Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун 11-ноябрда Москвада өткөн жыйынында Армения уюмдагы добуш берүү жана жогорку кызматтарга өкүлүн дайындоо укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жыйындан кийин журналисттерге билдирди.
ЖККУнун саммитинде Армениянын макамына байланыштуу маселе каралары алдын ала белгилүү болгон. Мындай чечимге Еревандын эки жылдан ашык убакыттан бери уюмга мүчөлүк акыны төлөбөй келгени негиз болгону белгиленген.
Армения 2024-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоткон. Андан бери ЖККУга мүчө мамлекеттердин бир катар жыйындарына катышкан жок. Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын бир канча жолу билдирген.
Арменияда Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам 2025-жылдын январь айында кабыл алынган.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ушул жылдын май айында Астанада өткөн саммитте Арменияны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБдин курамында калуу маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө чакырышкан.
Никол Пашинян бул сунушту буга чейин да четке каккан.
Шерине