Казакстан күйүүчү, майлоочу май жана жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн экспорттоого учурдагы тыюуну алты айга узартты. Бул тууралуу буйрукка энергетика министри Ерлан Аккенженов кол койду. Документте чектөөнүн мөөнөтү 22-ноябрдан 2027-жылдын 22-майына чейин деп көрсөтүлгөн.
Автомобил жана темир жол транспорту менен, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө дагы экспорттоого тыюу салынган.
Документте бензин жана дизел ташууга уруксат берилген жагдайлар көрсөтүлгөн. Мунай продуктулары өкмөттүн уруксаты менен гуманитардык жардамдын алкагында экспорттолушу мүмкүн. Ошондой эле илимий-изилдөө иштеринде уруксат берилет.
Казакстан бензин экспортуна ушул жылдын 21-майынан 22-ноябрына чейин тыюу салган. Бул тыюу буга чейин дагы узартылган.
Өлкөнүн Каржылык байкоо салуу агенттиги ушул жылы бензинди мыйзамсыз ташууга байланыштуу 712 учур катталганын билдирди. Күйүүчү май ташыган алты каналдын жолу буулган. Тартип коргоо органдары дизел аткезчилигине байланыштуу сегиз кылмыш ишин козгогон.