Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Лукашенко: Мен чалганда, Бакиев ыйлап жиберген...


Александр Лукашенконун Ксения Собчакка берген маеги өзгөчө ачык болгону белгиленүүдө.
Александр Лукашенконун Ксения Собчакка берген маеги өзгөчө ачык болгону белгиленүүдө.

Көп жылдан бери Кремлдин кыйышпас досу деп таанылган Беларустун ажосу Александр Лукашенко орустардын “Дождь” телеканалына маек берди.

Эки саатка созулган баарлашууда Лукашенко Украинадагы кризис, орусиялык оппозиционер Навальный, Беларустан башкалка тапкан Бакиев, чуулгандуу ишкер Березовскийдин өлүмү, сулуу айымдар, өз үй-бүлөсү жана Путиндин аялы менен ажырашканы жөнүндө суроолорго жооп берди.

Президент Александр Лукашенко "Эгер Алексей Навальный Беларуста оппозициялык активист болсо аны камап, кысмакка алууга уруксат бермек эмесмин" деди.

- Жок, мен аны эч качан каматмак эмесмин. Ал түрмөгө сала тургандай эмне жаман иш кылды? Өлкөнүн теңин уурдап кеткен миллиардерлердин жанында “Кировлестин” иши эч нерсеге татыбайт.

Орусияда оппозициялык активист, коррупцияга каршы күрөшкөн блоггер Алексей Навальный “Кировлес” ишканасынан 500 миң доллар кымырган деп айыпталган. Алгач Навальный 5 жылга соттолуп, кийин акталып чыккан. Азыр анын үстүнөн башка кылмыш иши козголуп, үй камагында отурат.

Украинадагы кризис тууралуу айтып жатып Лукашенко Киевдеги убактылуу өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалды жайгаруу максатын көздөсө, анда чыгыштагы “орусиячыл жикчилдер” менен түз сүйлөшүүгө баруусу зарыл деп ойлойт.

“Украина бирдиктүү мамлекет бойдон калышы керек. Мен президент болуп турганда Беларуста мындай окуя эч качан болбойт”, - деди Лукашенко.

Маек учурунда Лукашенко өзүнүн үй-бүлөсүнө жана орус президенти Владимир Путиндин аялы Людмила Путина менен күтүүсүздөн ажырашуусуна дагы токтолду.

Лукашенко аялы Галина Лукашенко менен 30 жылдан бери чогуу жашабайт, бирок аны менен мыйзамдуу никесин бузуп, ажырашпай турганын жашырган жок.

- Мен улуу балдарымдын энесин капаланткым келбейт. Кайненем Федоровна – менин жакын адамым. Ал мени аябай жакшы көрөт. Эгер ал болбосо мен президент болмок эмесмин. Менин көкүрөк күчүгүм Коля жана анын энеси менден эч качан аялың менен ажыраш деп талап кылган эмес, – деп ымандай сырын төккөн Лукашенко "Путин кимдир бирөөнүн катуу басымынан улам 30 жылга чукул бирге жашаган аялы менен ажырашты го" деп ой жоруйт.

- Балким орус президентинен бир сулуу ажыраш деп талап кылгандыр. Эми, аялдарда ал тургай президенттерге да таасир эткен сырдуу күч бар эмеспи, - деди Лукашенко.

“Биздин бирөөгө кимдир бирөө таасир этиши мүмкүн эмес", - деген журналисттин сөзүнө Беларус президенти: "Ксюшенька, Людмила (Путина) кечирген оор сыноону тагдыр сиздин башыңызга салбасын "- деп улуулук кебин айтты.

Жакында өткөн хоккей мелдешинде жаныңызда отурган жаш сулуу ким эле деген суроого ал "Беларустун сулуу бийкечи деп таанылган Дарья Шманай болчу. Ал мени менен эки жыл иштеген”, - деген Лукашенко президенттик администрацияда иштегендер өңчөй сулуу селкилер деп сыймыктанды:

- Мен маанилүү иш-чараларга барганда аткаминерлердин арасында шаабайым суз отурбайм. Эч качан андай болбойт. Бул менин приницибим. Менин бир тарабымда уулум, бир тарабымда сулуу бийкеч отурушу керек.

2013-жылдын март айында Лондондо көз жумган Березовскийди эскерген Лукашенко ал өз жанын өзү кыйганына ишенбей турганын билдирди. Орусиядан куугунтукталган Березовский Британ баш калаасынын сыртындагы үйүндө өзүнө өзү кол салганын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөткөн.

- Ал жашоону ушунчалык сүйчү. Жакшы жашоону эле эмес, деги эле жашоону сүйчү. Ал үңкүрдө, ийинде болсо дагы жашамак. Мен өз жанын өзү кыйганына ишенбейм.

Лукашенко эки сааттык маегинде Кыргызстанда бийликтен кулагандан кийин беларус жергесинен түнөк тапкан Курманбек Бакиев жөнүндө дагы сөз козгой кетти:

- Курманбекти баары таштап кеткенде, мен өзүнүн суранычы боюнча алып келгем. Ал кичине балдары, аялы менен жалгыз Казакстандын түштүгүндө качып жүргөн. Аны менен бирге аң улаган, “жүз граммдан чогуу таткан”, бир нанды бөлүп жеген достору таштап кеткенде мен өзүм чалып, акыбалын сурадым. Ал ыйлап жиберди. “Саша, биз экөөбүз дос деле эмеспиз. Бирок мен азыр балдар менен токойдо калдым. Жок дегенде балдарды алып кетчи, балдарымды куткарып калчы”, - деди. Мен көчөдө баратып сүйлөшүп жаткан элем. Жанымда анын уулу менен тең балам бар болчу. Мен анын абалын түшүнүп "Курманбек, эгер сен макул болсоң, мен балдарың менен кошо өзүңдү, үй-бүлөңдү көчүрүп кетем. Сен президент болчусуң жана мен үчүн президент бойдон кала бересиң” деп айттым. Андан кийин учак жиберип алдырып алдым. Жакында Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жолукканда, анын уул-кызы беларусча таптак сүйлөп калганын көрүп кубандым. Ал тургай кызы беларусча ырларды жатка айтып, биздин тилибизде беларустун балдарынан так сүйлөгөнүн көрдүм.

Быйыл алтымышка чыккан, Беларусту 20 жылдан бери башкарган президент Лукашенко Орусиянын менчик “Дождь” каналынын журналисти, Санкт-Петербургдун мурдагы мэри, Путиндин устаты саналган Анатолий Собчактын кызы Ксения Собчакка берген маеги жеке турмушундагы жана таанымал адамдардын көпчүлүк билбеген жактарын ачык айтканы менен өзгөчө болгону белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG