Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" 13-ноябрда билдирди.
62 жаштагы Исаев 2022-жылдан бери тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Ушуну менен Исаев экинчи ирет Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды. Буга чейин 2015-2019-жылдары бул кызматты Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчилик менен айкалыштырып аркалаган. Ошол эле учурда НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп турган.
2019-жылы Кыргызстандын Индиядагы элчиси болгон.
Кыргызстандын Бельгиядагы мурдагы элчиси Айдит Эркин 9-ноябрда кызматтан алынып, Пакистанга элчи болуп дайындалган эле.