Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

"Супара" этно-комлексиндеги өрттө үч киши жабыркады, толук өчүрүү иши уланууда

Чуңкурчактагы "Супара" этно-комплекси өрттөн кийин. 5-ноябрь, 2026-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.
Чуңкурчактагы "Супара" этно-комплекси өрттөн кийин. 5-ноябрь, 2026-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чуңкурчактагы "Супара" этно-комлексиндеги өрт түнкү саат 01:15те чектөөгө алынганын, учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын 5-ноябрда кабарлады. Жалпы төрт өрт өчүрүүчү машине, ошондой эле "Тез жардам" кызматы тартылган. Ыкчам топ жеринде абалды көзөмөлгө алып, өрттүн токойго жайылышына жол бербей сактап калышкан.

"Супара Чуңкурчак" этно-комплексинде 4-ноябрдын түнү өрт чыккан.

Саламаттык сактоо министрлиги өрттөн үч киши жабыркаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы түтүнгө уулунган бирөө ооруканага жаткырылып, экөө дарыгердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Абалдары канааттандырарлык экени айтылды.

Этно-комплекстеги өрт тууралуу күбөлөрдүн видеолору социалдык тармактарга тарады. Андан комплекстеги жайлардын бири жалбырттап катуу күйүп жатканын көрүүгө болот.

ӨКМ жабыркагандар бар-жогу жана өрттүн себептери тууралуу маалымат бере элек.

Этно-комплекс Бишкектен 40 чакырым түштүктө, Чуңкурчак капчыгайында, токойдун жанында, деңиз деңгээлинен 2150 метр бийиктикте жайгашкан этно-резорт жана эс алуу борбору.

Аны белгилүү ишкер, маркум Табылды Эгембердиев негиздеген. Анда көчмөн маданиятын чагылдырган өзгөчө боз үйлөр, "Бешик" отелдери, үч кабаттуу улуттук ресторан жана башка жайлар бар. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG