АКШнын бир катар ири маалымат каражаттарынын божомолуна караганда, 3-ноябрдагы шайлоодо демократтар Сенат менен Өкүлдөр палатасын президент Дональд Трамптын республикачыларынан тартып алууга жетишти.
Мындай жыйынтык демократтарга федералдык чыгымдарды көзөмөлдөөдө, администрациянын ишин иликтөөдө жана президенттик дайындоолорго таасир этүүдө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. The New York Times гезити жазгандай, Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын кабыл алууга жана демократтар менен кызматташууга даяр экенин билдирген.
«Биз демократтар менен иштейбиз жана, билесиздер, алар менен кызматташууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Балким, бир нерсени макулдашып алабыз», — деди Трамп.
Ошол эле учурда Трамп дипломатия жана аскердик операциялар боюнча кеңири ыйгарым укуктарын сактап калат. Мындан тышкары, республикачылардын каршылыгы жана президенттин вето укугу демократтардын жеңишин мыйзамдар аркылуу ишке ашыруу аракеттерин чектеши мүмкүн.
Бул шайлоо АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу уланып жаткан, Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу баскынчылыгы токтобогон жана Вашингтондун Москвага карата саясаты эки партиянын ортосунда талаш жаратып турган шартта өттү.
Конгресстин жаңы курамы үчүн тышкы саясаттагы эң жакынкы сыноо Иран менен жаңжал маселеси болушу мүмкүн. Демократтар шайлоо өнөктүгү учурунда энергиянын наркынын жогорулашына жана экономикалык белгисиздикке алып келген бул согушту токтотууга убада беришкен.
Эки палатаны тең көзөмөлдөө алардын администрациянын ишин тыкыр көзөмөлдөшүнө, аскердик чыгымдарды талкуулоого жана аскердик операцияларга чектөө киргизүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.
New Lines стратегия жана саясат институтунун программа жетекчиси жана улук талдоочусу Дания Арайсси "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна шайлоонун жыйынтыгы Трампты согуштан дипломатиялык жол менен чыгуу чечимин кабыл алышына түрткү болушу мүмкүн экенин айтты.
«Шайлоонун жыйынтыгы, айрыкча демократтардын Өкүлдөр палатасы менен Сенатта жеңишке жетиши, Трамптын администрациясын согуштан чыгуу стратегиясын иштеп чыгууга сөзсүз түрдө алып барат. Айрыкча дипломатиялык ыкмалар жана сүйлөшүүлөр аркылуу», — деди ал.
Арайссинин айтымында, Конгресстин жаңы курамы январда ишке киришкенден кийин демократтар согушка кошумча каражат бөлүүгө бөгөт коюп, администрациянын чечимдерин иликтей алышат. Анын пикиринде, Тегеран Трамптын согушту колдоо мүмкүнчүлүгү алсыраганын эске алып, сүйлөшүүлөрдө өзүнө жакшыраак шарттарды алууга аракеттениши мүмкүн.
«Бул Иранды дагы кошумча мунасага барууга мажбурлаган басым болбой турганын да билдирет», — деди ал.
Бирок көптөгөн талдоочулар демократтардын ишенимдүү жеңишине карабай келечеги азырынча так аныктала электигин эскертишет.
Трамп башкы командачы бойдон калууда жана аскердик операциялар менен дипломатия боюнча олуттуу ыйгарым укуктарын сактап турат. Республикачылардын көбү Иранга каршы өнөктүктү анын өзөктүк жана аймактык коркунучтарына каршы күрөшүү үчүн зарыл деп эсептешет жана демократтардын мындай аракетти каржылоону чектөөсүнө каршы чыгышы мүмкүн.
Ошентсе да бул согуштун экономикалык кесепеттери администрация үчүн саясий көйгөйгө айланды. Ормуз кысыгындагы проблемалар да таасир эткен бензин менен дизелдин кымбатташы демократтарга күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн шайлоо өнөктүгүндөгү негизги темалардын бирине айлантууга шарт түзүп берди.
Жаңы Конгресс Пентагондун жана коргоо министри Пит Хегсеттин ишине көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн. Ал эми каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр Ак үй менен жаңы карама-каршылыктарды жаратышы ыктымал.
Ошол эле учурда төрт жылдан ашык убакыттан бери АКШнын колдоосуна таянып келген Киев үчүн шайлоонун жыйынтыгы белгисиздик менен кошо белгилүү бир деңгээлде ишеним да жаратат.
Украинаны колдогон бир катар таасирдүү конгрессмендер кызматтан кетип жатат. Алардын арасында Киевди колдоо маселесинде өз партиясы жана Ак үй менен көп учурда кайчы пикирде болуп келген, Орусияны катуу сындаган республикачыл Дон Бэкон да бар.
«Мен эскичил, Рейганды жактаган республикачымын жана Орусиянын Украинага басып киришин эркин дүйнө үчүн эң маанилүү кризис деп эсептейм. Биз досубуз жана өнөктөшүбүздү дагы күчтүү колдой турган 120-Конгрессти шайлайбыз деп үмүттөнөм», — деди Бэкон 3-ноябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.
Ошондой эле саясаттан кетип жаткандардын арасында Сенаттагы мурдагы көпчүлүк лидери Митч Макконнелл, сенаторлор Том Тиллис, Билл Кэссиди, Жон Корнин жана конгрессмен Майкл Маккол бар. Алардын кетиши Москвага карата катаалыраак саясатты жактап келген бир катар таасирдүү саясатчылардын саясий салмагын азайтат.
Бирок украин-америкалык уюмдар Киевге колдоосун эки партия тең уланта берет деп эсептешет.
"Американын украин конгресс комитети" бирикмесинин президенти Михаил Савкив "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна:
«Бул шайлоо маалында Украинаны колдогон өтө таасирдүү саясатчылардан айрылып жатканыбызга карабастан кала тургандарды да эске алып, Украина мындан ары да эки партиянын олуттуу колдоосуна ээ болот деген оптимисттик маанайдабыз», — деди.
Анын айтымында, Орусияга каршы санкциялар боюнча соңку жеңилдиктерге парламенттик көзөмөл жүргүзүү, Украинага коопсуздук жардамын көбөйтүү жана украиналык качкындардын убактылуу коргоо макамын узартуу башкы артыкчылыктар болуп саналат.
«Кошмо Штаттар чет элдик агрессиядан жапа чеккендерди жана кулчулукка кабылгандарды коргоодо дүйнөлүк лидер бойдон калышы керек. Биз кайра шайланган да, жаңы шайланган да кызмат адамдары менен кызматташып, биз үчүн маанилүү маселелерди алдыга жылдырууга чечкиндүүбүз», — деди Савкив.
Республикачы сенаторлордун биринин тышкы саясат боюнча эки жогорку даражалуу жардамчысы да "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна шайлоонун жыйынтыгы Конгресстин Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү басымын арттырышы мүмкүн экенин айтышкан.
Ошентип, демократтар көзөмөлдөгөн Конгресс Трамптын Москва менен мамилени жумшартуу аракеттерин татаалдаштырышы мүмкүн. Айрыкча анын администрациясы санкцияларды дагы жеңилдетүүгө умтулган учурда.
Бирок мыйзам чыгаруучулар да айрым чектөөлөргө туш болот. Трамптын вето укугу жана республикачылардын каршылыгы жаңы чектөөлөрдү киргизүү же администрацияны Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө мажбурлоо аракеттерин чектеши мүмкүн.
Сенатты демократтардын көзөмөлдөшү партияга мыйзам чыгаруу боюнча багыттарды аныктоодо, комитеттик иликтөөлөрдө, ошондой эле администрация жана сот органдарындагы дайындоолордо көбүрөөк таасир берет.
Демократ сенатор Чак Шумер 2027-жылы Сенаттагы көпчүлүк лидеринин кызматына кайтып келери күтүлүүдө.
Шерине