Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Москвадагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. “Ынтымак ордо” маалымдагандай, Жапаров кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө көңүл бурганы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.
“Мамлекет башчылары соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, энергетика, өнөр жай жана финансы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты”,-деп жазылган маалыматта.
Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта Путин Кыргызстан негизги соода өнөктөш бойдон калганын, тышкы сооданын 26% кыргыз тарап менен экенин айткан.
Жапаров Кыргызстанда учурда өндүрүш, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда орусиялык капитал менен иштеген эки миңден ашык компания бар экенине токтолгон. Ал Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кошумча капитал бөлүнгөнү үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.
11-ноябрда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити өттү. Жыйындын алкагында 18 документке кол коюлду.