Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаевдин "экс-президент макамы сакталган" деп эсептейт. Дипломат бул тууралуу 10-ноябрда Фейсбукка жазып, Акаевди туулган күнү менен куттуктады.
Байсалов бир учурда Акаевди кескин сынга алганын жана саясий жактан күрөшкөнүн, бирок кийин анын учурунда Кыргызстанда тарыхый жетишкендиктер болгонун аңдаганын жазган. Буга 1998-жылы Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна Борбор Азиядан биринчи болуп кошулганын мисал келтирген.
Тунгуч президенттин тушунда айрым кемчиликтер кеткенин белгилеп, бирок өткөн тарых кандай болсо ошондой карап, аны жалаң жакшы же жаман деп га бөлө албай турганыбызды айткан. "Тарыхтын бир бөлүгүнө айланып калган адамдар менен саясий күрөштү улантууну токтотуу зарыл экенин" белгилейт.
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн Акаевди экс-президент макамынан ажыраткан декретин юридикалык жактан күчү жок деп эсептей турганын, 2024-жылы Жогорку Кеңештин ал макамды калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүүдөн баш тартканы менен макул эместигин белгилеген.
“2005-жылдын апрель айынын башында Москвага ошол кездеги спикер, азыркы Германиядагы элчибиз Өмүрбек Текебаев баштаган Жогорку Кеңештин расмий делегациясы барган. Анын курамында жаңы эле парламенттин депутаты болуп шайланган Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти да бар болчу. Дал ушул делегация менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Аскар Акаев президенттик укуктарын өз ыктыяры менен тапшырууга макул болгон. 2005-жылдын 4-апрелинде Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде ал кызматтан кетүү тууралуу расмий арызга кол койгон. Мында сүйлөшүүлөрдүн эң принципиалдуу маселелеринин бири – анын кызматтан кеткенден кийинки коопсуздугунун жана укуктук абалынын кепилдиктери болчу. Мен ошол сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары, анын ичинде азыркы президент Садыр Жапаров да ошондо жетишилген макулдашуулардын сакталышы үчүн тарыхый жоопкерчиликти алат деп эсептейм", - деген Байсалов.
Ал экс-президент макамын алуу үчүн зарыл болгон конституциялык негиздеме жана укуктук процедура керектигин, мындай чечим бир гана саясий добуш берүү менен ишке ашпашы керек деп эсептейт.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоодон кийин бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору. Физика-математика илимдеринин доктору Акаев Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, бир нече илимий эмгектин автору.
Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
2024-жылы сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Акаев өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айткан.