Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Акаев акталды, Бакиевге ырайым берилеби?


Садыр Жапаров жана бозгундагы президенттер (коллаж сүрөт).
Садыр Жапаров жана бозгундагы президенттер (коллаж сүрөт).

Президент Садыр Жапаров 30-майда "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде, качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев тууралуу пикирин билдирди.

Муну менен соңку айларда коомдо кызуу талкууланып келген мурдагы президенттердин темасы кайра козголду. Качкын президенттердин мекенине кайтып келиши боюнча Кыргызстанда карама-каршы пикирлер айтылууда. Жапаровдун пикири эмнени билдирет жана бийликтин иш-аракеттери кандай багытта жүрүп жатат?

Садыр Жапаров кезектеги маегин качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин айланасындагы талаштуу суроолорго арнады.

Жапаров мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу кебинде ага карата эч кандай кылмыш иши жоктугун жана ал издөөдө болбогонун белгилеген. Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып алууда Акаевдин көрсөтмөсүнүн пайдасы чоң болгонун айтты:

“Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө да болгон эмес. Ал эми Кумтөр сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл жана мал чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүзгө көз каранды эле. “Иштебеген киши жаңылбайт” дейт. Иштеген киши кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдө күчтүү, кунун жоготпой келет. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон”.

Деген менен, ушул жылдын 13-январында Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматов Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштери "мөөнөттү өтүп кеткендиктен" кыскарганын билдирген.

Прокурордун айтымында, Акаевге 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.

Ал эми Курманбек Бакиев боюнча суроолорго жооп бергенде бийликтин аны Кыргызстанга алып келүү ниети жок экенин белгиледи. Ошол эле маалда, Бакиевге карата чыккан катаал өкүмдөргө карабай ырайым сураса, колдоо же четке кагуу укугун колдонорун билдирген.

“Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Сот чечими турат. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Сот чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек”.

Жапаровдун айтымында, Курманбек Бакиевдин бир тууган инилери Адыл, Марат жана Каныбек Бакиевдерге карата кылмыш иштери козголгон эмес. Ал эми дагы бир иниси Жаныбек Бакиев менен уулу Максим Бакиевдерди “соттор актап жибере турганына көзүм жетпейт” деген өлкө башчы.

Саясат таануучу, Мамлекеттик башкаруу академиясынын президенти Алмазбек Акматалиев мурдагы президенттер моралдык жоопкерчилигин тартышканын, Жапаров укуктук жоопкерчилик тууралуу позициясын ачык-айкын билдирди деген пикирде.

“Жеке пикиримде, президент ушундай кеп-сөздөр күчөп кеткени үчүн өзүнүн позициясын ачык айтты. “Мыйзам алдында баары бирдей жоопкерчилик тартыш керек” деди. Бакиев жөнүндө “ал, анын балдары, инилери баары соттолгон, келсе камалат” деп ачык айтты. Менимче, позиция ачык эле айтылды. Алардын четте жүргөнү эле моралдык жоопкерчилик го дейм. Президенттин сөзүндө “убагында Акаевдин үстүнөн эч бир кылмыш иши козголгон эмес экен, Кумтөрдү ачыктаганга, Кыргызстанга кайтарып алууга өзүнүн колунан келген салымын кошту” деп ачык айтылып атат. Менин оюмча, бул жерде укуктук жоопкерчилиги жөнүндө гана сөз болууда. Моралдык жоопкерчиликти баары эле тартты го дейм”.

Бозгундагы президенттерди реабилитациялоо кимге пайда?

Москвада баш калкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук комитетине Кумтөр боюнча сурак берген. Май айында ал жубайы Майрам Акаева менен келип, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лекция окуй турганы маалымдалган. Бирок студенттер менен коомчулуктун кескин каршылыгынан улам, анын лекциясы болбой калды.

Май айынын ортосунда Кыргызстандын Улуттук Курултайынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Улуттук телерадиокомпаниясынын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Минск шаарына барып, качкын президент Курманбек Бакиевден алган маеги интернетте тараган.

Бакиевдин маегин да, ага чейин Москвада Аскар Акаевден алган маегин да улуттук каналдын “Кыргыз ааламы” берүүсүндө жарыялоо пландалганын Кошалиев өзү билдирген. Коомдогу активдүү сын-пикирлердин айынан Кадыр Кошалиев алгач телеканалдагы, көп өтпөй Улуттук Курултайдагы кызматынан кетүүгө аргасыз болду.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын активдүү катышуучусу, экс-депутат Рыскелди Момбеков азыркы бийликтин Акаев менен Бакиевге ырайым берүү же реабилитациялоо укугу жок деп эсептейт.

“Акаевди, Бакиевди Кыргызстанга алып келүү же актоо – бул Аксы окуясы менен Апрель окуясында кайтыш болгон балдардын арбактарына карата наадандык. Дегеле аларды кечирип коюу – кыргыздын тарыхына болгон кыянаттык. Бул жерде ырайым береби, кечиреби-кечирбейби – кеп анда эмес, кеп тарыхта. Тарых, кыргыздын келечеги кечиреби аларды? Дегеле, ал маселени, Акаев менен Бакиевди реабилитациялоо, аларды актоо бийликтин иши эмес. Бул ириде тарых, ошол жабыр тарткан адамдардын, арбактардын иши, алар кечиреби-кечирбейби, кеп ошол жакта. Бакиевдин бардык үй-бүлөсү боюнча соттун чечимдери аткарылып, жазасын тартышы керек. Эч кандай жазага, жоопкерчиликке тартпай туруп, аларды кайра карап чыгышыбыз керек деп, комиссияларды түзүп, тигинтип-минткендин бардыгы Кыргызстандын элин экиге бөлүп, чоң бир жарылууга алып келет. Эртеби-кечпи бул маселеге эл жооп берет. Элдин эрки, эртеңкиси менен ойнобош керек. От менен ойногонду токтотуш керек”.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев качып жүргөн президенттерди актаган маанайда иш жүрүп жатканына токтолду.

“Акаев боюнча “иштебеген киши гана ката кетирбеши мүмкүн, иштегенден кийин жаңылат” деп калды. Садыр Жапаров “Отуз жыл бою бизге чейинкилер эч нерсе кылбаптыр” деген сөзүн эми айтпай эле койгону дурус. Акаевди актаган сыяктуу “анда эч кандай күнөө, жоопкерчилик жок” дегендей мааниде өтө жумшак сүйлөптүр. Эгерде ушул өңүттө кетсе, Курманбек Бакиевдин башкаруу жылдары тууралуу да ушундай сөздөр айтылышы мүмкүн. Менимче, бул Кыргызстанда мамлекеттик жетекчи, мамлекеттик ишмерлер жоопкерчилик тартпай турганынын дагы бир чоң көрсөткүчү. Баарын жыйынтыктай келсек, менимче, эл арасында айтылып жаткандай эле ушунча жыл качып жүргөн президенттер боюнча кандайдыр бир жылмалоо, алардын ишин, өткөнүн бир аз тазалагандай, жумшарткандай маанайда иш жүрүп аткандай сезилди”.

Кыргызстандын эгемен тарыхында үч президент кызмат ордунан куулуп кеткен. Өлкөнү 15 жыл башкарып, 2005-жылдагы ыңкылапта Москвага качып кеткен Аскар Акаев 2022-жылга чейин мекенине келе албай жүрдү.

Бакиев менен Атамбаевдин башкаруусу учурунда мезгил-мезгили менен ал Кыргызстанга келсе камалары айтылып турчу. 2010-жылы 89 адамдын өлүмү менен коштолгон кандуу окуядан кийин Беларуска куулуп кеткен Курманбек Бакиевди 30 жылга эркинен ажыратуу боюнча соттук өкүм бар. Аны менен кошо бир туугандары менен уулдарына да сыртынан сот өкүмдөрү чыгарылган.

2020-жылдагы башаламандыктан улам бийликтен кеткен Сооронбай Жээнбековго карата кылмыш иши ачылган эмес. Ага чейин президенттик кызматын өз мөөнөтүндө өткөрүп берген Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголуп, 2019-жылдын августунан 2023-жылдын февралына чейин камакта отурду.

Февраль айында президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Дубай шаарында мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусун уюштурган. Анын алдында Алмазбек Атамбаевдин бир катар кылмыш иштери кыскартылып, абактан чыгарылган жана дарылануу үчүн Дубайдан ары Испанияга учуп кеткени белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG