Бул ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) сентябрда кайра карай баштаган. 45 жаштагы Кубанычбек Капаловдун сөөгү быйыл 13-мартта унаасынан табылып, ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экени айтылган. Жубайы жана бир тууганы “Азаттыкка” маркумдун жазып калтырган каты жана алар күмөнсүп жаткан жагдайлар тууралуу айтып беришти.
Маркум Кубанычбек Капаловдун жубайы Индира Сагынбекова бир үй-бүлөнүн турмушун астын-үстүн кылган ошол күндү эскерип "Азаттыкка" айтып берүүдө. Жолдошу каза болордон бир аз мурда сокур ичегиден операция жасаткан. Трагедия болгон күнү ал операция жасалган жерин таңдырып, жибин алдыруу үчүн ооруканага кеткен бойдон кайтып келген эмес.
"Операция болгондон кийин мен 2-3 күн жарасын кайра таңдырганга чогуу барчумун. Ошол күнү менин дагы жумуштарым чыгып, ал өзүм бара алам деп жалгыз кеткен. Операция болгон үчүн жакшы эңкейе алчу эмес. Ошол күнү мен бут кийимин кийгизип, бетинен өөп жөнөткөм. Ал күнү жибин албай, биринчи күнү кел дептир. Эмгекке жарамсыздык баракчасын жаптырып, жумушуна дагы барган. Жумуш көбөйүп кетиптир, дүйшөмбү чыгам деп кеткен экен. Анан бир убакта эле менин телефонума катын салышты. Карасам колго жазылган кат экен. Алгач окуганда операцияга кирип баратып жазганбы, кокус бир нерсе болуп кетсе деп жазган окшойт деп ойлодум. Аягын карасам ошол күнкү дата жазылып турат. Анан эле жолдошумдун телефонуна чалып, жаза баштадым. Бул эмне болгон кат, ыраазычылык билдирип, коштошуп жаткандай жазыпсың го, андай кылчу эмес элең го деп жаза бердим. Ал чогулушта отурса дагы жазып койчу. Ал күнү жооп берген жок. Ошондо анан тааныштарына, чогуу иштегендерге, досторуна чала баштадым. Ошол бойдон ал үйгө кайтпай калды..."
Индира Сагынбековага таңга маал гана жолдошунун "жүрөгү кармап калганын" айтышкан:
"Ишенген жокмун. Буга чейин анализдерин бүт мен тапшыртып жүргөм да, баары таза чыккан. Анан эле эртең менен өлүкканага барып күйөөдү тааныйын дедим. Башка бирөө болуп калса экен деп тилендим, анткени күйөөм эч убакта андайга барбайт дедим. Ал жакка барганда эле милиция "азыр сизди суракка алышыбыз керек" деп чоң балам менен кошо алып кетти. Бир сааттай сурагандан кийин тез үйүңүзгө барышыңыз керек экен, балдарыңыз чырылдап ыйлап жатат, үйүңүздү тинтишибиз керек дешти. Эч кимди киргизбей, балдарым менен чогуу эле үйдү жаап туруп, текшерип кирди. Баарыбыз нес болуп калдык. Өлтүргөн адамды таппайсыңарбы десем, биздин ишибиз ушундай дешти. Үйлөнгөндөгү дисктен бери алып кетишти. Ошол боюнча мен күйөөмдү Токтогулда, боз үйдө гана көрдүм. Жолдошум эч убакта андайга барбайт эле, жети облуста тең иштеп, Сот департаментинде жетекчилик кызматка жеткен, мамлекеттин маселесин чечип жүргөн адам үй-бүлөсүндөгү маселени чече албай өлүп калбайт. Өлө турган адамды алдын ала сезесиң, күлүп-жайнап жүрүп эле келбей калды".
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, маркум Кубанычбек Капаловдун өлүмү өлкөдөгү чуулгандуу окуялардын бири болуп калды.
Быйыл 13-мартта Капалов октон каза болгону, ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экени кабарланып, муну жазбаган медиа калган эмес.
Маркумдун сөөгү Бишкектин Кожомбердиев көчөсүндөгү унаадан табылган. Милиция машинанын ичинен 12 мм калибрдеги "Иж-18" үлгүсүндөгү аңчылык курал, 13 даана ок, бир гильза, эки мобилдик телефон, кат жана башка далил заттар алынганын билдирген.
Соттук-медициналык кароонун баштапкы маалыматында ок маркумдун төшүнө тийгени айтылган. Дагы тиешелүү экспертизалар дайындалып, милиция маркум карыздарына байланыштуу өмүрүн кыйган болушу ыктымал деген маалымат бар экенин билдирген.
Бул факты боюнча "Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы төмөнкүдөй маалымат тараткан:
“Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.К. аттуу жарандын өлүмүнө көкүрөк клеткасынын ок атуучу куралдан алган жаракатынын кесепетинен, өмүргө маанилүү органдарынын жабыркашы менен коштолгон көп кан жоготуу себеп болгон. Изилдөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын канынан этил спирти жана баңгизат табылган эмес. Комплекстүү соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизалардын корутундуларына ылайык, ок атуучу жаракат 12-калибрдеги жылма канаттуу аңчылык мылтыгынан жакын аралыктан, курал денеге толук эмес такап атылган бир жолку ок менен келтирилгени аныкталган. Ошол эле учурда, эксперттердин корутундуларына ылайык, каза болгон жаран аталган жаракатты өз колу менен келтирген болушу мүмкүн экендиги четке кагылбайт. Ок атылган учурда курал башка адамдын колунда болгонун бир жактуу тастыктаган соттук-медициналык жана баллистикалык объективдүү маалыматтар аныкталган эмес".
Бишкек ШИИБдин белгилешинче, учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Тергөө органдары окуянын жагдайларын кошумча текшерүүгө, колдо болгон далилдерди изилдөөгө жана тергөөнүн ар тараптуу, толук жана объективдүү жүргүзүлүшүн камсыз кылууга багытталган зарыл иш-чараларды жүргүзүп жатышканы айтылды.
Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүмү. “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”
1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүүсү, бул байкабастан жабырлануучуну өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирсе, - алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Маркумдун жубайы карыз тууралуу версияны такталбай жарыяланган маалымат деп атоодо:
"Биз эртең менен өлгөнүн угуп-уга электе эле карызына байланыштуу болушу мүмкүн деп айтып чыгышты. Бул карыз болуп, өзүн атып өлдү деп. Алар кимден алды бул маалыматты, кимден сурады. Билбейм, кылмыштын изин жашырыш үчүн эле ушундай маалымат таратышты деп ойлом. Жөнөкөй киши өлсө деле жок эле дегенде 10 күн сурап анан тактап чыгарат да. Такталбаган маалыматты чыгарып жибергенге аябай ичим ачышты. Мамлекетке салымын кошкон адамды бир паста жаманатты кылып, аркасында эч кимиси жок дегендей кылып коюшту".
24-октябрда президент Садыр Жапаровдун Токтогул районунда эл менен жолугушуусунда Индира Сагынбекова жолдошунун өлүмүн кайрадан иликтөөнү суранган.
Жапаров бул ишти көзөмөлүнө аларын айтып, тийиштүү мекемелерге карап чыгууну тапшырган.
Маркумдун жакындары ал өз жанын кыйды дегенге ишенбей, өлүмгө алып келген себептерин тергөө так иликтеп беришин өтүнүп жатышат.
Капаловдун карындашы Сагынай Максатбекова экспертизада жазылган аныктамага ынанбай келатканын айтууда:
"Тергөөнүн жыйынтыгы менен таанышкандан кийин билесиң да, машинанын ичи-тышында, мылтыкта манжа изи чыкпай жатса кантип ал өзүн өзү өлтүргөн болуп чыгат? Бууланган нерсени үйлөп койсо эле манжа изи кетип калат дейт. Бирок колдун изи андайда кетпейт экен, биз дагы көз карандысыз эксперттер менен сүйлөшүп жатабыз. Ошол күндөгү аба ырайын караш керек экен. Өлүккананын корутундусу боюнча дагы сааты дал келбей жатат. Экспертиза боюнча карасам, башка бирөөнүн корутундусун эле көчүрүп койгондой. Канынын курамы, бою, салмагы, керек болсо аты туура эмес жазылган. Ишти кыскартып жаап коюшуптур, аны биз дагы билбейбиз. Келинчегине керек болсо тартып ал дептир, миң барак тартып алды, аны бирден окуп чыгып жатабыз да. Бир убакытта эле үлгүрүп, жаап койгон да. Мылтык кимге таандык экен дагы деле белгисиз".
Сагынайдын айтымында, окуя болгон жерге барып, өз алдынча сураштырганга аракет кылышкан. Агасы ошол күнү төрт киши менен Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында жайгашкан "Акчатыр" эс алуу жайына кирген экен. Бирок алар ким экени алигүнчо белгисиз:
"Ошол жерде иштегендердин бирөө агам төрт киши менен киргенин айтты. Ал жерден А4 кагаз сураптыр. Официант сүйлөп баштаганда ар жактагылар сүйлөбө деп койду. Жетекчиси келгенде окуя болгон жерде көргөнүн, эртеси өзүн өлтүрдү дегенде таң калганын айтты. Бир паста эле тез жардам келип 7 минутанын ичинде алып кетти деп айтышты. Биринчи жолу киргенде парковкага токтотуп кирген экен, чыгып кетип атканда камера жок жерге токтотулуп жатпайбы. Алар кирип тамак ичишиптир, байкем төлөптүр. Формасы жок эле келишкен деди. Видеолорду ким алып кетти десек ошол күнү иштебей калган деп эле коюшту. Эмнеге бизге ошол кишилерди көрсөткөн жок, акыркы жолу ушул кишилер менен жолугуптур, тааныйсыңарбы деген жок?"
Маркумдун карындашы бул иште күмөн санаткан жагдайлар көп экенин мындайча айтып берди:
"Үйдөн чөнтөгүнөн октор чыкты деп жатышат. Ошол октор менин бир тууганыма таандыкпы, манжа издерин текшербейби? Андай мылтык менен аткысы келсе алдына отуруп эле атпайбы. Бул жерде ок атуунун траекториясы изилденген эмес. Мылтыктын узундугу боюна, колуна дал келбейт. Отургуч 10 см алдыга жылыптыр дейт. 20 см болсо деле ата албайт. Ал мылтык үч бөлүнгөн чечме, узун экен. Анын өзүнө тийиштүү мүнөздөмөсү бар экен, ал абдан катуу түртөт экен. Агам операциядан кийин, жиби алына элек болчу. Эгер өзүм атам десе өйдө туруп, такап туруп атыш керек. Өйдө туруп жүрөккө атканда, жүрөгү, кабыргалары чачырап кеткен. Ошол секундада каза болуп атат. Анда мылтыкка таянып калыш керек эле да, агамды отургузуп, мылтыкты тизесине жөлөп коюшуптур. Отурганда мылтык бою менен тең".
Кубанычбек Капалов менен Индира Сагынбекова мындан 20 жыл мурда баш кошкон. Жубайлар эки уул, эки кызды тарбиялап жатышкан.
"Абдан нес болуп калдык. Азыркыга чейин балдарымдын ар бирин көргөзөм (доктурга). Түндө атасын эстеп ыйлашат, жүрөгүм ооруйт, кандай эле жапжаш туруп өмүрү кыйылып калат деп. Мен студент кезинен бери чогуумун. Экөөбүз беш жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан үйлөнгөнбүз. Үйдө уруш-талаш болгон эмес, жаркылдап тосуп алып, экөөбүз бири-бирибизди сыйлап, колдочубуз. Бизди жөн эле таштап коюп, өлүп кала тургандай акыл-эси жок адам эмес. Кичинекей балам түшүнөн чочуп ыйлайт. Чоңдору аз да болсо токтолуп калышты, бири-бирибизге көрсөтпөй ыйлайбыз. Кичинем түшүнбөйт, атамды сагындым, кучактагым келет дейт. Атасы жетишпей жатат... Атанын тарбиясы керек учурда жок болуп калганына аябай ичим ачышат..."
Учурда маркумдун үй-бүлөсү батирде жашап жатканын айтууда. Жубайы жолдошу үйдүн жалгыз багуучучу болгон экен:
"Жолдошум каза болгондон бери батирде турабыз, 65 миңден төлөчүбүз. Ал үйдө жалгыз багуучу болгондуктан мен аны төлөй албай, азыр туугандарымдын үйүндө турам. Бир тууган инимдин дагы үй-бүлөсү бар, эки бөлмөдө 10 киши болуп жашап жатабыз. Аягында ушундай абалда калып калганыбызга өзүм дагы таң калам. Мамлекет дагы ал кишинин эмгегин баалабай эле, билмексен болуп койгонуна ичим ачышат. Канча жолу кат менен кайрылдым, тапшырма бердик деген эле жооп болот. Президентке жолуга албай жүрдүм".
Маркумдун жакындары тергөөчүнү алмаштырууну өтүнүшкөн. Алар биринчи жолу ишти тергеген тергөөчүгө ишеним артпай турушат.
"Мен ушул бойдон калбайм, аракетимди кыла берем. Колубуздан келгенди кыла беребиз. Чындыкты билгенге аракет кыла беребиз. Ушул убакка чейин бут тоскондор көп болууда. Кат алып барышат балдары кой десе болбой, жетпептир ушул убакка чейин. Президент кайра бизден качан болгон деп сурайт го. Ошол деле биздин катыбыз жетпегенинен кабар берет да. Каттын жетишин каалабаган ортодо адамдар бар да. Биз эч нерсе сураган жокпуз, иш мыйзам чегинде каралсын деп жатабыз...", - дейт маркумдун карындашы Сагынай.
Прокуратура азырынча бул иш боюнча комментарий бере элек. Иш ИИМде тергелип жатканын гана кабарлап, башка жагдайларды тергөө бүтө электигине байланыштуу ачыкка чыгарган жок.
Шерине