АКШ 2-ноябрда Ирандын стратегиялык мааниге ээ Кешм аралына чабуул жасаганын америкалык расмий өкүлдөр ырастады.
Чабуул АКШдагы 3-ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоонун алдында жасалып, президент Дональд Трамптын соңку билдирүүлөрүнө карама-каршы көрүнүш жаратты. Акыркы жумаларда Иранга каршы кеңири масштабдуу операция кайра башталышы мүмкүн экенин билдирип келген Трамп 2-ноябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып азырынча Иранга сокку урууну пландабаганын айткан.
Ошол эле маалда The Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып, Ак үй Иранга каршы аскердик аракеттердин бир нече вариантын карап жатканын жазды. Басылманын маалыматына караганда, акыркы апталарда АКШ Ирандын аскердик жана деңиздеги объектилерине бир катар тымызын сокку жасаган.
Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиришинче, Кешм аралындагы операция коргонуу мүнөзүнө ээ, аймактагы америкалык күчтөрдү жана Ормуз кысыгы аркылуу өткөн эл аралык соода кемелерин коргоого багытталган. Алардын айтымында, чабуул ирандык күчтөрдүн америкалык учакты аткылашынан кийин жасалган.
Кешм аралы Ормуз кысыгынын кире беришинде жайгашкан. Бул дүйнөдөгү мунай жана жаратылыш газын ташыган эң маанилүү деңиз каттамдарынын бири. Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, аралда жер алдындагы ири ракеталык комплекс, аскердик-деңиз базасы жана тузсуздандыруу ишканасы жайгашкан.
АКШдагы United Against Nuclear Iran уюмунун өкүлү Жейсон Бродский соңку соккулардын негизги максаты Тегерандын Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарына коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу экенин айтты.
Бул арада Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык байланыштар дагы уланууда. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс сүйлөшүүлөрдө айрым жылыш бар экенин билдирсе, Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи мүмкүн болгон келишим боюнча кийинки кадамдарды Вашингтон жасашы керек экенин айтты.
Иран бийлиги азырынча Кешм аралына жасалган чабуул боюнча кеңири комментарий бере элек. Бирок өлкөнүн жогорку жетекчилиги АКШ жаңжалды кайра күчөтсө, жооп чаралары көрүлөрүн эскерткен.
Айрым талдоочулардын пикиринде, соңку окуялар чыңалуунун сакталып жатканын көрсөткөнү менен Тегеран бул жолу кеңири масштабдагы жооп соккуларга барбайт. Алар Иран дагы, АКШ дагы Ормуз кысыгындагы абалдын көзөмөлдөн чыгып кетишине кызыкдар эмес деп эсептешет.
Шерине