Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ормуздагы чыңалуу: АКШ Ирандын стратегиялык аралына сокку урду

Кешм аралынын спутниктен тартылган сүрөтү. 2026-жыл, 10-август.
Кешм аралынын спутниктен тартылган сүрөтү. 2026-жыл, 10-август.

Кошмо Штаттар 2-ноябрда Ирандын стратегиялык мааниге ээ Кешм аралына сокку урганын америкалык расмий өкүлдөр ырасташты. Бул буга чейин коомчулукка жарыяланбай келген, Иранга каршы жүргүзүлгөн бир катар аскердик операциялардын соңкусу экени маалым болду.

Бул операция АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен кайрадан ири согуштук аракеттер башталышы мүмкүн деген кооптонууларды басаңдатууга аракет кылып жаткан маалда ишке ашырылганы талкуу жаратууда.

Анткени Кошмо Штаттарда 3-ноябрда шайлоо жараяны өтөт. Анын алдында Трамптын Иран боюнча ачык билдирүүлөрү да өзгөргөн.

Бир нече аптадан бери президент Вашингтон шайлоодон кийин Тегеранга каршы ири аскердик кампанияны кайра башташы мүмкүн экенин эскертип келген. Кийин ал жакын арада чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн четке кагып, дипломатиялык жол менен мунаса табылышы мүмкүн экенин айткан.

Журналисттер Трамптан шайлоодон кийин Иранга сокку уруу ыктымалдыгын сураганда, ал «Жок» деп жооп берди.

Бирок америкалык администрациянын өкүлдөрү The Wall Street Journal басылмасына президент дагы эле ар кандай варианттарды караштырып жатканын маалымдашкан.

Бул Трамптын эл алдында айткан сөздөрү менен көшөгө артында уланып жаткан аскердик операциялардын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтүп турат.

The Wall Street Journal басылмасы америкалык расмий өкүлдөргө таянып жазгандай, соңку чабуул акыркы апталарда Кошмо Штаттар жашыруун жүргүзгөн бир катар аскердик соккулардын бири болду.

Айрым расмий өкүлдөр бул операцияларды коргонуу максатында жасалган аракет деп мүнөздөшкөн. Алардын айтымында, негизги максат Ирандын Ормуз кысыгынан өткөн соода кемелерине коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн бири The Wall Street Journal басылмасына администрация бул аскердик операцияларды атайылап коомчулукка жарыялабай келгенин билдирген.

Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги 2-ноябрда Кешм аралында жарылуу болгонун кабарлады.

Американын Коргоо министрлиги бул окуя боюнча суроолорду өлкөнүн Борбордук командачылыгына (CENTCOM) жолдогон. Бирок командачылык «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун комментарий берүү өтүнүчүнө дароо жооп берген эмес.

Кийинчерээк АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү америкалык аскерлер Ирандын Кешм аралына соккуларды урганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна ырасташты.

Алардын айтымында, операция Иран америкалык учакты аткылагандан кийин аймактагы АКШнын аскердик объектилерин жана каражаттарын коргоо максатында жүргүзүлгөн.

Ормуз кысыгындагы стратегиялык маанидеги арал

Кешм аралы дүйнөдөгү энергетикалык жүктөр ташылган эң маанилүү деңиз жолдорунун бири. Ал Ормуз кысыгынын кире беришинде жайгашкан.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, аралда жер алдындагы ири ракеталык комплекс, аскер-деңиз базасы жана деңиз суусун туздан тазалап, ичүүчү сууга айландыруучу чоң ишкана бар.

Буга чейинки согуштук аракеттер учурунда да АКШнын аскерлери бул аралга сокку урган. Америкалык расмий өкүлдөр аралды басып алуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.

Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна каршы иш алып барган United Against Nuclear Iran коммерциялык эмес уюмунун саясий маселелер боюнча директору Жейсон Бродский «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, соңку соккулардын максаты Тегерандын саясий чечимдерин өзгөртүүгө мажбурлоо эмес, Ирандын деңиздеги жүк ташууга тоскоолдук жаратуу мүмкүнчүлүгүн алсыратуу болгон.

«АКШ Ирандын Ормуз кысыгына коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн алсыратууну көздөп жатат. Бул сөзсүз эле Ирандын бийлигин өз чечимдерин өзгөртүүгө мажбурлоо үчүн жасалган аракет эмес. Бирок мындай соккулар Иран режиминин соода кемелерине тоскоолдук жаратуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, анын бул багыттагы аракеттерин көзөмөлдөшүн начарлатат. Бул болсо АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына түздөн-түз жооп берет», - деди Бродский.

Кешм аралындагы операция АКШнын Ирандын аскердик жана деңиздеги объектилерине каршы жүргүзгөн бир катар чектелген аскердик аракеттеринин уландысы болду.

Буга чейин америкалык күчтөр ракета учуруучу жайларга сокку урган. Бир нече күн мурун жыгач кемеге (доу) чабуул жасалган.

Трамптын жумшарган риторикасы

Бул соккулар Вашингтон менен Тегеран кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип жаткан учурда жасалды.

Президент Дональд Трамп менен вице-президент Жей Ди Вэнс акыркы күндөрү Ирандын өзөктүк программасын жоюуга багытталган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келишимге жетишүү мүмкүн экенин айтышты.

Трамп ошондой эле социалдык тармактагы билдирүүсүндө мунайдын баасынын төмөндөшү Иран менен жаңы согуш болбойт деген ишеним күчөгөнүн көрсөтүп жатканын айткан.

Вэнс Вашингтон сүйлөшүүлөрдө жылышка жетишкенин билдирди. Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи 2-ноябрда Тегеранда журналисттерге келишимге жетишүү маселесинде «топ эми АКШ тарапта» экенин айтты.

«Биз өз талаптарыбызды абдан так жана ачык билдирдик. Ирандын талаптары негиздүү жана логикага туура келет», — деди Багаи.

Ошол эле учурда Ирандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде өлкөнүн жогорку руханий лидери Можтаба Хаменеи, эгер Вашингтон жаңжалды кайра тутандырса, Тегеран Жакынкы Чыгыштын ичинде да, анын чегинен тышкары да жооп кайтарарын эскертишкен.

Америкалык администрациянын жогорку даражалуу өкүлдөрү жаңы соккулар маселесин талкуулап, президентке бир катар варианттарды сунушташкан. Алардын арасында экономикалык санкцияларды күчөтүү жана Ирандын соодасына каршы блокаданы кеңейтүү да бар.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, адмирал Брэд Купер өткөн аптада Ак үйгө барып, Трампка жаңжалдын жүрүшү тууралуу маалымат берген.

Мындан тышкары, акыркы апталарда америкалык аскерлер аймакка кошумча ракетадан коргонуу системаларын жана ок-дарыларды жайгаштырган. Бул мүмкүн болуучу кеңири масштабдагы аскердик операцияларга даярдык көрүүгө шарт түзөт.

Басылманын жазышынча, АКШнын расмий өкүлдөрү Перс булуңундагы өлкөлөргө да шайлоодон көп өтпөй кыска мөөнөттүү, бирок катуу аскердик кампания башталышы мүмкүн экенин эскертип, ага даяр болууга чакырышкан.

Ирандын жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү кандай?

Жаңжалдын күчөп кетүү коркунучуна карабастан, айрым талдоочулар Тегеран соңку соккуга кескин жооп кайтарышынан күмөн санашат.

Obsidian Risk Advisors компаниясынын Жакынкы Чыгыш боюнча талдоочусу жана санкциялар боюнча эксперти Бретт Эриксон «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, бул соккулар кооптуу болгону менен Кошмо Штаттардын буга чейинки аскердик аракеттериндей эле.

«Американын соңку соккулары, албетте, от менен ойногонго барабар. Бирок алар акыркы апталарда биз күбө болгон аскердик кагылышуулардан олуттуу айырмаланбайт. Иран буга окшогон окуяларга жооп кайтарууда кыйла сабырдуулук көрсөтүп келди. Ошондуктан дал ушул сокку Тегерандын стратегиялык эсеп-кысабын түп-тамырынан өзгөртөт деп айтууга олуттуу негиз көрбөй турат», — деди Эриксон.

Нью-Йоркто жайгашкан Eurasia Group компаниясынын улук талдоочусу, мунай тармагы боюнча эксперт Грегори Брю «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, соңку чабуул жана акыркы маалыматтар Вашингтон Ормуз кысыгын көзөмөлдөө үчүн активдүү күрөш жүргүзүп жатканын көрсөтөт.

Анын айтымында, АКШ өз операцияларын ракеталарды жана дрондорду тосуп алуу менен гана чектебестен, Ирандын жээктеги объектилерине да сокку уруп жатат.

«АКШнын бул соккуларды ачык жарыялоону каалабаганы Вашингтон жаңжалды күчөтүүнү көздөп жатат деген белги берүүдөн чочулап жатканын көрсөтөт. Андан да кызыгы Ирандын бул соккуларга жооп кайтарбастан, аларга чыдап жатканы. Кыязы, эки тарап тең Ормуз кысыгынын макамы үчүн күрөшүп жатып, аскердик кагылышуунун белгилүү бир тобокелдиктерин эске алып жаткандай», — деди Брю.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG