Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

Хусилердин чабуулдары, Мекке альянсынын алгачкы сыноосу

Эр-Рияд шаары. Сауд Арабиясы
Эр-Рияд шаары. Сауд Арабиясы

Шейшембинин кечинде саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Aramco компаниясынын кеңсесине сокку урулуп, өрт бат эле өчүрүлгөнү кабарланды. Бирок Сауд Арабия менен йемендик хусилер кыймылынын ортосундагы чыңалуунун күчөшү, чабуулдардын көбөйгөнү жаңжалдын кеңейип кетүү коркунучуна жем таштады.

Ал тушта түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жакынкы күндөрү Мекке келишимин парламенттин ратификациясына жөнөтөрүн билдирди. Августта Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан бигелешип коргонуу тууралуу макулдашкан. Октябрдын башында НАТОнун сан жагынан экинчи орунда турган өлкөсү, ислам дүйнөсүндөгү жападан жалгыз өзөктүк держава жана Перс булуңундагы эң чөн мамлекет куралдуу күчтөрүн ыкчам жайгаштыруу тууралуу чечим кабыл алышты.

Саудиянын Энергетика министрлиги чукул кызматтар Aramcoнун Дахран шаарында жайгашкан административдик имаратында чыккан өрттү тез очүргөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди. Рейтер агенттиги кабарлагандай, баллистикалык ракета компекстин баш кеңсесине тийгенде өйдөңкү кабаттары бүлүндү.

Комплекс падышалыктын мунай кендеринин, куурлардын, мунай иштетүүчү заводдордун жана экспорт менен алектенген жайларды тескейт.

Ирандын колдоосуна таянган хусилер падышалыктын энергетикалык инфраструктурасына мындай олуттуу сокку ура элек болчу.

Хусилер Сауд Арабияга соккусун улантты, аймакта кырдаал чыңалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Хусилердин маалымат өкүлү Яхья Сариа мунай компаниясын бутага алышканын билдирип, дагы бир эскертүү жасады:

“Йемендин куралдуу күчтөрү бардык эл аралык жүк ташуучу компанияларды, ошондой эле Халид падыша аэропорттунда жана мунай компанияларында иштеген жарандарды жана кызматкерлерди бул объектилерден алыс болууга жана дароо эвакуацияланууга чакырат. Анткени алар биздин куралдуу күчтөр үчүн мыйзамдуу бутага айланды”.

Кыймыл Йемендин аймагы абадан жапырт аткыланганда карапайым адамдар каза тапканы үчүн айыптады.

Бир нече күндөн бери тараптар ортосундагы чыңалуу күчөп, чабуулдар көбөйгөн.

Ишембиде хусилер Эр-Рияддагы эл аралык аэропортту аткылаганда, падашылктын бийлиги маалымдагандай, 12 киши набыт болуп, 300дөн көбү жаракат алган.

Падышалыктын бийлиги соңку апталардагы окуяларга олуттуу жооп кайтарылышы керектигин айтууда:

"Энергетикалык коопсуздук өзүнөн өзү пайда болгон нерсе катары каралбашы керек. Сауд Арабия үчүн учурдагы кырдаал инфраструктураны, мекемелерди, калкыбызды, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берүү жөндөмүбүздү сыноо болуп калды", - деп айтты Сауд Арабиянын энергетика министри Абдулазиз бин Салман

Соңку окуяларга согушкер кыймылды колдогон Иран да үн катып, тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөргө арачы түшүүгө даярдыгын билдирди.

Хуси согушкерлери. Сентябрь, 2026-жыл
Хуси согушкерлери. Сентябрь, 2026-жыл

Йемендеги жаңжал 2014-жылы хусилер өлкөнүн борбору Санааны басып алгандан кийин башталган. Ага жооп катары Сауд Арабия жетектеген коалиция 2015-жылы эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоо максатында аскердик операция жүргүзгөн.

2022-жылы Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен жетишилген жарашуу келишими кеңири масштабдагы согуш аракеттеринин басаңдашына шарт түзгөн.

Ал арада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жакынкы күндөрү Мекке келишимин парламенттин ратификациясына жөнөтөрүн билдирди. Августта Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан бигелешип коргонуу тууралуу макулдашкан.

Октябрдын башында НАТОнун сан жагынан экинчи орунда турган өлкөсү, ислам дүйнөсүндөгү жападан жалгыз өзөктүк держава жана Перс булуңундагы эң чөн мамлекет куралдуу күчтөрүн ыкчам жайгаштыруу тууралуу чечим кабыл алышты.

Падышалык, Түркия жана Пакистандын ортосундагы аскердик кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган Мекке келишимине ылайык, мүчө мамлекеттердин бирине жасалган куралдуу чабуул үчөөнө тең жасалган кол салуу катары каралат.

Бул жагынан ал НАТОнун жамааттык коргонуу принциптерине окшоп кетет.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан өткөн аптада Анкара Сауд Арабиясына хусилердин чабуулдарына туруштук берүү үчүн кандай жардам бере аларын карап жатканын билдирген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн абадан коргонуу системалары боюнча кызматташтык түзүүдө.

5-октябрда Эр-Риядда Мекке альянсынын Стратегиялык саясий жана коргонуу комитетинин чукул жыйыны өткөн.

Блоктун мүчөлөрү Сауд Арабиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан жагдайларды талкуулап, зарыл болгон учурда аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү ыкчам жайгаштырууга даяр экенин билдирген.

Келишим аймактагы чыңалуу күчөп турган маалда түзүлгөн. Иранга ыктаган йемендик хуси кыймылы акыркы айларда Сауд Арабиянын шаарларын, мунай объектилерин жана деңиздеги жүк ташуу инфраструктурасын, кемелерди бутага алып келатат.

Ошентип жаңы блок негизделгенине эки ай өтүп-өтпөй эле өзүнүн алгачкы олуттуу сыноосуна туш болуп жатат.

Айрым талдоочулар Түркия же Пакистан падышалыкка түздөн-түз аскердик колдоо көрсөтсө, бул Йемендеги жаңжалды ого бетер жайылтып, Иран менен тирешүүнү күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бирок келишимдин тарапкерлери альянс тескерисинче, күчтүү тоскоолдук жаратып, кеңири масштабдагы согуштун алдын алууга жардам берет деп эсептешет.

Жакынкы Чыгыш боюнча талдоочу Али Садрзаде “Фарда” радиосу менен маегинде “Ислам жумурияты хусилерди мурдагыдай эле колдой бериши мүмкүн, бирок урушка Түркия менен Пакистан аралашса, кырдаал тааталдашат” деген ою менен бөлүштү.

Баб-эл-Мандеб кысыгы. Йемен, 2-апрель, 2026-жыл
Баб-эл-Мандеб кысыгы. Йемен, 2-апрель, 2026-жыл

Өткөн айда хуси козголоңчулары Кызыл деңиздеги Моха портун жана Баб-эл-Мандеб кысыгынын айланасындагы бир катар аймактарды басып алган. Кысык Сауд Арабиянын мунайын Азияга экспорттоочу негизги жолдордун бири. Ирандагы согушка байланыштуу Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу үзгүлтүккө учурагандан бери анын мааниси арткан.

Хусилер ошондой эле падышалыктын аба мейкиндиги алардын аскердик операцияларынын "сахнасына айланарын" эскертишкен.

Жаңжалдын курчушу 184 миңдей адамды жер которууга мажбурлап, Кызыл деңиз менен Аден булуңун бириктирген стратегиялык маршрутта кеме каттамына коркунуч жаратты.

Сауд Арабиянын коргоо министри ханзаада Халид бин Султан хусилердин мусулмандардын эң ыйык шаарлары - Мекке менен Мединага акыркы соккуларына каршы үч өлкөнүн позициясы “тилектештигин жана биримдигин дагы бир жолу ырастаганын” билдирди.

Министрдин айтымында, үч өлкө жооп иретинде альянстын алкагында жамааттык чараларды ишке киргизүүгө макулдашкан.

Али Садрзадехтин айтымында, Сауд Арабияда болжол менен 30 миңден 40 миңге чейин пакистандык аскер жайгашкан болсо да, өзөктүк куралга ээ болгон Исламабад Йеменге кошумча күчтөрдү жөнөтүүгө макул болору күмөн.

Анткени Пакистан Тегеран менен мамилесин сактап калууга кызыкдар.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаеи Йемендеги ар кандай "жаңы кийлигишүү" кырдаалды дагы да татаалдаштырарын эскерткен.

Ал эми Лахор университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Рабия Ахтар пакистандык аскерлердин хусилерге каршы соккуларга катышуусу Иран менен түз тирешүүгө алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

"Исламабад анын ролу Сауд Арабияны колдоо менен гана чектелерин айтса да, Иран муну Пакистандын өзүнүн аймактык кызыкчылыктарына каршы өнөктүккө кошулуу аракети катары кабыл алышы мүмкүн", - деп айтты “Азаттык” радиосуна профессор.

Пакистандагы Заманбап тилдер улуттук университетинин кызматкери Халид Султандын пикиринде, Мекке альянсынын 5-октбярдагы чукул жыйынын сөзсүз эле абалдын курчушу катары баалоого болбойт:

"Мекке келишиминин мааниси жөн гана аскердик кызматташтыкта эмес, абалды турукташтыруу багытында биргелешкен механизм түзүүдө жатат".

Эксперт уланткандай, Мекке биргелешкен коргонуу келишиминин ийгилиги анын согушка тез аралашуу жөндөмү менен эмес, тескерисинче, уруштун алдын алуу дарамети менен бааланат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG