Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Жакынкы Чыгыш: Хусилер стратегиялык кысыкты ээлеп алды

Хуси козголоңчуларына лоялдуу согушкерлер. Санаа шаары, 10-сентябрь 2026-жыл
Хуси козголоңчуларына лоялдуу согушкерлер. Санаа шаары, 10-сентябрь 2026-жыл

Йемендеги хуси козголоңчулардын Сауд Арабияга сокку уруп, Баб-эл-Мандеб кысыгын өз көзөмөлүнө алганы глобалдык алкакта олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ормуз кысыгындагы кыймыл дээрлик токтоп калгандан бери Сауд Арабия экспортунун 75% ошол маршрутка салган болчу.

Ал арада Вашингтон Тегерандын таламын талашкан согушкер топ АКШнын кемелерине сокку урбоого макул болгонун билдирди.

Хусилер менен Йемендин өкмөттүк күчтөрүнүн соңку кагылышуусунан улам бир нече жумада эле 125 миңден көп киши үй-жайын таштап качууга, какыраган ээн талаада чатырларда күн көрүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Армен Едгарян "Рейтер" агенттигине билдирди:

"Кармаштар күч алганы өтө көп сандагы киши жер которду. Алардын көбү аялдар менен балдар, кары-картаңдар, медициналык жардамга, башкалкалоочу жайларга, тамак-ашка, таза сууга муктаж болгон аянычтуу абалга кептелген адамдар. Эл болгон оокатын, кийим-кечесин таштап, жанын сактоого качкан".

Жер которгондор коопсуз чөлкөмдөргө жетүү үчүн өтө кооптуу Баб эл-Мандаб кысыгынан өткөн жолдорду басууга аргасыз. Бир тобу кошуна Сомалиге агылып жатат.

БУУнун өкүлү гуманитардык абал начарлаганын, жолдор, байланыш, инфраструктура талкаланганын кошумчалайт.

Йемен: Хуси козголоңчулар Баб-эл-Мандеб кысыгын басып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

Үстүбүздөгү айдын башында хуси козголоңчулары Йемендин Кызыл деңиздин жээгиндеги дагы бир нече жерин басып алган. Муну менен Тегерандын таламын талашкан топ дүйнөлүк соода үчүн маанилүү болгон, мунайдын 6% ташылган Баб-эл-Мандеб кысыгынын үстүнөн өз көзөмөлүн орнотту.

Йемендин эл аралык коомчулук тааныган, Сауд Арабия колдогон өкмөтүнө каршы чабуулга гана өтпөстөн жоочулар падышалыктын башкалаасына, энергетикалык жайларына ракета, дрондор менен соккуларды күчөткөн. Ансыз да мындан эки жума мурун Эр-Рияд Ирактан учурулган дрондор стратегиялык Чыгыш-Батыш мунай куурунун насосторуна тийгенин айтып, анын иши токтотулган.

Хусилер өз чабуулдарын Саудиянын Йемендин башкалаасы Санаа шаарын бутага алганы үчүн "жооп чара" деп аташууда.

Жакынкы Чыгыштагы абал курчуган маалда АКШнын президенти Дональд Трамп дем алышта Кемп-Дэвиддеги резиденциясынан Вашингтонго шашылыш кайтып барды.

Fox News телеканалынын кабарчысы айткандай, президент Трамп хуси козголоңчулары АКШнын кемелерине сокку урбоого макул болгонун билдирди.

Анын алдынкы күнү Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкара үч тараптуу макулдашуунун алкагында Эр-Риядга аскердик жардам берүүгө даяр экенин айтты:

"Сауд Арабияга каршы жок жерден коюлган чагымчыл чабуулдарга күбө болуп келатабыз. Бул кырдаалдын Иран менен АКШ ортосундагы уланып келаткан жаңжалдын бир бөлүгүнө айланышына каршыбыз".

Августтун башында Сауд Арабия, Пакистан жана Түркиянын лидерлери чогуу коргонуу тууралуу келишимге кол койгон.

Хусилер менен Сауд Арабиянны ортосундагы жаңжалдын куручушу ансыз да олку-солку болуп жаткан кара майдын дүйнөлүк рыноктогу баасынын кескин көтөрүлүшүнө түрткү болду. Ишембиде мунайдын бир баррели 110 долларга жеткен. Апта башында баалар төмөндөгөнү менен Goldman Sachs инвестициялык банкынын божомолуна караганда, Иран жана Йемендеги кармаштар улана берсе, мунайдын бир баррели 120 долларга жетиши ажеп эмес.

Нью-Йорктогу Eurasia Group уюмунун аналитиги Грегори Брюнун айтымында, кош жаңжалдан улам мунайдын эл аралык рыногу жана мунай ташуу тармагы чоң басым-кысымга туш болууда.

Йеменди тооруган коркунуч

Өткөн аптада хусилер өлкөнүн эл аралык коомчулук тааныган бийлигине чагылгандай тез сокку ургандан кийин Моха шаарындагы портту жана Кызыл деңиздеги аралдарды кайтарып алган. Кагылышууларда ондогон киши каза тапкан.

Эр-Рияд ошондо Кошмо Штаттарга кайрылганы менен Трамп болжолу аны жоопсуз калтырган. Өткөн жылы америкалык аскерлер бир нече ай согушкерлердин жайларын бомбалагандан соң хусилер Вашингтон менен ок атышпоо тууралуу макулдашкан.

15-сентябрда АКШнын расмий өкүлдөрү Оманда козголоңчулардын лидерлери менен жолуккан.

“АКШнын көз карашынан алганда так логиканы байкаса болот. Перс булуңундагы согуштун шартында жана Конгресске шайлоого эки айдан аз убакыт калганда президент Трамп Йемендеги дагы бир жаңжалдын сазына баткысы келбейт”, - деген ою менен Оттавадагы университеттин профессору, Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Тома Жүно бөлүштү.

Адис былтыр америкалык соккулардан хусилер чоң зыян тартканын да эске салат.

Сауд Арабия кабылган “коркунучтуу сценарийлер”

Йемендеги окуялар Сауд Арабияга чоң сокку болуп калды. 2015-жылы хусилер Йемендин түндүк-батыш бөлүгүн, анын ичинде башкалаасын басып алганына бир жыл болгондо падышалык өлкөнүн мыйзамдуу бийлигине колдоо көрсөтүү иретинде кыйратуучу аскердик операция баштаган.

Эр-Рияддын тарапташтары утулуп кагандан кийин хусилер жана Ирандын аймактагы калган прокси-уюмдары Сауд Арабияга чабуулдарын көбөйтүп келатат.

Өлкөнүн маанилүү мунай куурунун соккудан жабыркашы мунайдын экспортун чектеди. Ормуз кысыгындагы кыймыл дээрлик токтоп калгандан бери Сауд Арабия экспортунун 75% Баб-эл-Мандебден өткөн маршрутка салган болчу.

“Сауд Арабия кооптуу сценарийлерге туш болушу мүмкүн: Ормуз кысыгы дээрлдик толук жабылган, Баб-эл-Мандеб жарым-жартылай бөгөттөлгөн, Чыгыш-Батыш кууру ири зыянга учурады”, - деп кошумчалайт Жүно.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG