Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Ташиев Зулушевдин кайниси кармалган иш боюнча айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин иши тууралуу айтып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын билдирди.

Кылмышка шек саналып кармалгандардын арасында баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экени буга чейин айтылган. УКМК башчысы Region телеканалындагы интервьюсунда келтирилген зыян эки эсе төлөнгөн учурда алар абактан чыгарыларын айтты.

"Булар Кытайдан товарлар келгенде аны Ошко алып барып кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп бажынын мөөрүн басып, бирок бош машина өтүп турган. Бул жерде акциздери, бажы төлөмдөрү төлөнбөй калды. Ар бир машинадан Кыргызстан 50 миң доллардын тегерегинде зыян тартып жатат. Биз 19 машинаны кармадык. Күнөөсүн тактай келгенде баш прокурордун кайниси дагы ошолордун арасында чыгып калды. Бардыгы эле жоопко тартпаса керек, камалбаса керек деп ойлошкон. Камабай эле койгула деп аракет кылгандар дагы болду. Ал азыр камакта. Алардын мамлекетке келтирген зыяны толук такталып бүттү, мыйзамда каралгандай алар зыянды эки эсе кылып төлөй турган болсо, аларды чыгарганга милдеттүүбүз. Мыйзамда ушундай берене бар. Алар азырынча бир дагы сом төгө элек", - деди Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы баш прокурор Курманкул Зулушев бул ишке кийлигишпегенин, бирок жагдайын сурап жатканын билдирди.

УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы жазылган.

Он күн мурда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бекеттери аркылуу жүк ташыган жаңы компаниялардын монополиясы, коррупция тууралуу дооматтарды жокко чыгарган.

Бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирген. Самат Исабеков анда экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлганын айткан. Бажыда паракорчулук толук токтоду деген билдирүү коомдо талкуу жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG