Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Акаевдер Бишкекке келди. Студенттер нааразылык билдирүүдө


Аскар Акаевдин УКМКга сурак берип чыккан учуру. 2-август, 2021-жыл
Аскар Акаевдин УКМКга сурак берип чыккан учуру. 2-август, 2021-жыл

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени талкуу жаратты.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдирди. Буга айрым студенттер нааразы болуп жатканы маалым болду. Өткөн аптада элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кулатылган дагы бир мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги талаш жараткан эле.

Бийлик жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча маалымат бере элек.

Кыргызстанды 15 жыл башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен.

"Акаев Бишкекте лекция окуйт"

Акаевдин жубайы менен кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга келгени 20-майда белгилүү болду.

Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" маалыматты ырастады.

Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

"Эми алар агасына (Акаевдин - ред.) куран окутуу үчүн Кеминге кетишет. Негизи ал Политех менен (Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети - ред.) Илимдер академиясында лекция окуйт. Датасы белгисиз. Кыргызстанда бир жумадан ашыгыраак убакыт болот. Майрам Акаева буга чейин эки ирет келип кеткен".

Маалыматтарга караганда, Аскар Акаев акыркы жумада Казакстанда болуп, жергиликтүү эки жогорку окуу жайында лекция окуган. Андан кийин жубайы менен Таласка барышып, Майрам Акаеванын апасына куран окутуп, кайра Казакстандын Тараз шаарына кетишкен. 18-майда "Ак-Жол" бекети аркылуу Кыргызстанга киришкен.

Бул - Аскар Акаевдин 2005-жылдан кийин Кыргызстанга үчүнчү жолу келиши. Ал 16 жылдан бери биринчи ирет 2021-жылдын 2-августунда келген жана муну “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу деп түшүндүргөн. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга чыгып кеткен. Ошол жылы 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берет деген негизде экинчи жолу келгени расмий кабарланган.


Мурдагы президенттин бул эки сапары тең жарандык коомдун, Март, Апрель окуяларынын катышуучуларынын нааразылыгын жараткан.
Быйыл январда Башкы прокуратура Акаевге каршы козголгон кылмыш иши "мөөнөтү өтүп кеткендиктен" кыскарганын билдирген.

Аскар Акаевге Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө бийлигинен же кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашуу түзүүдө жана 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоодо шалаакылык кылган деген айып тагылган.

Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин да автору.

Анын бул жолку сапары да талаш-тартыш, сын-пикирлердин чордонунда калды.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өлкөдөгү терс көрүнүштөрдүн башында Акаев турганын айтып, анын келишине жол берилгенин сынга алды:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

"Ошол компанияга баарын кармата берип атканда "мен ошону билбей калыптырмын, ага эки киши аралашыптыр" деп айтканы - адамгерчиликке жатпайт. Ал чындыгында болгон жоопкерчиликтин баарын өлгөндөргө жүктөп койду. 2003-2004-жылдары Акаев көптөрдүн колун толгоп, кысып отуруп, "Центеррага" (канадалык компания ред.:) "Кумтөрдү" өткөрүп бергенин билебиз. Аксы окуясына байланыштуу каза тапкан, жаракат алгандар бар. Ошого карабай Аксы окуясын деле танып атат. Кыргызстанга келсе келип аткандыр, ал кишинин деле тарапташтары, жакындары жок эмес. Бирок, жалпы коомчулуктан бул киши колдоо таппайт, ал эрдик кылган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө, анын эли башынан кечирип аткан оор жашоону, чектен, мыйзамдуулуктан чыгып кайра калыбыбызга келе албай аткандын башкы себепчиси - Акаев. Ошол эле Бакиевдин тарапташтарынын көбү азыр бийликте отурат. Алар Акаевди актагандан кийин Бакиевди да жеңил эле актап алабыз деген ойдо болууда. Акаевдин Үзөңгү-Куушту, "Кумтөрдү" бергени жалпысынан жымсалданып кетти. Аксы окуясында болсо жапа чеккендердин саны салыштырмалуу аз. Бирок Бакиевдер канчалаган кан кечти, алардын колу канга боелгон. Кандай болгон күндө да аларды эчким актап кете албайт, бул мүмкүн эмес".

Студенттердин нааразылыгы

Аскар Акаев лекция окуй турганы айтылган Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери 21-майда ректоратка кайрылышты.

Студенттердин бири Элхан Алыбаев соцтармактарга жарыяланган кайрылууда Акаевге лекция окутпоо талабы коюлганын билдирди:

"Аскар Акаев - биздин муун үчүн коррупциянын, уурулуктун, кыйроонун жана чыккынчылыктын символу. Менин оюмча, студенттердин көпчүлүгү ушундай ойдо. Анын келечегин уурдап алган жаш муунга лекция окугусу келгенин мен шылдыңдоо деп эсептейм".

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев 22-майда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдирди. Окуу жайдын ректору "Азаттыктын" суроосуна кыска жооп берип, эч кандай лекция болбой турганын айтты. Ал талкуу жараткан бул маселе кайдан чыкканын, лекциянын болбой калышына студенттердин нааразылыгы таасир эттиби, жокпу тактаган жок.

Ошол эле учурда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы лекция тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин жана аны жокко чыгаруу боюнча студенттерден кайрылуу түшпөгөнүн кабарлады.

Илимдер академиясы "Акаевдин лекциясы тууралуу маалымат туура эмес экенин жана алар менен дарс окуу боюнча буга чейин макулдашылбаганын" "Азаттыкка" ырастады.

Мунун алдында Билим берүү жана илим министрлиги бир дагы мамлекеттик окуу жайда мурдагы президенттин лекциясы пландалбаганын кабарлаган.


Эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти болгон Аскар Акаев өлкөнү 15 жыл башкаргандан кийин 2005-жылы төңкөрүштөн кийин бийликтен куулган жана үй-бүлөсү менен Орусиядан башкалка тапкан.

Эки президентти актоо аракетиби?

Коомчулукта бул мурдагы президенттерди актоо аракети катары сыпатталып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Акаевдин артынан бийликке келип, беш жыл өлкөнү башкарган соң 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Бакиевди да актоого далалат көрүлүп жатат деп эсептейт.

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

"Парламент албетте буга эч кандай реакция жаса албайт. Бирок Акаевдин моралдык укугу жок эле. Кыргызстанда Акаевге да, Бакиевге да болгон нааразычылык күч. Акаев келди, ал ээн-эркин өлкө аймагында жүрүү укугуна ээ болду. Демек, мындан улам элде "Бакиевдер да келсе болот экен да" деген түшүнүк пайда болду. Бийлик буга укуктук баа бериш керек эле. Тилекке каршы "келе беришсин эми, андан эмне болмок эле" деген сыяктуу ойду жеткирип, акырындык менен элди көндүрүү аракети болуп жатат. Булардын келиши абалдын курчуп кетишине гана түрткү болот. Азыр бийлик Акаевдин сурак бергени боюнча, эмнелерди айтканы, кандай кошумча маалымат бергени тууралуу ачык эч нерсе айтпай турат, бул ачыкталышы керек болчу. Кадыр Кошалиев бир эмес, эки президенттен удаа маек алып, чыгарып атканы атайын сүйлөшүлгөн иш болушу мүмкүн, балким алдын ала бул жерден макулдашып алышкандыр. Кыргызстанда коомчулук күчтүү деп эсептейм, анык себептери, эмнеге байланыштуу мындай иш жасалып атканы жакынкы күндөрү ачыкталышы толук ыктымал. Кадыр Кошалиев курултайдын төрагасы болуп туруп, ушул ишке барганы да курултайды деградация кылууга жатат", - деп ой бөлүштү Эмил Токтошев.

Акаев Кыргызстанга келерден мурда, 18-майда YouTube интернет баракчасына анын видео маеги жарыяланган. Аны УТРКнын журналисти, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган. Мунун алдында, 15-майда Кошалиев Курманбек Бакиевден алган видео маекти жарыялаган.


Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев мындай көз карашын айтты:

"Менин жеке оюмда, Беларуста Лукашенконун күнү бүткөнсүп баратат. Бакиев эл аралык издөөдө болгондуктан, ал бир жерге чыкса кармалып калышы мүмкүн. Ошондуктан юридикалык жагын кичине болсо да жеңилдетип, Кыргызстанга келбесе да башка чет жерге чыгууда өзүн эркин алып жүрүү, жашоо үчүн аракетин жасап атат. "Мына, өзү сотко жооп берем деп атат" деп туруп, иштерди бузуп, мурдагы соттун өкүмдөрүн жокко чыгаруу менен кайра каралат дегенден тарта, соттолбогон киши болуп калат. Муну менен ал ээн-эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүн, укугун алып алат. Булардын башкы жана азыркы максаты мына ушул деген пикирдемин".

Кадыр Кошалиев менен дээрлик бир саатка созулган интервьюсунда Бакиев 2010-жылдагы Апрель окуясы жана анын бийлигинин тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген. Анда Бакиев анын бийликтен кетишине, төңкөрүшкө үчүнчү күчтөрдүн кийлигишүүсү түрткү болгонун айткан. Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин белгилеген.

Бакиевдин маегин апрелчилер кескин сындап чыгып, аларды жазага тартууну талап кылышкан.

Бул маектен кийин журналист Кадыр Кошалиевге чара көрүлсүн деген талаптар, соцтармак колдонуучуларында, парламентте да көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында буга минтип жооп кайтарды:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Жаран катары Курманбек Бакиев өз кызыкчылыгын жана укугун коргоого укугу бар. Бул кылмыш иши боюнча сотто же өлкөнү башкарган учурдагы ишине тарыхый баа берүү үчүн коом алдындагы жоопкерчилиги болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, азыркы жетекчиликтин позициясы – элди консолидациялоо, улуттук консенсуска жетүү. Экс-президенттер кандай болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары бөлүп-жаруунун ордуна бул саясатты колдосо болмок”.

80ден ашык адамдын өмүрүн алган кандуу Апрель окуясына байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев жана тун уулу Марат Бакиев 30 жылдан, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою кесилген. Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектеген Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоодон кийин кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Акаевдин Кыргызстанга келиши, анын жана Бакиевдин маектеринин удаа жарыяланышы элдин маанайын байкоо, көндүрүү максатында атайын даярдалган деп ойлогондордун бири:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

"Бийлик башындагылар Дубайда мурдагы президенттерди чогултуп, анда ынтымакка чакырык жасаганын, эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жок кылууга аракеттенип, эски таарынычтарды жок кылып, ачык сүйлөшүү үчүн жасаганын айткан. Бирок аныгы андай эмес, Акаевдин келиши да жөн жерден деп ойлобойм, мунун баары Бакиевди реабилитациялоо аракети деп бааласак болот. Элди алдоо мүмкүн эмес. Бул дестабилизацияга алып келиши ыктымал. Реабилитация бул тарыхый көрүнүш, ал пиар аркылуу жасалбашы керек. Бакиевдин күнөөсү сотто далилденип, анын уулунун, инисинин да көп туура эмес иштерге катышы бар экени аныкталган. Ал күнөөсүн жууш үчүн жазасын алып, эркиндигинен ажыратылышы керек эле. Коомго "ынтымакты" таңуулоо - элдин кыжырын кайнатат".


Быйыл 18-февралда Кыргызстандын мурдагы беш президенти жана азыркы президентинин Дубайда бир жерге чогулганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганын айтып, айрымдар анын мындай кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сынга алгандар да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG