Тилсиз жоо 15-ноябрга караган түнү Уста Абдухалил көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу кабар 101 номуруна саат 04:42де түшкөнүн, аны өчүрүүгө эки бөлүмдүн жана штабдын кызматкерлери жөнөтүлгөнүн билдирди.
Тилсиз жоодон үй-бүлөнүн 13, 10 жана сегиз жаштагы үч кызы чарчап калган.
ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Улан Жусубалиев кырсык тууралуу мындай маалымат берди.
"2026-жылдын 15-нобрь күнү эртең менен 4:42де Ош шаарынын Абдулхалил көчөсүндөгү №31 үйдө өрт чыкканы боюнча маалымат түшкөн. Маалымат алары менен башкармалыктын №12 өрткө каршы кызматынын 1-бөлүмү 4:50дө келип, жеринде кошумча күчтү, 2-бөлүмдү чакырган. Келген учурда турак үйдө өрт чыгып, алоолоп күйүп жаткан. Саат 5:20да чектөөгө алынып, үйдүн ичинен үч өспүрүмдүн: 2013, 2016 жана 2018-жылы төрөлгөн өспүрүмдөрдүн жансыз денеси чыккан. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Негизги себеп - бул турак жайдан өрт чыкканда маалымат берилбей, өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан. Ошол себептен өрт алоолонуп, жалындап кеткен. Өспүрүмдөрдү куткарууга мүмкүнчүлүк болбой калган".
Улан Жусубалиевдин айтымында, үйдөгү башка эки өспүрүмдү ата-энеси өз алдынча куткарууга жетишкен.
Биз барган тушта маркумдарды жайга алып кетишкени белгилүү болду.
Өрт чыккан үйгө жакын жашаган Ирсолат Абдиева өрт катуу болгондуктан балдарды куткара албай калышканын айтып берди.
"Саат үч жарымдарда турганымда тынч эле болчу. Намазга эртерээк экен деп кайра жаткам. Саат төрт чамасында сырттан жарылуу болгондой тарсылдаган үн чыкты. "Эмне жарылып жатат болду экен?" деп көчөгө чуркап чыксам, атасы менен апасы көчөдө жардам сурап жүрүптүр. "Балдар ичкериде калышты" деп кыйкырып жатышты. Балдарымды ойготуп, коңшуларымды ойготтум, баарыбыз чуркап чыктык. Өрт өчүргүчтөр кеч келиштиби билбей калдым, балдарды куткарууга мүмкүн болбоду... Катуу күйдү, аябай катуу күйдү. Атасы бечара аябай аракеттенип куткарам деп жатып өзү дагы күйүп калыптыр, аны "Тез жардам" менен чогуу ооруканага алып бардым. Кайра келсем, кыздарды сөөгүн алып чыгып атышкан экен. Аларды өлүкканага алып кетишти, мен ал жакка да барып, кайра балдарды (сөөктөрдү) алып келдим. Эмне кылабыз эми.. атасы менен апасына сабыр берсин. Чоң атасы менен чоң энеси бүгүн Умрадан келишмек. Үч кыз, бир тууган эже-сиңдилер. Атасы куткарам деп аябай аракет кылды, өзүн өрткө таштап жатты, бирок колунан келбеди, өзү күйүп калды", - деди Ирсолат Абдиева.
Ош облустук ооруканасынын жетекчиси Атабек Жумалиев үйдүн ээси, 35 жаштагы эркек жандандыруу бөлүмүндө жатканын ырастады.
"Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө бейтапты алып келишкен. Денесинин 37-38% күйгөн. Азыркы учурда абалы туруктуу оор. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат".
ӨКМ билдиргендей, өрт 07:57де толук өчүрүлгөн. Жалын болжол менен 143 чарчы метр аянтты каптаган.
Бул Ош шаарындагы өрткө байланыштуу биринчи кырсык эмес.
Буга чейин 5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар чарчап калган.
Апрель айында Ош шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги жер үйдө чыккан өрттөн бир адам набыт болгон.
Былтыр октябрда Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза тапкан.
Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги электр жабдууларын туура пайдаланууга, бузук же кооптуу зымдарды колдонбоого жана үйдөгү өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырып келет.
Соңку айларда Кыргызстандын аймагында бир канча өрт чыгып, коомдук эс алуучу, тамактануучу жана соода жайлары күйүп кетти.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кыргыз жарандарын үйүн жана мүлкүн камсыздандырууга чакырып келет. Мындай учурда өрт же башка табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга кенемте төлөнөт.
Шерине