңшусу Украинанын шаарларын, айыл-кыштактарын, жарандык объектилерин талкалап келатканын адатта мойнуна албайт.

Дагы караңыз

"Дал келбеген, күмөндүү жагдайлар бар". Капаловдун өлүмүн кайра иликтөө өтүнүчү"Сен алдайсың, сени да алдашат". Согушка жалдоо кирешелүү бизнеске айландыТөрт жылда Кыргызстанда 116 адам бөйрөк алмаштырдыКубанычбек Капаловдун күмөндүү өлүмү