Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:53

Трамптын кайрылуусу: Иран, Украина, "Американын алтын доору"

Трамптын кайрылуусуна бир нече күн мурун кышкы Олимпиадада алтын медал уткан хоккей боюнча улуттук команда чакырылган. Вашингтон, 24-февраль 2026-жыл
Трамптын кайрылуусуна бир нече күн мурун кышкы Олимпиадада алтын медал уткан хоккей боюнча улуттук команда чакырылган. Вашингтон, 24-февраль 2026-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп 24-февралдын кечинде (Кыргызстанда 25-февраль) Конгресске кайрылуу жасады. Өз рекордун жаңыртып, дээрлик бир саат 50 мүнөт сүйлөгөн Трамп ички көйгөйлөргө токтолду жана Иран, Украина, глобалдык коопсуздук маселелерине кайрылды.

Президенттин сөзүн республикачылар туруп кол чабуу менен кубаттаса, демократтар унчукпай отурушту, айрымдары бул кайрылууну бойкоттошту.

«Өлкөдөгү абал» деп аталган жылдык кайрылуу Кошмо Штаттардын Конституциясында каралган. Президент Конгресстин кош палатасынын алдында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү кырдаалга баа берет жана администрациясынын артыкчылыктуу багыттарын ортого салат.

Бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү алгачкы кайрылуусу болду жана бир саат 50 мүнөткө чукул созулду.

Трамп "Американын алтын доору" тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Президент негизинен ички саясий көйгөйлөргө – экономика, мыйзамсыз иммиграцияга басым жасады.

Күтүлгөндөй эле ал сөзүнүн бир нече мүнөтүн Иран маселесине арнады.

Дональд Трамп Тегеран режими алыска учкан ракеталарды иштеп чыгуу жана атомдук программасын калыбына келтирүү аракети менен АКШга коркунуч жаратып жатканын белгиледи:

"Мен маселени дипломатиянын жардамы менен чечүүгө артыкчылык берем. Бирок бир нерсе анык – мен терроризмдин дүйнөдөгү номур биринчи демөөрчүсүнө өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербейм. Андайга жол бере албайбыз".

Вашингтон акыркы жумаларда Жакынкы Чыгышка ири аскер бөлүктөрүн жөнөтүп, Ирандагы буталарга дагы бир жолу сокку уруу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

Тегеран: Өрттөлгөн мечиттер жана жымжырттык

Тегеран. Өрттөлгөн имарат. Ирандагы соңку окуялар 1979-жылдагы ислам революциясынан берки эң ири акция болуп калды.
1/10 Тегеран. Өрттөлгөн имарат. Ирандагы соңку окуялар 1979-жылдагы ислам революциясынан берки эң ири акция болуп калды.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегеран. Соңку митингдер учурунда өрттөлгөн өрт өчүрүүчү автомашина. Баннерлердин биринде "Иран, о, менин өлкөм" деп жазылып турат. Ирандын борбор калаасында нааразылык акциялары жыл этегинде - 28-декабрда башталган. Демонстранттар улуттук валютанын наркы өтө эле төмөндөп, инфляция деңгээли жогорулап кеткенине нааразылыгын билдирип чыгышкан.
2/10 Тегеран. Соңку митингдер учурунда өрттөлгөн өрт өчүрүүчү автомашина. Баннерлердин биринде "Иран, о, менин өлкөм" деп жазылып турат. Ирандын борбор калаасында нааразылык акциялары жыл этегинде - 28-декабрда башталган. Демонстранттар улуттук валютанын наркы өтө эле төмөндөп, инфляция деңгээли жогорулап кеткенине нааразылыгын билдирип чыгышкан.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегеранда өрт чалган дагы бир имарат. АКШдагы ирандык HRANA укук коргоо уюмунун соңку маалыматына караганда, жалпы Иранда нааразылык акциялары ырайымсыздык менен күч колдонулуп басылганда каза болгондордун саны 4,5 миңден ашты, он миңдеген киши камакка алынды.
3/10 Тегеранда өрт чалган дагы бир имарат. АКШдагы ирандык HRANA укук коргоо уюмунун соңку маалыматына караганда, жалпы Иранда нааразылык акциялары ырайымсыздык менен күч колдонулуп басылганда каза болгондордун саны 4,5 миңден ашты, он миңдеген киши камакка алынды.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Ал эми бул Тегеранда жайгашкан "Аянде" банкына таандык болгон имарат. Аталган банк былтыр октябрда жемкорлук тууралуу айыптоолордон кийин банкрот болгон. Серепчилердин пикиринде, бул банктын көйгөйү Иранда элдин соңку нааразылыгын тутандырган себептердин бири болгон.
4/10 Ал эми бул Тегеранда жайгашкан "Аянде" банкына таандык болгон имарат. Аталган банк былтыр октябрда жемкорлук тууралуу айыптоолордон кийин банкрот болгон. Серепчилердин пикиринде, бул банктын көйгөйү Иранда элдин соңку нааразылыгын тутандырган себептердин бири болгон.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегеран. Мамлекеттик салык кызматынын имараты да башаламандык учурунда өрттөлгөн.
5/10 Тегеран. Мамлекеттик салык кызматынын имараты да башаламандык учурунда өрттөлгөн.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
20-январь.Тегерандын чет жакасындагы конушта карда ойноп жаткан балдар. Иштөөсүнө расмий уруксаты бар медиа каражаттары жарыялаган ушул сыяктуу сүрөттөр өлкө кадимки жашоого кайтып жатканын көрсөтөт. Бирок Иранда дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турганын, күч кызматкерлери митингге чыккандарды аныктоо үчүн адамдарды туш келди токтотуп, телефонун текшерип жатканын 17-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматы "Фарда" жазган.
6/10 20-январь.Тегерандын чет жакасындагы конушта карда ойноп жаткан балдар. Иштөөсүнө расмий уруксаты бар медиа каражаттары жарыялаган ушул сыяктуу сүрөттөр өлкө кадимки жашоого кайтып жатканын көрсөтөт. Бирок Иранда дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турганын, күч кызматкерлери митингге чыккандарды аныктоо үчүн адамдарды туш келди токтотуп, телефонун текшерип жатканын 17-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматы "Фарда" жазган.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тарыхый ишмерлер жана АКШ президенти Дональд Трамптын сүрөтү тартылган, "доминонун кулашы" деген жазуу менен коштолгон баннер.
7/10 Тарыхый ишмерлер жана АКШ президенти Дональд Трамптын сүрөтү тартылган, "доминонун кулашы" деген жазуу менен коштолгон баннер.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегерандын борбордук Революция аянтында бараткан кыздар. Арткы пландагы баннерде "Иран биздин өлкөбүз, анын туусу биздин кепинибиз" деп жазылып турганын көрүүгө болот.<br>
8/10 Тегерандын борбордук Революция аянтында бараткан кыздар. Арткы пландагы баннерде "Иран биздин өлкөбүз, анын туусу биздин кепинибиз" деп жазылып турганын көрүүгө болот.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегерандагы Абузар мечити. Козголоң учурунда бул жай да жабыркаган. 1981-жылы дал ушул мечитте аятолла Али Хаменеинин өмүрүнө кол салууга аракет жасалган. Ошол кезде президенттикке талапкер болгон Хаменеи азыр өлкөнү жогорку руханий лидер катары башкарууда.
9/10 Тегерандагы Абузар мечити. Козголоң учурунда бул жай да жабыркаган. 1981-жылы дал ушул мечитте аятолла Али Хаменеинин өмүрүнө кол салууга аракет жасалган. Ошол кезде президенттикке талапкер болгон Хаменеи азыр өлкөнү жогорку руханий лидер катары башкарууда.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Тегерандагы ал-Расул мечитинде да соңку элдик акциялар учурунда өрт чыккан. Айрымдардын айтымында, бул жайга кол салуунун себептеринин бири азыркы режимдин диний идеологиясы болду. "Режим эмне гана кылбасын, актанганда да, түшүндүргөндө да динге жамынат", - деди пикирин жазгандардын бири.
10/10 Тегерандагы ал-Расул мечитинде да соңку элдик акциялар учурунда өрт чыккан. Айрымдардын айтымында, бул жайга кол салуунун себептеринин бири азыркы режимдин диний идеологиясы болду. "Режим эмне гана кылбасын, актанганда да, түшүндүргөндө да динге жамынат", - деди пикирин жазгандардын бири.
Иранда эки аптадан ашуун уланган бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылды. Азыр өлкөдө дээрлик аскердик абал өкүм сүрүп турат. Төмөндөгү сүрөттөр 19-20-январь күндөрү жарыяланган.
Артка
Алдыга

26-февралга АКШ менен Ирандын Омандын арачылыгы менен өтүп жаткан тикелей эмес сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы пландалган. Кездешүүдө негизинен Ислам жумуриятынын атомдук программасы талкууланууда. Иран бийлиги ал программа тынчтык максаттарын гана көздөгөнүн айтып келет.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин орногон диниятчылардын бийлиги тууралуу сөз кылып Трамп: “Алар 47 жыл мурун бул сыйга татыктуу элди өз көзөмөлүнө алгандан бери режим жана башкесер проксилери жалаң терроризмди, өлүмдү жана жек көрүүнү жайылтып келди”, - деп айтты.

Америкалык лидер жакында болгон толкундоолор маалында Ирандын бийлиги “өз өлкөсүндө бери дегенде 32 миң демонстрантты өлтүргөн өңдөнөт” деп белгиледи.

Укук коргоочу уюмдар өкмөткө каршы нааразылык акцияларда 7 миңдей киши каза тапканын тактаганы менен курмандыктардын саны мындан көп деп болжолдонууда.

Иранга арналган сөзүнүн аягында Трамп “Американын чечкиндүүлүгүнөн эч ким күмөн санабашы керек. Биздин армия дүйнөдөгү эң кубаттуу армия”, - деп айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи Х социалдык тармагына АКШ администрациясы калп таратып жатат деген пост жарыялап, америкалык президентке жооп кайтаргандай.

“Алардын Ирандын атомдук программасы, баллистикалык ракеталары жана январдагы тополоңдо өлгөндөрдүн саны тууралуу билдирүүлөрү “чоң калпты” кайталоо”, - деп жазды дипломат.

Трамп Украинадагы согушка токтолуп, анын администрациясы дүйнөдөгү сегиз куралдуу жаңжалды жөнгө салганын эске салды:

"Биз тогузунчу согушту, Орусия менен Украина ортосундагы кыргынды токтотуу үчүн чоң аракет көрүп жатабыз. Ал жакта ай сайын 25 миң аскер набыт болууда. Ойлосоңор, айына 25 миң аскер өмүр менен кош айтышат".

Урушта канча киши набыт болгону тууралуу расмий маалымат ачык жарыяланбайт жана көз карандысыз булактар ал статистиканы тактай албайт.

Бирок жакында Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору чыгарган докладда маалымдалгандай, орусиялык 1,2 миллион жана украиналык 500-600 миң аскер каза тапты же дайынсыз жоголууда.

Трамп шайлоого чейинки тезисин кайталап, ал президент болсо, "согуш эч качан тутанбайт эле” деп кошумчалады.

АКШ президенти кайрылуу жасаган күнү Орусиянын Украинага басып киргенине туура төрт жыл болду. Вашингтондун узак мөөнөттү стратегиясы көп суроо жараткан маалда европалык лидерлер бул кайгылуу датада Киевге колдоосун кайталашты.

Өткөн жумада Женевада АКШ, Украина жана Орусиянын үч тараптуу кездешүүсүнүн дагы бир раунду болгон. Кайрылуу учурунда залда отурган Трамптын башкы чабарманы Стив Уиткофф ошол жолугушуудан кийин “олуттуу прогресске” жетишилгенин, “эки тарап тең... келишимдин үстүнөн ишти улантууга макул болгонун” айткан.

Трамп Ак үйдүн Газа тилкесинде ок атышууну токтотуудагы ролун да белгиледи.

«Мен президент катары дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун тынчтык орнотом», - деп айтты АКШнын лидери.

Трамп сөзүнүн башында АКШнын көз карансыздыгынын 250 жылдыгында Американын алтын доору келгенин билдирди жана администрациясынын бир жылдагы ийгиликтерин тизмектеп чыкты. Асыресе, Мексика менен чек ара бекемделгенин, инфляция төмөндөгөнүн, өлкөнүн душмандары ооздукталганын, АКШны бардыгы урматтап калганын, тоскоолдуксуз маңзат агымы токтогонун, кылмыштуулуктун деңгээли көбөйбөгөнүн, бензиндин баасы, ипотеканын проценти түшкөнүн, биржадагы индекстер, мунай менен газ өндүрүү өскөнүн белгиледи.

Президенттин сөзүн республикачылар туруп кол чабуу менен кубаттаса, демократтар унчукпай отурушту.

Ондогон демократ мыйзам чыгаруучу бул кайрылууну бойкоттогон жана Вашингтондо уюштурган башка иш-чарада Трампты бир катар маселелер боюнча сындашты.

Демократтардын сенатору Крис Мерфи “азыр кадыресе заман эмес, демократтар өздөрүн эч нерсе болбогондой алып жүрүүнү токтотушу керек”, - деп айтты.

Капитолийдеги иш-чарага адатта коноктор да чакырылат. Бул жолу Ак үй бир нече күн мурун кышкы Олимпиадада алтын медал уткан хоккей боюнча улуттук команданы чакырган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG