Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Саясат жана медиа: Журналисттик маектин оош-кыйыш жактары


Кыргызстандын алты президенти: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров (1990–2023).
Кыргызстандын алты президенти: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров (1990–2023).

Ар бир мамлекеттик ишмер, коомдук ишмер, саясатчы жана башка жарандар менен маектешүүдө эч айып жок. Маселе – кандай суроолордун кантип узатылышында. Тарыхчынын блогу.

Маектер жарандык коом үчүн өтө зарыл

Жакында белгилүү журналист атайын ат арытып барып, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын бозгунда жүргөн жеринен (Беларус өлкөсүнөн) маек куруп келди.

Интернеттин коомдук тармактарында “Бакиев менен маектин эмне кереги бар эле?” деген сын пикирлер жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыкты.

Биз саясатчы Курманбек Бакиев менен маек куруу өтө зарыл деп санайбыз.

Ар кандай саясатчы жана ишмер менен өз учурунда маек курууга жетишүү керек. Ар кандай саясатчынын тиги же бул суроо жаатындагы көз карашын, ал инсанды жакындан иликтегендер, сыртынан эле тон бычып баалай алышат. Балким, туура деле баалашы мүмкүн.

Бирок тиешелүү инсан өз оозу менен жооп айткан же видео тасмада өзү жаңсап-ишаара кылган, эмоциясын билдирген учурлар ал кишинин деңгээлин өз алдынча аңдагысы келген замандаштары үчүн четтен караган миң адистин сыртынан баалап айткан сөзүнөн алда канча артык турат.

Анткени закымдаган мезгил ар бир инсандын мурда өткөн тарыхый окуяга карата көз карашын өзгөртүшү деле ажеп эмес. Ал инсан көп жылдар өткөн соң кайсы бир жагдай үчүн терең өкүнүшү же кубанышы ыктымал. Демек, тиешелүү инсандын көз карашында өзгөрүү барбы, эгерде бар болсо, анда кайсы тарапка өзгөрүү бар? Бул маселелерди ортомчусу жок эле анын өз оозунан угуу – анын тагдыры жөнүндө ой жүгүртүү үчүн маанилүү.

Суроо кимдин атынан болушу мүмкүн?

Албетте, ар кандай эле саясатчы, аткаминер же башкасы тигил же бул суроо менен кайрылган медиа өкүлдөрүнө дароо жооп берүүгө ашыкпайт.

Оболу өз маңдайында кайсы медиа өкүлү тургандыгы, кандай аудитория үчүн ылайыкталган суроо узатылаары, суроо салган журналистти же медиа каражатын башкарып алууга мүмкүн же мүмкүн эмес экендиги, суроолор курч, ыңгайсыз, жарга такагыч болобу, же жооп берүүгө өтө жеңил болобу, деги журналист маектешин алдын ала иликтеп алдыбы, же жөн гана туш келди жолуга калып, сурамжылагысы келип жатабы, маекти кыскартып, бурмалап беришеби, же толук обого чыгарышабы же басылмага жарыялашабы? – ушул жана башка өңүттөр маек курууга чакырылган кишинин көөдөнүн ээлеп алышы мүмкүн.

Ал эми суроо узата турган журналист да өзүнүн соболдору жеке өзүнүн атынанбы, редакциялык тапшырманын негизиндеби, же коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнүн кызыкчылыктарына кыйыр кызмат кылабы? – бул сыяктуу өңүттөрдү да алдын ала акыл калчап тактап алууга тийиш.

Ким менен маектешүүгө болбойт?

Дал ушул суроого карата жооп жеке цензураны да, коомдун кайсы бир бөлүгүнүн, кайсы бир саясий топтун цензурасын да, кээде идеологиялык катаал цензураны да эске алууга түртүшү мүмкүн.

Маселен, демократиялык коомдордо деле маекке чакырылган киши ачыктан ачык расизмге, фашизмге, шовинизмге, этностук, диний жана башка гуманизмге каршы жиктелүүгө чакырса, анда айрым медиа каражаттары мындай маекти обого чыгаруудан же басуудан баш тартышат, бирок маек курган кишинин урунттуу ойлоруна карата тиешелүү кайчы жоопторду камсыздоо менен үзүп-үзүп жарыялашы ажеп эмес.

Коммунисттик өлкөлөрдө болсо идеологиялык “кайчылар” ар кандай “буржуазиячыл” делген көз караштарды кыркып салуу сыяктуу амалдарды аткарышат.

Кээде авторитардык өлкөдө саясий бир жактуулук деле идеологиялык өңүт жок туруп эле маекти обого чыгартпоого негиз болушу мүмкүн.

Маселен, Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушунда, 2015-жылы, “Азаттык” үналгысы мурдагы президент Аскар Акаев менен маек курган соң, “Азаттыктын” жергиликтүү шериги КТРК (ал кездеги жетекчиси Илим Карыпбеков) бул маекти обого чыгаруудан баш тартты.

Маекте А.Акаев үчүн ыңгайсыз суроолор деле камтылган, бирок КТРК жетекчилиги ал кездеги Ак үйдүн ээсинин ачуусуна тийип албоо үчүн дал ушундай цензурачыл кадамга барган.

Албетте, “Азаттык” үналгысы өзүнүн YouTube каналы аркылуу жогорудагы маекти баары бир калың журтка жеткирген.

Абактагы киши менен маек курууга болбойт, деген жаңылыш түшүнүк бар. А.Акаевдин тушунда оппозициячыл саясатчы Феликс Кулов абакта кезинде “Азаттык” үналгысы аны менен бир нече ирет үналгы маек уюштурууга жетишкен. Кийинчерээк ал акталган учурга да күбө болдук.

Саясатчылар Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров камакка алынып жаткан учурларды жана алардын тарапкерлеринин нааразылык жыйындарын чагылдырып жатып, “Азаттык” алардын бир катар тарапкерлеринен ырааттуу маек уюштуруп жатты.

Эмне үчүн? Себеби коомчулуктун калың катмары тиешелүү окуя боюнча жалаң гана расмий медианын же тигил же бул саясатчынын жактаган ЖМКлардын өкүлдөрүнүн таркаткан маалыматтары менен чектелбестен, бул окуя жаатында көз каранды эмес медиа булактарынын кошумча жана бейтарап чагылдыруусуна да муктаж.

Менин жеке пикиримде, маек уюштурууда “кайсы бир кишиден эч маек албагыла” деп табу коюунун өзү туура эмес.

Маекти алып баруучунун болочоктогу кадыр-баркы

Дагы бир маанилүү жагдай – журналист маекти алып бараарда өзүнүн күнүмдүк жеке тиричилик кызыкчылыктарын, учурдагы кызматтык зоболосун көздө тутпастан, узак жылдар өткөндөн жана өзү дүйнөдөн кайткандан кийинки учурдагы коомчулуктун таразасынан өтчү кесипкөйлүк беделин эске алып, ошого ылайык жүрүм-турумда болуусу зарыл.

Албетте, маектешке карата сылык же орой мамиле кылуу – бул жеке пенделик, жеке журналисттик мамиле гана болуп чектелбейт. Мында журналист өзү иштеген ЖМКнын да кесипкөйлүккө карата туруму чагылдырылат.

“Азаттыктын” гана эмес, Би-Би-Си, Си-Эн-Эн, Дойче Велле жана башка бир катар чет элдик медиа каражаттарынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, журналист ал түгүл каардуу диктатор менен баарлашканда да өзүн өтө сылык тутат, эч качан ызырынбайт, өктөм сүйлөбөйт, токтоо турат, бирок анын сылыктыгына карабастан, маектин нугун коногунун жообу эмес, ал өзү берген суроолор багыттап турат.

Орусиялык куудулдар бир сатиралык берүүсүндө алып баруучунун өз пикирин аудиторияга таңуулаган учурун шылдыңга алышкандыгы эсибизде. (ТНТ каналында 2021-жылы 21-февралда Азамат Мусагалиев жана башка куудулдар “Күндөрдүн биринде Орусияда” деген шоунун 17-түрмөгү катары сунушташкан бул берүү кремлчил үгүтчү, алып баруучу Владимир Соловьевду келекелейт, бирок кийин бул сатиралык тасма алиги шоунун интернеттеги барагынан да алынып салынган).

Балким, азганактай көрөрман өз оюн үгүт катары өзгөчө таңуулаган жана ал түгүл студиядагы коногун опузалаган алып баруучуну “эргул экен!” деп макташаар, бирок көпчүлүк калайыкка маекти же талкууну алып баруучу өзүн ортодо калыс кармап, суроо-жооптордун агымы аркылуу өз аудиториясына өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк гана жаратканы жагат деп ойлойм.

Кыргызстан, кантсе да, мурдагы жана азыркы президенттерибиздин авторитардык далаалаттарын канчалык сындабайлы (мында Роза Отунбаева гана чыныгы либералдыгын тастыктай алды), жалпы элдин эмгеги менен посткоммунисттик доордогу жарандык коомдун телчигиши жаатында айрым коңшуларынан ат чабымдай алдыга озуп кеткенсиди.

Тасма. Түндүк кореялык сыналгы алып баруучу континенттер аралык баллистикалык ракетанын жаңы түрүнүн сыноосу ийгиликтүү жүзөгө ашырылды, деп шаңдуу жарыялоодо. 28.11.2017.

Жогорудагы тасмадагыдай, Түндүк Кореядагы сыналгы каналындагыдай мамлекет башчыга көшөкөр кылып, кызыл өңгөчтөн чыккансыган үн менен үгүт жүргүзүү далаалаттары алатоолук сыналгы каналдарында азыр эч учурабайт. Анча-мынча кошомат орун алса да, көшөкөрлүк далаалаты Ала-Тоодо алда канча жымсал кетет. Маселен, оппозициячыл саясатчыны эфирге (маекке, талкууга, ж.б.) тек гана чакырбай коюшат.

Бул жаатта Түркиянын сыналгы каналдары алатоолук көп сыналгы каналдардан алдыга озгондой сезилди, анткени жок дегенде жаңылыктар бөлүмүндө аларда салыштырма тең салмактуулук сакталып жаткандыгын 2023-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө салыштырып байкадык.

Демек, мындагы журналисттер, алып баруучулар жаңылык таркатууда бейтараптыкты карманууга, өздөрүнүн болочокку бедели үчүн да кам көрүүгө умтулушат экен.

Арийне, Кыргызстандагы журналистика адистиктери жаатындагы факультеттерде алып баруучунун өзүнүн калыстыгы жана кадыр-баркы тууралуу канчалык дарс окутулат же машыгуулар өткөрүлөт, эч билбейт экенмин.

Маекти алып баруучу конокко сөздү анда-санда берген жана көп учурда өздөрү божурап сүйлөй берген учурлар азыркы тапта айрым көз каранды эмес блогерлердин өз интернет барагында жарыялаган баарлашууларынан да байкалып келет.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов "Азаттыкка" интервью берип, 2005-жылдагы март ыңкылабы жана андан кийинки саясий окуялар боюнча суроолорго жооп берди. 18.3.2009.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов "Азаттыкка" интервью берип, 2005-жылдагы март ыңкылабы жана андан кийинки саясий окуялар боюнча суроолорго жооп берди. 18.3.2009.

Айрым эл аралык мисалдар

Бир ирет мен орусиялык “Спутник” деген медиа каражатынын Бишкектеги бөлүмүнө конокко чакырылдым. Дагы бир маектешибиз – ошол кездеги саламаттык сактоо министри болгон замандашыбыз эле.

Дээрлик 45 мүнөттүк баарлашуу маалында алып баруучу мага бир гана суроо берди да, жалаң эле министр менен маек куруп туруп алды. Эң соңунда жыйынтыктоо сөзүн айтуу удулун да берген жок. Күлкүм аябай келди. “Эгерде жолтоо гана болгон конокко айлансам, анда мени эмнеге бул талкууга чакырды экен?” деген суроого бир-эки жообум бар.

Биринчиси, алиги алып баруучу өзүн “жылдыз” көрүп алган, бирок кимге көшөкөрлүк кылуунун да ыгын билет. Экинчиден, алиги медиада редакциялык талап деген төмөндөп кеткен экен.

Албетте, кээде алып баруучунун суроосуна тырчып, маекке чакырылган киши обого түз чыгып жаткан берүү маалында нааразылык иретинде сыртка чыгып кеткен учурлар да катталган. Мисалы, 2002-жылы 29-мартта Палестина бийлигинин ошол кездеги жетекчиси, маркум Йасир Арафат (1929–2004) Си-Эн-Эндин алып баруучусу Кристиан Аманпур айымдын бир суроосуна жаалы келип, түз ободогу маекти таштап кеткени да эсте калды.

Маекти алып баруунун кадыр-баркы журналистке гана таандык эмес, ал иштеген медиа каражатына да таандык олуттуу маселе.

Би-Би-Синин мурдагы кабарчысы Мартин Башир (Martin Bashir) 1995-жылы өзүнүн “Панорама” аттуу берүүсүндө айтылуу бекайым Диана менен маек куруп, кадыр-барктуу “Бафта” сыйлыгына татыган. Ал эми 2020-жылы Би-Би-Синин Башкы деректири Тим Дэйви мырза маркум бекайымдын бир тууганы Чарлз Спенсер мырзадан ошол маек үчүн расмий кечирим сурады. Көрсө, Диананы маекке келүүгө мажбурлоо үчүн Мартин Башир мырза Чарлз Спенсерге банктан алынды делген жалган маалымат кагазын көрсөткөн экен.

Ал эми өз учурунда бул маектин уюштурулушунан шек санап, жетекчиликке кайрылган жана ийгиликтүү саналган бул маектен соң жумушунан айрылган Би-Би-Синин мурдагы продюсери Марк Киллик (Mark Killick) мырзадан Би-Би-Си 2022-жылы 28-июнда расмий кечирим сурады.

Ал эми 2013-жылдагы оор кырсыктын айынан дарыланып жаткан германдык спортчу, авточабендес Михаэл Шумахер жалаң гана үй-бүлөсүнүн чөйрөсүндө каралып келет. Германиянын Эссен жергесинде жарык көрүүчү жана аялдардын маселелерин чагылдырган Die Aktuelle апталык басылмасы Михаэл Шумахердин үнүнө окшоштуруп, компүтер (жасалма акыл) аркылуу анын маеги делген жалган маекти чампалап чыгаргандыгы ашкереленип калып, 2023-жылы апрелде басылманын баш редактору Анне Хоффман (Anne Hoffman) айым кызматынан айрылды.

Германдык “Der Spiegel” басылмасы 33 жаштагы “беделдүү” журналист Клаас Релотиус (Claas Relotius) мырзанын жалган кабарлары үчүн 2018-жылы декабрда өз окурмандарынан кечирим сурады.

2018-жылдагы Германиянын “Жылдын мыкты кабарчысы” наамына татыган бул журналист жарыялаган 60 макаланын бери дегенле 14ү жалган, ойдон чыгарылган маалыматты, жалган маектин үзүндүсүн ж.б. камтыган экен.

Ал эми USA Today басылмасынын таланттуу журналисти саналган Жек Келли (Jack Kelley) мырза Чикагодогу “бир асман тиреген имаратта (небоскребде) террордук чабуул жасагысы келген пакистандык студент менен маеги” жана башка маалыматтарды “чыпалагынан соруп” эле чүргөп жаза салгандыгы ашкереленип, 2004-жылы кызматынан айрылган.

Кээде журналист чын эле окуя болгон жерге барат. Бир француз сыналгы журналисти Африкадагы аскердик кутум аракети болгон өлкөгө жетип баргыча, кутум майнапсыз аяктап, кырдаал тынчып калган экен. Анан ал жергиликтүү калайыктын өкүлдөрүнөн калп эле курал-жарактары менен атышымыш болгулачы деп суранып, аларды камерага тартып алат. Кийин анын жалган видеосун ошол эле африкалыктар ашкерелеп салышкан.

Ал эми Орусиянын “Биринчи каналынын” (“Первый канал”) кабарчысы Михаил Акинченко 2015-жылы апрелде Энесайга келип, Хакасиядагы токойдогу өрттү чагылдыра баштайт. Ал кырдаалды күчөтүп сүрөттөш үчүн өз колу менен чөп өрттөгөнү бат эле ашкереленип калган.

2016-жылы Казакстандын “Евразия” каналы (Орусиянын Биринчи каналыгын бул жумурияттагы филиалы) орусиялык журналист Владимир Познердин татынакай алып баруучу Аймира Шаукентаева менен “маеги” делген берүү обого чыккан соң, Познер мырза бул канал үчүн эч кандай маек алып барбагандыгын айтып чыккан.

Познер менен байланыштуу “фейк маектен” соң, 2016-жылы 20-декабрда бул каналдын Башкы редактору Руслан Смыков кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Жалган маектер жана жалган маалыматтар тууралуу болочокто да кайрылып турмакчыбыз. Эң башкысы, кабарчынын өксүгүнүн кесепети ал иштеген медиа мекемесинин ишеничтүү маалымат каражаты катары беделине да тийээри шексиз.

Уугум, сага айтам..., керегем, сага айтам...

Болочокку журналист кадрларга, журналистика кесибине атайын ЖОЖдо окуу аркылуу же өз алдынча талпынган жаш муундарга маекти жана баарлашууну алып баруу жаатында өлкөдөгү, чөлкөмдүк жана дүйнөлүк тажрыйбага өз алдынча сереп салууга чакырык жасаар элем.

Бул чакан блогум айрым жаш журналист адистерге жана болочокку журналисттерге кошумча ой чабыт үчүн жем таштаса, анда максатыма жеткеним ошол.

Албетте, “уугум сага айтам, уулум, сен ук, керегем, сага айтам, келиним, сен ук!” деген накыл кеп да бар эмеспи...

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG