Украинанын Одесса облусундагы Черноморск шаарына 15-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы сокку уруп, кеминде алты адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, энергетикалык инфраструктура, административдик имарат жана турак үйлөр жабыркаган. Кампа жайларында өрт чыккан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Черноморск шаарына сокку урулганын ырастап, порттогу паром терминалы, порт башкармалыгы жана электр көмөкчордон бутага алынганын билдирди. Орусиялык аскерлери Кара деңиздеги жүк ташуучу кемеге жана эки тепловозго дагы сокку урганы маалым болду.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын 100дөн ашык дронун жок кылган же зыянсыздандырган. Ошол эле учурда 20 жерде дрондордун соккусу катталганы кабарланды.
Акыркы суткада Украинанын фронтко жакын аймактарына да чабуулдар жасалган. Запорожье облусунда 30дай адам, Харьков жана Донецк облустарында кеминде 18 адам жабыркаганы маалымдалды.
Шерине