Казакстанда өлкөнүн улуттук бакубаттуулук фонду – "Самрук-Казына" компаниясынын башкармасынын төрагасы Нурлан Жакупов жана "Казакстан темир жолу" компаниясынын башчысы Елжас Отыншиев коррупцияга байланыштуу кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
Кайсы берене менен кылмыш иши козголгону так айтылган эмес. Мекеме тергөө амалдары жүрүп жатканын, сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшү Жазык-процессуалдык кодекске ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кабарлады.
Жакупов менен Отыншиевден тышкары башка кызматкерлер да кармалган, бирок алардын ысымдары көрсөтүлгөн эмес. Жергиликтүү медиалар атайын кызмат башка жетекчилерди да кармаганын жазышты. Айрым маалыматтарга караганда, алар пара алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.
- "Самрук-Казына" - Казакстандын 2008-жылы негизделген улуттук бакубаттуулук фонду. Анын жалгыз акционери – казак өкмөтү. Фонд өлкөнүн мунай-газ, транспорт, энергетика жана телекоммуникация тармактарындагы эң ири активдерин, анын ичинде "КазМунайГаз", "Казатомпром", КТЖ, Air Astana, "Казахтелеком" жана KEGOC компанияларын башкарат.
- 2023-жылы президент Касым-Жомарт Токаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеп келген фонддун башкаруу кеңешин тараткан.