15-ноябрга караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын бир катар аймактарына, анын ичинде Татарстанга жана Ростов облусуна сокку урду.
Татарстанда украиналык мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, Нижнекамск шаарындагы "Нижнекамскнефтехим" заводу жабыркаган. Бул маалыматты ASTRA басылмасы да талдаган материалында ырастаган.
"Нижнекамскнефтехим" - Европадагы ири мунай-химиялык комплекстердин бири. Ишканада синтетикалык каучук өндүрүлөт. Ал "Сибур" компаниясына таандык.
Татарстан бийлигинин маалыматына ылайык, чабуулдан үч адам жабыркаган. Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев өнөр жай аймагындагы объектилерге жана көп кабаттуу турак үйгө зыян келтирилгенин билдирди.
Ростов облусунун Таганрог шаарында эки электр көмөкчордону бутага алынган. ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, алардын бири - "Таганрог-10" көмөкчордону шаарды жана анын өнөр жай аймагын электр энергиясы менен камсыздайт.
Облустун губернатору Юрий Слюсарь чабуулдан көмөкчордондун башкы инженери каза болгонун, дагы төрт адам дрондордун "сыныктары" чачырагандан улам жараат алганын билдирди. Жол көпүрөсү бүлгүнгө учурагандыктан Таганрог-Пассажирский жана Михайловка станцияларынын ортосундагы темир жол каттамы токтотулган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде Украинанын 553 дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бул акыркы мезгилдеги орточо көрсөткүчтөн кыйла көп.
Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастаган жок. Украинанын аскердик жетекчилиги азырынча чабуулдар боюнча комментарий бере элек.