Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Бакиевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири кармалды


Пайзулла Рахманов азыр Казакстандын Тараз шаарындагы тергөө абагында кармалып турат.
Пайзулла Рахманов азыр Казакстандын Тараз шаарындагы тергөө абагында кармалып турат.

Мурдагы президент Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири, издөө салынган Пайзулла Рахманов Казакстанда кармалганы ачыкка чыкты.

Пайзулла Рахманов коңшу өлкөдө Беларус жараны катары жашап жүргөн. Рахманов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири болуп, 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда бийликти кайрадан басып алууга аракет кылган топтун башында турган. Ал ортодо Беларус мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн расмий түрдө баш тартты.

Пайзулла Рахмановду Казакстан Кыргызстанга береби?

Пайзулла Рахманов быйылкы жылдын июнь айында эле коңшу өлкөнүн Жамбыл облусундагы Кордой кыштагында кармалган экен. Бирок анын кармалышы боюнча маалымат 5-сентябрда ачыкка чыкты. Аны кармоо боюнча операцияны кыргыз жана казак милициялары биргелешип өткөргөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Рахманов Казакстанда аты-жөнүн өзгөртүп, Беларус жараны катары жашап жүргөн:

- Оперативдүү иштердин негизинде мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер агенттигинин мурдагы башчысы жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдарынын бири Пайзулла Рахманов кармалды. Кармоо учурунда ал полиция кызматкерлерине 1956-жылы туулган Пазыл Ташбаевдин наамына жазылган Беларустун паспортун көрсөткөн. Ал паспорт 2011-жылы Минск шаарынын Биринчи май райондук паспорт берүү мекемеси тарабынан берилген экен. Учурда Пайзулла Рахманов Тараз шаарындагы тергөө абагында кармалып турат.

Пайзулла Рахманов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары аталып келет. Ал Бакиев кызматта отурган жылдары мамлекеттик “Көмүр” ишканасынын директору, Бишкектин Свердлов районунун акими жана мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин төрагасы кызматтарын аркалаган. 2010-жылдын апрель окуяларынан соң 19-20-апрель күндөрү Жалал-Абадда Курманбек Бакиевди колдогон митинг уюштуруп, облустук бийликти басып алуу менен өзүн губернатор катары жарыялаган эле.

Ошондон улам Рахмановго "массалык башаламандык уюштурууга катышкан”, “бийликти тартып алууга аракет кылган” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Буга улай эле мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турганда «кызмат абалынан ашыкча пайдаланган», «ишенип тапшырылган мүлккө кол салган» деген беренелер боюнча да айыпталган.

Андан кийин июнь окуяларында улут аралык чатактын уюштуруучусу катары да күнөө тагылган. Бирок июнь окуясынан соң өлкөдөн качып кетип, Башкы прокуратура ага издөө жарыялаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн катарында туруп, Бишкек шаардык милициясын жетектеген Туратбек Мадылбеков Пайзулла Рахмановдун кандай жагдайда качып кеткенин мындайча түшүндүрдү:

- Тартип коргоо органдары Рахмановду кармашы керек болчу. Кармаса болмок. Бирок ошол учурда тартип коргоо органдары ары эмес же бери эмес абалда болуп, каяктын буйругун угаарын билбей турушкан. Ошондон пайдаланып Пайзулла Рахманов качып кеткен.

Эми Рахмановду Казакстандын Жамбыл түрмөсүнөн Кыргызстанга өткөрүп алуу аракети жүрүп жатат.

Беларус Бакиевдин жан-жөкөрлөрүн да калкалайбы?

Ошол эле учурда Бакиевдин жан-жөкөрү саналган Рахмановдун Беларус жараны катары коңшу өлкөдө ээн-эркин жашап жүргөнү ар кандай жоромолдорду жаратууда.

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев бул Беларустун Бакиевдердин баарын канатына калкалап жатканынын айкын далили деп эсептейт:

- Бул нерсе Бакиевдин жан-жөкөрлөрү Беларуска топтолгонун бышыктап турат. Ал тургай Беларус расмий бийлиги аларды калкалоого алып, документтерине чейин даярдап берип жатат деген пикир жаратып жатат. Мындан улам мамлекеттик органдар, айрыкча Тышкы иштер министрлиги чечкиндүү чарага барышы керек. Балким ал өлкө менен дипломатиялык байланышты үзгөнгө чейин кадамдарга барыш керек.

Ал ортодо Беларус мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын расмий жарыялады. Беларус тараптын жүйөөсүндө Жаныш Бакиев саясий мүнөздө куугунтукталып жатат.

Жакында Беларус активисти Михаил Пашкевич Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп, сүрөткө тартып алган. Анын сүрөттөрү интернетке жарыяланып кеткен соң кыргыз коомчулугунда Беларус бийлигине нааразылык кайра жанданган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска кайрылып, Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Бирок Беларус тараптан тийиштүү жооп болгон эмес. Натыйжада Кыргызстан Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн чакыртып алган. 7-апрелде жакындарын жоготкон "Айкөл Ала-Тоо", "Мекен шейиттери" уюмдары Беларус элчилиги алдына нааразылык акцияларын уюштуруп, терезелерин сындырууга чейин барган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG