Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кызматтан алынды

Идрис Кадыркулов.

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан алынганын "Ынтымак ордо" 13-ноябрда билдирди. Анын эмне себептен кызматтан кеткени маалыматта көрсөтүлгөн эмес.

Президент Садыр Жапаров 8-ноябрда Москва районунун жашоочулары менен жолугушууда бир жаран Идрис Кадыркулов жана анын туугандары боюнча маселе көтөргөн. Өзүн Таалай деп тааныштырган жаран Кадыркуловдор Ак-Суу айыл аймагындагы "колхоздон калган имаратты жана башка мүлктөрдү жеке жакка мыйзамсыз чыгарып алганын" айткан. Президент бул жагдайды териштирүүнү прокуратурага тапшырган.

Кийин элчи Кадыркулов кайрылуу боюнча комментарий берип, аны өзүн каралоо аракети деп мүнөздөгөн. Ал Совет мезгилинен калган Карл Маркс колхозу кийин бөлүштүрүлүп, үлүшкө берилгенин, анын катарында ата-энеси да 25 сотых жер алганын айткан. 2004-жылы туугандары кооператив түзүп, имаратты башка колдон сатып алганын түшүндүргөн.

55 жаштагы Идрис Кадыркулов бул дипломатиялык кызматка 2022-жылдын 25-январында дайындалган.

Ал 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин УКМКны жетектеген. Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Дагы караңыз

Казакстанда темир жол ишканасынын жана "Самрук-Казынанын" жетекчилери кармалдыNvidia компаниясынын башчысы Женсен Хуанг кызматтан кеттиКубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун жетекчилигине шайландыБШКга президенттикке талапкер болуу үчүн 11 жарандан арыз түштү