Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Орусиянын дизелин тарткан танкерлер АКШга жөнөшү мүмкүн

Agioi Fanendes танкери
Agioi Fanendes танкери

Украин бийликтеринин айтымында, 300 миң тоннадан ашуун орус дизелин ташыган сегиз танкер учурда АКШга багыт алышы мүмкүн. Бул тууралуу "Свобода" радиосунун кабарчысына украин өкмөтүндөгү булактар билдирди. Кемелердин жетөө белгиленген жери катары Америка Кошмо Штаттарын көргөзгөн, сегизинчи, Грекиянын Athina M танкери да АКШга барат деп болжолдонууда.

Европа биримдигинин санкциялык тизмесиндеги төрт танкер, Leruo, Primorye, Manta и Feliks Орусиянын көмүскө флотунун бир бөлүгү деп эсептелет.

Октябрдын башында эки өлкөнүн лидерлери орус дизелин АКШнын жана дүйнөлүк рыноктун керектөөсү үчүн жеткирүү боюнча макулдашканы белгилүү болгон. Көп өтпөй АКШнын Каржы министрлиги Американын санкциясында турган орус дизели боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген лицензия чыгарган. Бул уруксат 2027-жылдын 7-апрелине чейин күчүндө болот. Трамп бир нече млн тонна орусиялык күйүүчү майды АКШга ташууну макулдашканын билдирген.

Орусиянын дизелин тарткан танкерлер ушул жана келерки апта америкалык портторуна барышы керек. Буга чейин айрым байкоо салган топтор АКШга багыт алган танкерлердин жалпы саны 13кө жетиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Буга чейин Нью-Жерси штатынын губернатору, демократ Микки Шерилл порт жетекчилерине жана терминалдын операторлоруна орус дизелин кабыл алуу федералдык мыйзамды бузууга алып келерин эскерткен. Ал күйүүчү майдын Нью-Жерси портторунда кабыл алынышына жол бербөө үчүн мыйзамдуу чараларды көрүүгө убада берди.
Демократ сенаторлор жана айрым республикачылар Трамптын администрациясынын Орусиядан күйүүчү май ташууга тыюу салууну токтотуу чечимин мыйзамсыз деп эсептешет. Трамптын администрациясы муну четке кагып, америкалык керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө аракет кылууда. Айрым эксперттер орусиялык күйүүчү майдын сатып алуусу анын салыштырмалуу аз көлөмүн эске алганда, баага таасирин тийгизеринен күмөн санашат.

Президент Трамптын Республикачылар партиясы 3-ноябрда өткөн Конгресске орто мөөнөттүү шайлоодо утулуп калды. Трамп өзү жеңилүүгө Иранга каршы согуштан улам күйүүчү майдын кымбатташы себеп болушу мүмкүн экенин моюнга алды.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG