Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

"Cогуштарды токтотуу керек. БУУда Кыргызстандын үнү маанилүү"

Карл Скау
Карл Скау

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун милдетин аткаруучу Карл Скау Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетти. Скау мырза “Азаттыкка” маек куруп, Кыргызстанга сапары тууралуу жана дүйнөдөгү жана аймактагы согуштар азык-түлүк программасына олуттуу көйгө жаратып жатканын айтты.

Бишкекте Скау өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, калктын аялуу катмарын колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук боюнча долбоорлорду талкуулады.

- Карл мырза, сиздин сапарыңыз Кыргызстандын эки айдан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүн баштоо, Тоолор саммитине даярдыктын алдына туш келди. Сапарыңыздын мааниси эмнеде? Өкмөт өкүлдөрү жана башка багыттагы бул тармакта алектенген топтор менен да жолуккан экенсиз.

- Бишкек акыркы айлардa борбордук маанидеги жайга айлангандай сезилди. Буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уюштурулуп, өткөн аптада Шакира да келип кеткенин уктум. Ошондуктан мен да Бишкекке келип, БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланып, киришүүгө даярданып жаткан өлкөнүн өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушууга милдеттүү элем. Биз – Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судан, Газа, Йемен жана Коопсуздук Кеңешинин күн тартибиндеги башка көптөгөн өлкөлөрдө масштабдуу операцияларды жүргүзөбүз. Биз үчүн өз көз карашыбыз менен бөлүшүү гана эмес, колдоо көрсөтүү да абдан маанилүү. Албетте, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги үнүн чыдамсыздык менен күтөбүз.

- Сиз жетектеген тармак дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан үчүн да эң зарыл багыт. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттары жана буга байланышкан багытта алган милдеттенмелери да бар. Бул өлкөдөгү азыркы абалга кандай баа бересиз?

- Менин оюмча, бул өлкө абдан жакшы жылыштарды көрсөтүп жатат: экономикалык өсүш жакшы, туруктуу өнүгүү максаттары боюнча да оң прогресс бар. Албетте, ар дайым кыйынчылыктар болот, бирок биздин колубуздан келгени – ошол кыйынчылыктарды чечүүгө жардам берүү үчүн өкмөт менен биргелешип иш алып баруу. Мектептерди тамак-аш менен камсыздоо программасы өзгөчө ийгиликтүү болду, анда биз 60 жыл бою мектеп тамагы боюнча топтогон тажрыйбабызды башка өлкөлөрдөн алып келдик. Биз муну өкмөт менен биргеликте пилоттук негизде сынап көрдүк, азыр болсо муну кыргыз өкмөтү өзү кеңейтип жатат.

Дагы бир жагдай - климаттын өзгөрүшү. Тоолуу өлкө климаттын өзгөрүшүнүн таасирине дуушар болууда. Келерки бир нече жылда таасирлер күчөй турганы анык жана биз дагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып келип, бул жердеги даярдык көрүү жана тобокелдиктерди азайтуу аракеттерин колдоого алгыбыз келет.

Ошондой эле социалдык коргоо багытында да жасала турган маанилүү иштер бар. Өкмөт таасирдүү экономикалык өсүштүн аркасында топтоого жетишкен жаңы кирешелердин көбү азыр социалдык программаларга жумшалууда. Биз эң муктаж болгондорго жардам жеткирүүдө, ошондой эле программалар натыйжалуу болушу үчүн аларды көзөмөлдөө жана баалоо аркылуу туура багытка бурууга жардам берген өнөктөш боло алабыз.

Биз өкмөткө колдоо көрсөтө турган программалардын түрлөрү ушулар. Бирок кеп барган сайын бул Кыргызстандагы жакшы үлгүлөрдү, алдыңкы тажрыйбаларды аймактагы жана андан тышкаркы башка өлкөлөргө жайылтуу жөнүндө да болуп жатат. Бул жердеги өнүгүү жолу абдан таасирдүү жана дүйнө бул аракеттерден үйрөнө турган нерселер көп деп ойлойм.

- Климаттын өзгөрүүсү боюнча маселенин четин өзүңүз да чыгарып калдыңыз. Бул жалпы дүйнө үчүн жаңы чакырык болууда. Климаттык өзгөрүү менен азык-түлүктүн тыгыз байланышта экенин жакшы билебиз. Аны эске алганда алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүлөт жана буга кантип ыңгайлашуу керек?

- Климаттын өзгөрүшү азык-түлүк коопсуздугуна ар кандай жолдор менен таасир этет. Айрым жерлерде бул кургакчылык менен болот. Биз дүйнө жүзү боюнча чөлдөр кеңейип, айыл чарба жерлерин тарытып жатканын көрүүдөбүз. Башка аймактарда нөшөрлөгөн жаан жана суу ташкындары байкалууда. Ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши да бар. Мисалы, мындан бир нече жума мурун Непалда суу ташкынынын айынан кооптуу кырдаал катталды.

Биз жергиликтүү айыл чарба тармагына натыйжалуу даярданууга жардам беребиз. Бул дыйкандарга кургакчылык же суу ташкыны качан болорун алдын ала билип, ыңгайлуу учурда пландаштырууга жана түшүм жыйноого мүмкүндүк берет. Ошондой эле жаан-чачын маалында сууну сактап калуу жана кургакчылык мезгилинде колдонуу үчүн сугат системасы менен камсыз кылабыз. Мындан тышкары, өзгөрүп жаткан климатка ыңгайлашууга жардам берүүчү башка колдонмолорду да сунуштайбыз.

Мисалы, биз бороон-чапкынга кабылуу коркунучу бар аралдарга да жардам берип жатабыз. Алардын пайда болушун, кайсы аймакта катталарын жана кандай кубаттыкта болорун алдын ала аныктап, адамдарга өз убагында жардам берип, кооптуу жерлерден коопсуз жайга көчүрүүгө көмөктөшөбүз. Ошентип, биз дүйнө жүзүндөгү өкмөттөргө ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтүп келебиз.

Азыркы учурда бизди Тынч океанындагы “Эль-Ниньо” деп аталган аба ырайынын кубулушу абдан тынчсыздандырууда. Бул дүйнө жүзү боюнча таасирин тийгизип жатат. Мен жакында эле Латын Америкасы менен Борбордук Америкада болдум, ал жакта кургакчылык байкалууда. Эми Сомалиде суу ташкыны болорун угуп жатабыз, Түштүк Африкада да суу ташкыны боюнча кооптонуулар бар, ал эми Чыгыш Азиянын айрым бөлүктөрүндө кургакчылык башталды. Ошондуктан, алдыдагы бир нече айда бул кубулуш күчөп, аба ырайынын айынан он миллиондогон адамдар катуу ачарчылыкка дуушар болот деп кооптонобуз.

- Дүйнөдөгү чыр-чатактар да бул тармакка таасир берип, айрым өлкөлөрдүн логистика маселесин тереңдетти. Мындан улам азык-түлүк тартыштыгы күн тартибине чыкты. Украинадагы согуш же Жакынкы Чыгыштагы кырдаал азык-түлүк менен камсыздоого канчалык олуттуу сокку урду?

- Учурдагы глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна таасир тийгизип жаткан негизинен үч түрдүү басым же катмар бар. Биринчиси – чыр-чатактар, ал түздөн-түз ошол кагылышуулардын арасында калган адамдарга, мисалы, Газадагы, Судандагы жана азыр Йемендеги жагдайга таасирин тийгизип жатат. Экинчиси – кескин өзгөргөн аба ырайы жана климаттын өзгөрүшү. Ал эми үчүнчүсү - салыштырмалуу жаңы көрүнүш, бир жердеги согуштар башка аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна кескин таасир тийгизип жатат. Учурда биз "үч чоң кысым чекити" деп атаган абалды көзөмөлдөп жатабыз: булар Ирандагы согуштан улам келип чыккан Ормуз кысыгынын тегерегиндеги процесстер, Йемендеги согуштун күчөшүнөн улам Кызыл деңиздеги Баб-эл-Мандеб кысыгы жана Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышуунун кесепетинен Кара деңиздин аймагындагы көрүнүш.

Мунун баары азыр энергетиканын гана эмес, азык-түлүктүн да баасын кескин көтөрүп жатат. Жакыр өлкөлөрдөгү эң аялуу катмарлар буга чейин эле бардык акчасын тамак-ашка жумшап келген. Азык-түлүк баасы 20-30% кымбаттаганда, алар тамак-ашты үчтөн бир бөлүгүн азайтууга мажбур болууда. Бул миллиондогон адамдарды катуу ачарчылыкка дуушар кылууда. Бул көрүнүш Кыргызстанда да сезилип жатканын билем. Бул жакта азык-түлүктүн да, энергиянын баасы да жогорулады. Андыктан бул глобалдык кымбаттоо шартында күнүмдүк турмушун зорго улап жаткан адамдар бул жерде да бар экенин түшүнөм.

- Азык-түлүккө таасир берген экологиялык кубулуштарды да, чыр-чатактар жөнүндө да талкууладык. Буга дуушар болуп жаткан өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан эмнелерге даяр болушу керек жана конкреттүү кандай сунуштамаларды бересиз?

- Биринчиден, биз бардык согуш-чатактарды токтотуп, жаңыларынын келип чыгышына жол бербешибиз керек. Ошондуктан Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине мүчө болушу абдан маанилүү. Ал тынчтыкты орнотууга жана кагылышууларды токтотууга аракет кылган мүчөлөрдүн бири болуп калат.

Экинчиден, бизге саясий колдоо керек, мисалы, алдыңкы линияда иштеген командаларыбыздын коопсуздугун камсыздоо жана ошол жакта жашагандарга жетүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн. Биз Газада, Суданда жана башка жерлерде командаларыбызга кол салууларды көрдүк, андыктан саясий жана дипломатиялык колдоо абалга абдан зарыл.

Муну менен катар, азык-түлүк коопсуздугу күн тартибинде алдыңкы орунда турушу керек. Чындыгында, бир кезде "Чоң жети" (G7), "Чоң жыйырма" (G20) жана Башкы Ассамблея чон жыйындарда азык-түлүк коопсуздугун күн тартибине киргизчү, бирок азыр андай эмес. Ошого карабастан, катаал ачарчылык тарыхый деңгээлде каптап жатат, ошондуктан биз азык-түлүк коопсуздугун глобалдык саясий күн тартибинин жогорку четине кайтарып келүү жолдорун табууга тийишпиз.

Акыркысы, бизге ресурстар керек. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ресурстары акыркы эки жылда 40% кыскарды. Муктаждыктар көбөйүп, ресурстар азайып жатканда ортодо чоң ажырым пайда болууда, ал эми бул боштукту жөнгө салуу абдан кыйын. Ошондуктан биз өлкөлөрдү тилектештик көрсөтүп, алдыга чыгууга чакырабыз. Чындыгында, коргонуу тармагына жумшалган каражаттардын көлөмү менен салыштырсак, булар жөн гана майда тыйындар. Биз мүчө мамлекеттерге, жеке секторго жана мүмкүнчүлүгү бар бардык тараптарды ачарчылыкка каршы күрөшкө каржылык жактан салым кошууга чакырабыз.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Тектеш

Шерине

​
XS
SM
MD
LG