Камактагы Максат Кунакуновдун жубайы президент Жапаровго кайрылды

Максат Кунакунов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер, камактагы Максат Кунакуновдун келинчеги Кенже президент Садыр Жапаровго кайрылып, күйөөсү мыйзамсыз кармалганын, аны алдап кеткен жаран «президенттин атын сатып тергөөгө таасир этип» жатканын билдирди.

«Жолдошумдун мыйзамсыз камалышына Абдыманап Бегишев жана Улукбек Ырысбеков деген адамдар себепчи болуп жатышат. Абдыманап Бегишев, «Манап» деп таанылган киши менен Улукбек экөө Максаттын ишенимине кирип, аны алдап, биз жашап жаткан үйүбүздү жана бизнесибизди нотариалдык түрдө өздөрүнө өткөрүп алышып, ага дагы тойбой, күйөөмдү каматып салышты, - деп жазды ал Фейсбуктагы постунда.

Кайрылуунун автору тергөө амалдары адилетсиз, бир тараптуу жүрүп жатат деп эсептейт.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз д атасыз. Сиздин да башыңыздан ушундай күндөр өткөн. Менин үнүм эч жакка жетпей койду. Бардык үмүтүм сизде. Мага жардам бересиз деп ишенем», - деп жыйынтыктайт катын Кенже Кунакунова.

Ушул эле күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы М.К аттуу жарандын (Максат Кунакуновдун ысымына дал келет) түшүндүрмө жарыялады.

Маалыматка караганда, И.Т. аттуу жаран У.Ы. аттуу адамдын үстүнөн арыз менен кайрылган. Арызда ал ишенимине кирип, Бишкекте базар куруу жана соода орундарын берүү шылтоосу менен ири суммадагы акча алганын билдирген.

Арызда айтылгандай, жалпы келтирилген зыяндын көлөмү 3 миллион 450 миң долларды же 301 миллион 702 миң 500 сомду түзгөн.

Башкармалык маалымдагандай, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө У.Ы. жана М.К. аттуу эки жаран кармалып, Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин аларга айып тагылып, Биринчи май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.

Милиция учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатканын кошумчалады.

Кунакуновдун уулу Амир Ала-Арча капчыгайында каза болуп, шейшембиде жерге берилди. Атасы баласын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Дагы караңыз

Президенттикке алты талапкер: Садыр Жапаров арыз берди Адылбек Касымалиев Кунакуновдун өлүмүн териштирүүнү тапшырдыӨКМ 14 жаштагы Кунакуновдун өлүмү үчүн "моралдык күнөөнү сезерин" билдирди