Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Курултай: Кошалиев Аксакалдар кеңешинин төрагалыгынан да кетти


Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Үч күн мурда Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) баяндамачысы кызматынан кеткен Кадыр Кошалиев 25-майда Биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалык ордун да өткөрүп берди. Бул маалыматты 26-майда "Азаттыкка" төрагалык милдетти аткарууга киришкен Бейшенбек Абдразаков тастыктады. Ал Аксакалдар кеңешинде Кошалиевдин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Абдразаков 25-майда Бишкекте Аксакалдар кеңешинин жана президиумдун кеңейтилген жыйыны өткөнүн, анда Кошалиев өз ыйгарым укуктарын ага тапшырып кеткенин билдирди. Анын айтымында, жыйында Кошалиевдин айланасында соңку күндөрү жаралган маселе көтөрүлдү:

“Интернетте талкууланып жаткандын баары ошол жерде айтылды. “Курултайды уят кылдың” деп айтышты. Ал өзү журналист катары барганын, журналисттер ар кимден интервью алганга акысы бар экенин айтты. Эл талап кылды, өзү да туура түшүнүп, мага өткөрүп берип кетти. Эми курултай тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынса, жаңы делегаттар шайланып келет, ошондуктан төраганын орду деле талаш болбойт, анткени мөөнөтү деле бүттү".

Биринчи Элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. Анда Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Быйыл 15-майда Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан Бакиев 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган.

Улуттук телерадиокорпорациясы (УТРК) баяндамачысы Кошалиевдин бул интервьюсу анын жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

Кошалиев ал маеги тууралуу “Азаттыкка” мындай комментарий берген:

“Долбоор аркылуу мурдагы жетекчилер менен маектешели деген план бар болчу. 4-январда Москвада Аскар Акаевич менен маектешкем. Андан кийин 14-15-апрелде Минскиде Курманбек Бакиев менен маек болду. “Кыргыз ааламы” долбоорунда Кыргызстанды мурда жетектеген беш адамдан интервью кылып эфирге берели деген программабызда бар болчу”.

23-майда Кошалиев УТРКнын баяндамачысы кызматынан кеткенин жарыялаган жана "Жумушум да көп болуп жатат. Ошондуктан өз каалоом менен бүгүн арызымды жазып бердим. Бүгүндөн тартып бүтүндөй күчүмдү курултай мыйзамын кабыл алууга жана ушул иштерди иретке салууга жумшайм", - деп айткан.

Кошалиевдин курултайдын төрагалыгынан кетишин талап кылган жыйындар жер-жерлерде өткөнү кабарланган.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Элвира Сурабалдиева Кошалиевдин курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айтып чыккан.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG