Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Прокуратура өкүлдөрү Беларуска жөнөп кетти


15-апрель, 2010-жыл, Ош шаары
15-апрель, 2010-жыл, Ош шаары

Кыргыз бийликтери жазадан качып, Беларуста жүргөн жарандарын алып келүү аракетин баштады. Ушул тушта Кыргызстандын күч органдарынан турган атайын топ кылмышка шектелген жарандарын алып келүү маселесин чечүү үчүн Беларуста жүрөт. Бул жерде кылмышка шектелген 50гө жакын Кыргызстандын жараны жашырынып жүрөт. Алардын көпчүлүгү Апрель ыңкылабынан соң президент Курманбек Бакиев менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен мурунку бийликтеги адамдар жана алардын жакындары.

Курамына Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кирген атайын топту Беларуска башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова баштап кетти. Алар эки өлкөнүн күч органдары менен карым-катнашты жакшыртып, Беларустун аймагында жашырынып жүргөн кылмышка шектүү кыргыз жарандарын өлкөгө өткөрүп алуу маселесин көтөрмөкчү.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, аталган өлкөдө качып жүргөн элүүдөй кыргыз жараны бар:

- Ал жерде жалпы тартип коргоо органдары түзгөн тизме боюнча 50гө чукул адам жашырынып жүрөт. Алардын көпчүлүгү Апрель ыңкылабынан соң качып кеткендер. Мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болуп, анын жакын жан-жөкөрлөрү, мурдагы аткаминерлер бул тизмеде бар.

Минскте жүргөн Жаныш Бакиев
Минскте жүргөн Жаныш Бакиев
Бакиевдер баш болгон мына ушул кылмышка шектүү жарандарды Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн эки өлкө кол койгон эл аралык келишимдерди аткаруу талабын Беларустун күч органдарынын эсине салганы жатышат. Бирок мындай аракеттерден майнап чыгабы деген суроо турат. Себеби Башкы прокуратура буга чейин деле бир нече ирет Беларустун күч органдарына Бакиевдерди кайтарып алуу үчүн өтүнүчүн жөнөткөн. Бирок расмий Минск ал өтүнүчтөрдү саясий куугунтукка туш болду деген жүйө менен орундатуудан баш тарткан.

Андан соң ушул жылдын февраль айында Бишкектин Аскер гарнизондук соту Медет Садыркуловдун иши боюнча Беларуста жашап жүргөн Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиевди өмүрү өткөнчө абакка кескен. Ошондон кийин Жогорку Кеңеш эл аралык парламенттик уюмдарга кайрылуу кабыл алып, Бакиевдерди Беларустан экстрадициялоого көмөктөшүүнү өтүнгөн болчу.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Максат Сабиров Кыргызстандын күч органдарынын Бакиевдерди кайтаруу аракетинен майнап чыгат деген пикирде:

- Бакиевдерди кайтарып алуу үчүн парламент колунан келген аракеттерди жасап, кызматташкан бардык тармактарында далалат кылып жатат. Өкмөт деле ошондой иштерди жүргүзүүдө. Менин оюмча мындай аракеттер абдан маанилүү. Себеби эл аралык коомчулук Бакиевдерди саясий куугунтукка кабылган адам катары кабыл алып жатпайбы. Ошондуктан бул маселени улам-улам көтөрүп, эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп турсак бул маселе ушул бойдон эле калбайт.

Анткен менен беларустук саясат таануучу Александр Класковский Кыргызстан кандай гана аракет көрбөсүн, учурдагы Беларустагы абалды эске алганда кандайдыр бир жыйынтык чыгаарына ишенбейт:

- Бул маселе боюнча беларус эксперттери Александр Лукашенко Курманбек Бакиев менен анын жакындарын Кыргызстанга өткөрүп бербейт деген пикирге ыктап турушат. Себеби Лукашенко 2010-жылы Бакиевге баш калка берип жатып, оор күнгө кабылган өнөгүнө жардам берип жатканын ачык-айкын эле билдирген. Андан бери Лукашенко позициясын өзгөрткөн жок деген ойдомун. Ошондуктан Бакиев баш болуп Беларустун аймагына кирген кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп бербейт. Буга Бакиевдерди узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу боюнча сот өкүмү чыккандан кийин деле Беларустун күч органдары экстрадиция боюнча өтүнүчтү канааттандырбаганы далил боло алат.

Ошол эле кезде Класковский Бакиевдерден башка кылмышка шектүүлөрдү Беларус эч кандай кыйынчылыгы жок эле өткөрүп бериши мүмкүн экенин четке какпайт.

Ички иштер министрлиги тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын балдары Марат, Максим, бир туугандары Жаныш, Акмат, Каныбек баштаган 10дон ашык адамга издөө жарыялаган. Булардын ичинен Максим Бакиев АКШнын өтүнүчү негизинде мыйзамсыз финансылык операцияларды жүгүрткөн деген айып менен Британияда кармалып, үй камагында отурат. Ал эми Бакиевдердин калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн дээрлик баары Беларуста баш калка алганы тууралуу маалыматтар айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG