Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Жаныш Бакиевден “салам кат”


Беларус -- Михаил Пашкевичке Жаныш Бакиевден салам делген кат. 25-август, 2012.
Беларус -- Михаил Пашкевичке Жаныш Бакиевден салам делген кат. 25-август, 2012.

Издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп, сүрөтү менен интернетке жарыялаган беларус активисти эми коркутуу катын алганын айтып чыкты.

Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскидеги кымбат ресторандардын биринен чыгып баратканда сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жиберген беларус активисти Михаил Пашкевич эми “Бакиевден салам” деген коркутуу катын алганын билдирди. Ал каттын сүрөтүн да фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

"Азаттык" окуя кандайча болгонун сурап, Михалил Пашкевичке кайрылды.

- Михаил, сиз тарткан сүрөт бир топ чуу жаратып, Кыргызстан Беларустун Тышкы иштер министрлигине эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев боюнча нота жөнөтүп, элчини да кеңешүү үчүн Бишкекке чакыртып алган. Ушул окуядан кийин сиз коркутуу катын алганыңызды айтып чыктыңыз. Окуя кандайча болду?

Михаил Пашкевич
Михаил Пашкевич
- Тилекке каршы ошондой кат алдым. 24-август күнү сүйлөшкөн кызым менен кафеге баргам. Кафенин официанты дароо мага басып келип, “Сиз Михаилсизби?”- деп сурады. "Ооба" десем, кагаз кол аарчы (салфетка) берди, ачып карасам эле “Бакиевден салам” деп жазылып турат. Мен муну алгач тамаша го деп ойлоп, бул катты берген адам кайда экенин сурадым. “Жүзү бир аз кара тарткан, славяндарга окшобогон бирөө келип столго отурду да, барак сурап, ушул катты жазып, сизге берип коюумду суранды. Анан дароо чыгып кетти”, - деп жооп берди официант.

Окуя ушундайча болду. Анан мен досторумду чакырып, кафеден чогуу чыгып кеттик. Чыккандан кийин да артыбыздан бир минивен ээрчип келгенин досторум байкашыптыр. Демек муну менен узак оюн башталды деп ойлоп калдым.

- Эми мындан кандай жыйынтык чыгарасыз?

- Мен азыр бул силердин жердешиңер Жаныш Бакиевдин кылганыбы, же Беларустун атайын кызматы уюштурган ишпи так айталбайм. Себеби чукулдан эле кирген кафеге келип, тез аранын ичинде катты берип кеткени биздин артыбыздан ээрчип жүргөнүнөн кабар берет. Булар даярданганы көрүнүп турат. Муну ким уюштурса да “Михаил, унчукпай жүр!”- деген эскертүү катары кабыл алдым.

Жаныш Бакиев Минскиде, 17-август, 2012. (Михаил Пашкевич тарткан сүрөт)
Жаныш Бакиев Минскиде, 17-август, 2012. (Михаил Пашкевич тарткан сүрөт)
Себеби мен тарткан сүрөт олуттуу маселе жаратты, элчиңерди да кеңешүү үчүн чакыртып албадыбы. Ошон үчүн азыр мага укук коргоочулар колдон келишинче "сак бол жана жалгыз жүрбө" деп кеңеш берип жатышат.

- Бул окуяны сизди өзүнө жасаган пиар деп эсептегендер да жок эмес?

- Ооба, кыргызстандык айрым интернет колдонуучулар ошентип жазыптыр. Бирок ойлосоңор, Бакиевден пиар жасаш кимге кызык? Мен болгону мага жиберген катты гана интернетке чыгарып койдум. Мага өзүмдүн саясаттагы ишим, колдоочуларым жетиштүү, Бакиевдер аркылуу упай топтогонго муктаж эмесмин. Бизде азыр парламенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат, Бакиевсиз деле жумуш толтура...
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG