Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Атамбаев неге Беларуска барбады?


Минск, 23-октябрь, 2013-жыл
Минск, 23-октябрь, 2013-жыл

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын саммитине барбай калды. Муну мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей койгону үчүн расмий Минскке таарыныч катары кабылдап жатышат.

Беларустун борбору Минск шаарында жума күнү баштала турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитине кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев барбай, ордуна биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди жөнөттү.

Саммитте шериктеш өлкөлөрдүн ар тараптуу кызматташуусуна багытталган 17 документ каралат. Алардын ичинде Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү, 2015-жылды ардагерлер, 2014-жылды КМШ мамлекеттери ортосунда туризм жылы деп жарыялоо сыяктуу программалар талкууланат.

Мамлекеттер аралык программанын алкагында келерки жылы Ош жана Алматыны шериктеш өлкөлөрдүн маданий шаары деп атоо маселеси каралат. Мындан сырткары мамлекет башчылары кылмыштуулук менен күрөшүү, купуя маалыматтарды коргоо, КМШнын мындан кийинки ишмердүүлүгү туурасында сүйлөшөт.

Курманбек Бакиев, Тейит, 12-апрель, 2010-жыл
Курманбек Бакиев, Тейит, 12-апрель, 2010-жыл
Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү Атамбаевдин Минскке барбай калган себептерин ачыктаган жок. Серепчилер муну мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей койгону үчүн расмий Минскке таарыныч катары кабылдап жатышат.

2010-жылдагы апрель окуясында ошол кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев Беларуска качып, Минскте башпаанек тапкан. Андан бери Кыргызстан бул маселе боюнча Беларуска бир нече ирет кайрылып, бирок майнап чыккан эмес.

Шериктеш өлкөлөрдүн саммитин утурлай Беларус президенти Александр Лукашенко журналисттер алдында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү татаал болоорун, Кыргызстан Бакиевди унутушу керектигин айтып чыкты. Беларустун "Белта" агенттиги жазган маалыматка ылайык, Лукашенко Кыргызстанга тарыхтын жаңы барагын ачууну сунуштайт:

- Биз "эгер силер Беларус, Орусия, Казакстан аткарып жаткан бардык шарттарды аткара алсаңар Бажы биримдигине кошулгула. Өз өлкөңөрдө процедураларды өткөргүлө. Ошондо силерге баш тарта турганга негиз калбайт" деп ачык айттык. Мурдагы бийлик тушунда кызматташуу интенсивдүү жүрө баштаган. Азыр эми Бакиев маселесин кабыргасынан койдуңар. Мен түшүндүргөнгө аракет кылып атам. Жолдоштор, Бакиев тууралуу сүйлөгөндү токтоткула! Азыр Кудайга шүгүр тынчып калышты.

Александр Лукашенко
Александр Лукашенко
Лукашенко эки тараптуу мамилени жандандырууга КМШ өлкө башчыларынын саммити түрткү болорун белгилеген. Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов Бакиевди өткөрүп берүү сунушунан бир нече ирет баш тарткан Беларус менен саясий кызматташууну үзүү керек деп чыкты.

- Бакиевди бермейин саясий кызматташтыкты түзбөйбүз, экономика болсо боло берсин. Аларга чуркап барып, суранып, тигиндей-мындай кылбайлы. Эгер эле бизди кошуп алабыз десе, өздөрү келсин, сурансын. Биз да кыргыз эли үчүн пайдалуу нерсени чечип калалы. Ансыз деле Бажы биримдигине кошулсак товарлар эки-үч эсе кымбаттайт.

Ушул жылдын май айында шериктеш өлкөлөрдүн Бишкек саммитине да Лукашенко келген эмес. Ошондуктан Атамбаевдин бул иш-чарага барбай коюшун оң баалаган серепчилер да бар. Алардын бири Марат Казакбаев:

- Беларус Бакиевди экстрадициялоо маселесине такыр кол шилтеп жатат. Лукашенко ачык эле Бакиевди колдоп жүрөт. Ошондуктан биздин президент туура кылды, эмнеге бармак эле? Ал деле Бишкек саммитине келген эмес. Биз деле өзүбүздүн позициябызды тышкы аренада айтышыбыз керек, жөн эле кол көтөрө бербей.

Минск, 23-октябрь, 2013-жыл
Минск, 23-октябрь, 2013-жыл
Саясат таануучу Табылды Акеров президент Атамбаевдин Беларуска барбай коюшунун себеби Бакиевге эмес, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу деп эсептейт. Ал эми юрист Жыргалбек Турдукожоев жеке бир адамдын айынан эки өлкөнүн мамилеси бузулбашы керектигин айтат.

- Мамлекет менен алака түзүүдө бир адамга байланыштуу маселелер менен чектелүү туура эмес. Ага жол да берилбеши керек. Бирок Бакиев маселеси мамилеге таасир этет, бул эки мамлекет жетекчилеринин ортосундагы мамилеге биринчи кезекте таасир этет. Ачык эле айтыш керек, "Бакиевди канаттууга кактырбайм, тумшуктууга чокутпайм, ал ак киши, таза киши" деп актап атса, Атамбаев Лукашенкого ыраазы болуп же жактырып жаткан жок.

Бакиевди жана анын Минсктеги туугандарын өткөрүп берүү талабы менен Беларустун Бишкектеги элчилигинде бир нече митингдер болгон. Анда элчиликтин короосун, терезесин сындырган учурлар катталган. Дипломатиялык өкүлчүлүктү жабуу талабы да айтылган болчу.

Бүгүн Минскте Бажы биримдигине байланыштуу жыйын өтүүдө. Бажы биримдигине учурда үч мамлекет - Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Кыргызстан ага 2014-жылдын аягына чейин кошулууга белсенүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG