Эр-Рияддагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко ишемби жана жекшемби күндөрү эки жолу сокку урулду. Биринчи чабуулда 13 киши каза таап, 309у жараат алганы расмий кабарланган. Экинчи соккунун кесепетинен кеминде бир адам каза болуп, дагы 11 адам жаракат алганын Саудиянын Жарандык авиация башкармалыгы билдирди.
"Жарандык авиациянын башкы башкармалыгынын (GACA) маалыматына ылайык, соккудан Пакистандын жараны каза болуп, дагы 11 адам жаракат алды", - деп айтылат мекеменин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Сауд Арабиясынын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жекшемби күнкү соккудан кийин аэропорттун терминалдарынын биринде өрт чыкканын билдирди.
Бул окуя андан бир күн мурда болгон соккудан кийин болду. Ал соккудан 13 адам каза болуп, 300дөн ашуун киши жаракат алган. Өткөн аптада да аэропорт бир нече жолу бутага алынган.
Йемендеги Иран колдогон хусилер соккулар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алып, авиакомпанияларды жана жүргүнчүлөрдү Сауд Арабиясынын аэропортторун жана аба мейкиндигин колдонбоого чакырышты.
Куралдуу топтун өкүлдөрү аэропортко баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урулганын билдиришти.
Хусилердин өкүлү Яхья Саринин айтымында, топ жекшемби күнү Сауд Арабиясынын мунай объектилерине жана падышалыктын чыгышындагы Даммам аэропортуна да сокку урган.
Ал Сауд Арабиясынын аймагындагы операциялар мындан ары да күчөтүлөрүн айтып, Мекке жана Медина шаарларындагы аэропорттордон башка өлкөдөгү бардык аба майдандар бутага алынарын эскертти.
Хусилер Сауд Арабиясы Йемендеги жарандык согушта өкмөттүк күчтөрдү колдоп келатканына жана Сана аэропортуна сокку урганына жооп кайтарып жатканын айтып келет.
Эр-Рияд менен хуси козголоңчуларынын ортосунда 2022-жылы жетишилген ок атышууну токтотуу келишими 2026-жылдын жайында бузулган.
ТИМ кыргызстандыктарды Саудияга барбай турууга чакырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) колдо бар маалыматтарга боюнча Эр-Рияд шаарындагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.
ТИМ 12-октябрда тараткан маалыматында аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн жарандарына коопсуздук чакараларын сактоого үндөдү. Ошондой эле кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан карманууга чакырды.
Аталган мекеме авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону, жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштады.
Кошумча маалымат же консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Кыргызстандын Сауд Арабия падышалыгындагы элчилигине +966 58 376 9945 жана +966 11 229 32 72 телефондору аркылуу, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине +996 999 312 002 телефону боюнча кайрылса болот.
АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Рияд аэропортуна соккуну кескин айыптап, АКШнын куралдуу күчтөрү Иран колдогон хуси согушкерлерине каршы күрөштө Сауд Арабиясына кошулушу мүмкүн экенин билдирди.
Шерине